Menu

Алмазбек Атамбаевге дагы бир кылмыш иши козголушу мүмкүн

Бөлүшүү:

Акын Темирлан Ормуковдун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата арызы Аскер прокуратурасы тарабынан каралат. Бул тууралуу акын Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал Жаныш Бакиевди экстрадициялоо фактысы боюнча мурдагы президентке каршы дагы бир кылмыш ишин козгоону талап кылат. Анын айтымы боюнча, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти тергөө учурунда маанилүү учурлар эске алынбай калган.

“Тергөөнүн жүрүшүндө, Алмазбек Атамбаев экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановго Жаныш Бакиевди “уурдап келүүнү”, анын ордуна кримтөбөл Азиз Батукаевди өткөрүп берүүнү уюштурууну тапшыргандыгы аныкталды. Кылмыш ишинин материалдарынан жана Шамил Атаханов менен Алмазбек Атамбаевдин беттештирүүсүнөн көрүнүп тургандай, кыргыз тарап кылмышкер Азиз Батукаевди “кызыл килем” менен бошотууга убада берген, өз кезегинде чечен тарап Жаныш Бакиевди уурдап, аны Кыргызстанга алып келүүгө убада берген. Атамбаевдин мындай аракеттеринде кылмыштын курамы бар, ал кылдат иликтөөгө алынышы керек” – деп жазган Темирлан Ормуков.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=2607834969468463&id=100007259565515

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: