Бүгүн, 17-августка карата өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясынан 1 адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, каза болгон тургун Баткен облусунан болот.
Муну менен өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 1496.
Бүгүн Республикада коронавирус жана пневмония илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 41 миң 991. Ал эми өткөн суткада 261 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Жалпы бүгүнкү күндө 34 миң 567 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ