7-июлда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Малайзиянын королуна Кыргыз Республикасынын ишеним грамотасын расмий тапшырды.
Азимбек Бекназаров королго ишеним баракты малай тилинде сүйлөп тапшырган. Малайзиянын королу, баарлашуу бөлмөсүндө дагы бир жолу ыраазычылык менен белгилеп, 7 жыл мурда Кыргызстанда болгонун, Хаят мейманканасында 5-6 күн жашаганын, жылкынын эти (учасы ) аябай жакканын кошумчалады. Элчи Азимбек Бекназаров өз кезегинде королго, Кыргызстанга дагы бир жолу эми король катары расмий иш сапар менен келип кетүүнү өтүндү.
Ошондой эле, Малайзиянын королевасы Азимбек Бекназаровдун жубайынын улуттук кийимине кызыгып, кыргыздын боз үйүнө суктанарын билдирди. Ишеним грамотасын тапшыруу аземине Малайзиянын тышкы иштер министри жана башка расмий адамдар катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ