Menu

Эксперттер: Тажикстанда алдыдагы президенттик шайлоого элдин кызыгуусу жок

Бөлүшүү:

Тажикстанда эксперттер 11-октябрга белгиленген президенттик шайлоого жарандардын кызыгуусу жок экенин билдиришүүдө. Бул саясий окуяга ишеним артпагандардын көбү мындай көз карашын чыныгы саясий күрөштүн, атаандаштыктын жоктугу менен түшүндүрүп жатышат.

Добуш берүүгө эки жумадан аз убакыт калганда өлкөнүн мамлекеттик телеканалдарында президенттик шайлоого талапкерлигин койгон азыркы мамлекет башчы жөнүндө берүүлөр көбөйдү. Жаңылыктарда президенттин аймактарга жасаган сапарлары, калк менен жолугушуусу жана балдар үйлөрүнө баргандыгы көрсөтүлүүдө. Ошол эле маалда телеканалдар калган беш талапкердин шайлоочулар менен жолугушуусу тууралуу да кыска маалыматтарды берип жатышат.

Бирок шайлоочулардын көбүндө президентикке талапкерлигин коюп жаткан адамдар, алардын программалары жана убадалары жөнүндө маалымат аз.

«Шайлоо жөнүндө телеканалдардан көрдүм. Бирок талапкерлер, алардын программалары тууралуу маалыматым деле жок. Эгер шайлоого Эмомали Рахмон катышып жатса, анда кимдин жеңишке жете турганы белгилүү. Улут лидери деп аталган кишинин шайлоодон жеңилип калышына ишенүү кыйын. Калган талапкерлердин шайлоого таасир деле жок болуш керек», — деди Комрон аттуу биринчи курстун студенти.

Көз карандысыз эксперт Абдумалик Кодировдун пикиринде, бийлик бул шайлоо менен бардык процесстер мыйзамга ылайык, жүрүп жатканын көрсөткүсү келүүдө. «Телеканалдарда көрсөтүп жаткан нерселер менен чыныгы жашоодо айырма чоң. Жарандардын көбү бул шайлоодон эч нерсе күткөн жок, ар кимиси өз иши менен алек. Талапкерлердин баары бир нече жыл мурда эле белгилүү болчу. Алар кайрадан шайлоодо атаандаштык бар экенин көрсөтүүгө аракет кылышат», — деди ал.

Президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр борборунун эксперти Махди Собир да шайлоо өнөктүгү коомчулук үчүн кызыгуу жаратпай жатканын белгиледи. «Азыр 90-жылдардагыдай атаандаштык жок. Жарандык согуш, андан кийинки кыйынчылыктардан, оор турмуштан улам адамдарда мындай саясий окуяларга терс мамиле жаралды. Алар өз жашоосу менен алек болуп, күнүмдүк нан таап жегенге аракет кылып калышты. Чыныгы атаандаштык болгондо гана эл шайлоого кызыга баштайт. Бийлик алмашкыс болсо жарандардан саясий активдүүлүктү күтүүгө болбойт», — деди Собир.

Ал ортодо өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бардык шайлоо тилкелери даяр экенин, шайлоочулардын тизмелери такталганын билдирди.

Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: