Бүгүн, 24-сентябрда, “Манас-аэропорт” өткөрүү пунктунун чек арачылары чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, Стамбул-Бишкек каттамы менен келген Кыргызстандын 1994-жылы туулган жараны паспорттук көзөмөлдөн өтүп жатканда паспортун көрсөткөн, анда чек ара кызматкерлери маалыматтардын дал келбестигин аныкташкан.
Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалган адам кошумча иликтөө иштери үчүн УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ