Menu

Өзбекстан августтун аягында чейин эл аралык каттамдарды токтотту

Бөлүшүү:

Uzbekistan Airways авиакомпаниясы 16-31-август аралыгында мурда пландалган эл аралык каттамдар менен жергиликтүү каттамдардын бир бөлүгүн токтотту.

Авиакомпаниянын маалымат кызматы билдиргендей, чартердик каттамдар мурда жарыяланган график боюнча иш алып барат.

Маалыматта бул эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу аргасыздан көрүлүп жаткан чара экени айтылат.

Билеттин акчасын кайтарып алуу же 1-сентярдан кийинки мөөнөткө жылдыруу тартиби компаниянын сайтында көрсөтүлгөн.

Uzbekistan Airways компаниясы 16-августтан тартып Ташкент, Нукус, Термез жана Ургенчке аба каттамдарын жандандырган.

Бул арада жакын арада АКШ, Түштүк Корея, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана Беларустан өзбекстандык жарандар чартердик каттамдар менен келери белгилүү болду.

Өзбекстандын Транспорт министрлигинин билдиришинче, 15-30-август аралыгында 23 чартердик каттам жүзөгө ашырылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: