Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Ыкчам көмөк көрсөтүү борборунун иши өркүндөтүлүшү керек

Бөлүшүү:

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Ыкчам көмөк көрсөтүү борборунун мындан аркы иши талкууланды. Бул тууралу бүгүн, 30-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Ыкчам көмөк көрсөтүү борборунун иши өркүндөтүлүшү керек. Сөз бардык медициналык мекемелер менен өз-ара аракеттешүү механизмин жөнгө салуу зарылдыгы тууралуу жүрүүдө. Эгерде тез жардам көрсөтүүчү врач бейтапты ооруканага жаткыруну чечсе, диспетчер он-лайн койко-орундардын эсеп тутумуна ылайык, аны кайда жайгаштырууну билүүсү керек. Медициналык мекемелердин жетекчилери медициналык тез жардам дарыгерлеринин талаптарын токтоосуз аткаруусу тийиш. Бардык ооруканалардын, медициналык борборлордун, клиникалардын жетекчилерин чогултуп, бул алгоритмди иштеп чыгууну тапшырам. Оорулуу менен шаар аралап жана ооруканаларды кыдырып, бейтапты кабыл алуусун өтүнүп жүрүүсүнө жол берилбеши керек. Силер бирдиктүү механизм катары иш алып баруу менен алдыңыздарда бир гана милдет – бейтаптын өмүрүн сактап калуу маселеси турушу керек. Эскертип кетсем, учурда өлкөгө жаңы тез жардам унаалары аланып келинүүдө, бирок адистердин жетишсиздиги байкалууда. Дарыгер-фельдшерлердин маселеси ыкчам түрдө чечилиши кажет», – деп белгиледи премьер-министри Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы бейтаптарды электрондук эсепке алуунү жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Ар-бир медициналык мекеменин тизими боюнча электрондук маалыматтар базасы үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек. Бул коронавирустук инфекция менен күрөшүү алкагында гана эмес, санариптик программа алыкагында да маанилүү саналат. Мындай тутум реалдуу убакыт режиминде тигил, же бул медициналык мекемелерде бош койко-орундарды көзөмөлдөп турат», – деди премьер-министр.

Ошондой эле Кубатбек Боронов 2020-жылдын октябрь айында пайдаланууга берилчү жаңы ооруканалардын курулушун жыйынтыктоо жана  профили өзгөртүлгөн ооруканаларды ремонттоо боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: