Ысык-Көл облусунда белгисиз аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 102 кызматына Каракол шаарынын Султанов көчөсүнүн боюндагы Ак-Кыя каналынын жээгинен аялдын сөөгү табылгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге 4 куткаруучу келип, каза болгон аялдын сөөгүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Кийинчерээк журналисттерге Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 4-августта Ак-Суу районунун Таш-Кыя айылында аялдын сөөгү табылган деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тобу келип, 25-30 жаштар чамасындагы азиялык улуттагы аялдын сөөгүн табышкан.
Бул факт Ак-Суу районунун ички иштер башкармалыгынын электрондук журналында катталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Бул факты боюнча эксперттик корутунду чыгарылгандан кийин, тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлөт. Учурда аялдын өздүгүн аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ