Бүгүн, 27-июлда Чолпон-Атадагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бѳлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев көз жумду. Бул тууралуу Кыргыз медициналык ассоциациясы билдирди.
Ал пневмониядан көз жумган. Анын абалы начар болгондуктан, аны Бишкекке дарылоо үчүн жеткиришкен. Бирок бүгүн эртең менен каза болду.
Сарбагыш Иманалиев 1987-жылы негизделгенден бери Чолпон-Атадагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүн жетектеген. Ал медициналык чөйрөлөрдө таанылган.
Белгилей кетсек, буга чейин аймактык оорукананын дарыгерлери адистердин жетишсиздигине нааразы болушкан. Учурдагы кырдаалда ооруканага 5-6 реаниматолог керек болчу, бирок алардын үчөө гана калган. Эки реаниматолог (алардын бири Иманалиев) ооруп калышкан жана бир гана адис ооруканада жалгыз калган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ