Хуросон районунун он тургуну уруксат берилбеген митингге чыкканы үчүн 5 суткадан 10 суткага чейин административдик камакка алынды.
Бул тууралуу Хатлон облусунун прокурору Абдурахим Рахимзода билдирди.
17-майда Хатлон облусуна караштуу Хуросон районунун ондогон жашоочулары нааразылык акциясын уюштуруп, Бохтар-Душанбе трассасын жабышкан. Алар мындай жол менен бийлик өкүлдөрүнүн көңүлүн катуу селдин кесепеттери менен байланыштуу маселелерге бурууга аракет жасашкан. Акцияга чыккандарды милиция кызматкерлери кууп таркатышкан.
Бул арада митингге чыкканы үчүн кылмыш иши козголгон дагы алты кишинин тагдыры белисиз. “Озоди” радиосу айыпталуучулардын төртөө камалганын, экөө эч жакка чыкпоо жөнүндөгү тилкаттын негизинде бошотулганын билдирген.
14-май күнү кечинде Хуросон районундагы селден эки киши каза болуп, ондогон турак-үй зыянга учураган. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси 10 үй толугу менен жарабай калганын айткан. Бирок жергиликтүү тургундар келтирилген чыгым кыйла көп экенин маалымдашкан.
Нааразылык акциясынан кийин бийлик селден зыян тарткандар үчүн 60тан ашуун үй кура баштаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ