Menu

Казакстанда «Кавасаки синдромуна» окшош оорудан эки бала чарчап калды

Бөлүшүү:

Казакстанда «Кавасаки синдромуна» окшош оорудан эки жана үч жаштагы эки бала чарчап калды. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун казак кызматы билдирди.

Казакстандын «Педиатрия жана балдар хирургиясы илимий борборунун» башчысы Риза Боранбаеванын айтымында, ата-энелери балдарды ооруканага кечирээк алып келгендиктен, алардын өмүрлөрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Мындан тышкары балдар кошумча кызыл жүгүрүк (красная волчанка) илдети менен да жабыркашкан.

Дарыгерлер «Кавасаки синдромуна» окшогон оору жаңы типтеги коронавирустан айыккан балдарда пайда болуп жатканын билдиришүүдө. Чарчап калган эки бала да бир нече жума мурда COVID-19 менен ооруган.

Боранбаеванын айтымында, Казакстанда «Кавасаки синдромуна» окшогон мультисистемалык ооруга чалдыккандардын саны 41 балага жетти. Алардын баарында тең коронавируска каршы антитела пайда болуп, 37си айыгып чыкты.

– Коронавирус жуктуруп, андан жеңил айыккан балдар «Кавасакиге» окшогон мультисистемалык ооруга чалдыгып жатышат. Эгер коронавирустан айыккандан кийин эки-алты жуманын ичинде баланын денесинде кызыл тактар пайда болуп, дене табы жогоруласа, дароо дарыгерге кайрылуу керек. Мындай учурда диагноз өз убагында коюлуп, баланын айыгып кетүү ыктымалдыгы жогору болот», — деди ал.

Казакстанда балдар «Кавасакиге» окшогон мультисистемалык ооруга кабылган алгачкы учур 4-августта катталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: