Чүй облусунун Кемин районунда өзүлөрүнүн ким экендигин атагысы келбеген тургундар муктаж болгон мектеп окуучулары үчүн 92 телефон жана 12 телевизор сатып беришкен. Бул тууралуу кечээ, 20-сентябрда жергиликтүү тургундар журналисттерге билдиришти.
Райондук билим берүү бөлүмүнөн маалымдагандай, райондун 10 мектебинин окуучуларына сатылып алынган телефондор таркатылган.
“Дистанттык окуу учурунда, телефон жана телевизор өтө керек экендигин өзүңүздөр билесиздер, ошондуктан алынган жардам муктаж болгондорго таратылып берилди”, – деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ