Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Түркмөнстанда пневмония менен ооругандар көбөйүп жаткандыгы тууралуу билдирүүлөргө кабатыр болууда.
Бул тууралуу уюмдун өлкөдө 10 күн сапарда болгон миссиясынын башчысы Кэтрин Смолвуд Ашхабадда өткөн басма сөз жыйынында билдирди.
«Түркмөн бийлигин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүүгө, тестирлөө системаларынын ишин активдештирүүгө, ошондой эле башка өлкөлөр сыяктуу алынган тесттерди ДССУнун референс-лабораторияларына жөнөтүүгө чакырабыз», — деди Смолвуд.
Мындан тышкары ал калктын саламаттыгын сактоо үчүн түркмөн өкмөтүнө «өлкөдө COVID-19 жайылып жаткандагыдай чараларды көрүүнү» сунуштады.
Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуктургандар жок экенин билдирип келет. Бирок «Азатлык» радиосу буга чейин жергиликтүү ооруканалар пневмониянын белгилери бар бейтаптарга толуп калганын, алардын айрымдары, анын ичинде медицина кызматкерлери көз жумганын жазган. Мындан тышкары айрым аймактарда карантин зоналары түзүлүп, бир катар өндүрүш объектилери иштебей турганы кабарланган.
Апта башында өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагы аткаминерлери «чаңдын өпкөгө киришине жол бербөө үчүн» жарандарды медициналык беткап тагынууга чакырышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ