Menu

Нарында 37 миллион сомго үч кабаттуу медициналык борбор курулат

Бөлүшүү:

Нарын шаарында жеңилдетилген насыянын эсебинен үч кабаттуу медициналык борбор курулат. Бул тууралуу кечээ, 4-августта Республикалык штабдан билдиришти.

Медициналык борбор диагностикалык лабораториялар жана керектүү шаймандар менен жабдылат. Дарыгерлердин кабинеттеринен тышкары бейтаптарды дарылоочу 24 орундуу заманбап медициналык жай болот.

Учурда Нарын облустук бириккен ооруканасынын жанынан жер участогу сатылып алынды жана курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

Курулуштун жалпы сметалык баасы 37 млн ​​сомду түзөт, анын ичинен 17,5 млн сому мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыя катары 2019-жылдын декабрь айында каржыланган.

Медициналык борбордун курулушу – Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата Нарын облусунда 72 миллион сомго каржылана турган 20 долбоордун бири.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: