Соль-Илецк шаарынан келген жарандар үйлөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 26-27-сентябрь күндөрү Соль-Илецк шаарынан Кыргызстандык жарандар мекенине кайтып келишкен. 26-сентябрь күнү 1840, 27-сентябрь күнү 1575 чет өлкөлүк мекендештер келген. Жеринде ишти уюштурууга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Чек ара кызматынын жана Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери тартылган. Келген жарандардын саламаттыгы текшерилип, үйлөрүнө кетүүгө уруксат берилген.
26-сентябрь күнү келген жарандар аталган аймактарга жөнөтүлгөн:
– Ош шаарына 124;
– Ош облусуна 423;
– Бишкек шаарына 176;
– Чүй облусуна 203;
– Нарын облусуна 47;
– Ысык-Көл облусуна 115;
– Талас облусуна 73;
– Жалал-Абад облусуна 472;
– Баткен облусуна 207.
Ал эми, 27-сентябрь күнү келген жарандар аталган аймактарга жөнөтүлгөн:
– Ош шаарына 55 жаран;
– Бишкек шаарына 106;
– Ош облусуна 343;
– Жалал-Абад облусуна 487;
– Нарын облусуна 41;
– Баткен облусуна 163;
– Ысык-Көл облусуна 140;
– Чүй облусуна 162;
– Талас облусуна 78.
Келген мекендештер Бишкек шаардык мэриясы тарабынан бөлүнгөн автобустар менен өлкөнүн аймактарына жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ