Menu

“Республика” партиясы Кадамжайда акча таратылган окуяга тиешеси жок экенин билдирди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-сентябрда “Республика” саясий партиясы Кадамжай районунда элге акча таратуу боюнча окуяга комментарий берип, ага эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.

Алардын айтымы боюнча, видеотасмада акча таратып жаткан Мойдун Калыков штабдын башчысы да, агитатор да эмес.  шайлоо алдындагы штаб аны менен эмгек, келишимдик жана каржылык мамилелерди түзбөйт. Шайлоо алдындагы штабдын ал киши менен эч кандай мамилеси жок.

“Штаб Калыков депутаттыкка талапкерлердин биринин досу экендигин аныктады. Досунун Кадамжайдагы жолугушууга чакыруусуна жооп кылып ал өз демилгеси менен айылдаштарына барып-келүү үчүн транспорт уюштурган” – деп айтылат маалыматта.

Штаб БШКга жана бийликке бул окуяны ачык-айкын жана кылдат иликтөөгө жардам берүүгө даяр экендигин белгилеп, оппоненттерин партиянын добуштарды сатып алууга жана шайлоочуларды коркутууга каршы ачык күрөшүн жаманатты кылбоого үндөдү.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда “Республика” партиясынын Кадамжай району боюнча штабынын башчысымын деген киш белгисиз аялдарга акча берип жаткан видеотасма тараган. Окуянын бардыгын видеого тарткан милиция кызматкеринин “эмне үчүн акча берип жатасыз?” деген суроого “Республиканын” Кадамжай району боюнча штабынын башчысы жол киреге 400-500 сомдон берип жатам деген.

Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Добуштарды сатып алуу” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Андан кийн “Республика” партиясынын Кадамжай району боюнча штабынын башчысы суракка чакырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: