Россиялык алып баруучу жана шоумен Артур Цветков Москвадагы соттордун бирине Ассоль Молдокматовага каршы доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу шоумен Instagram социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.
Алып баруучу өзүнүн видеокайрылуусунда Кыргызстандын жараны менен болгон жаңжал бир ай мурун болгонун жана ал тынчтык жолу менен чечилгенин белгиледи.
“Бирок, тынчтык жолу менен чечүү баарына жаккан жок, тактап айтканда, жаңжалга башкача өнүгүү берүүнү чечкен коомдук ишмер Ассолго. Кырдаалды андан ары күчөтпөө үчүн биз Москвадагы адвокаттар тобу менен биргеликте Москва сотторунун бирине доо арыз менен кайрылдык. Биз укуктук талаада чыр-чатактын чечилишине үмүттөнөбүз” – деди Цветков.
Эске салсак, буга чейин Артур Цветков Ассоль Молдокматовадан моралдык зыян үчүн 1 миллион доллар компенсация өндүрүп алууну көздөп жаткандыгын билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ