Menu

Фото – Милиция: Москва районунун тургундарынан баңгизат табылды

Бөлүшүү:

Чүй облусунун Москва районунун бир нече жашоочуларынан баңгизат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Күн мурун Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын жана Москва РИИБнин кызматкерлери бир нече даректер боюнча издөө жүргүзгөн. Ыкчам иликтөө кызматкерлери баңгизат, “бульбулятор” (баңгизат чегүүчү аспап), патрон, уюлдук телефондор, маскалар жана башка буюмдарды табышкан.

Бардык фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, алынган баңгизаттарга экспертиза дайындалды. Калган буюмдардын уурдалганы же уурдалбаганы да текшерилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: