Menu

Бүгүн УКТнын мүчөсү“Баха Базар-Коргонскийдин” баш коргоо чарасы каралат

Бөлүшүү:

2020-жылдын 1-октябрь күнү Жалал-Абад ОИИБдин КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсү жана КРнын ИИМдин “Шумкар” АБПнын кызматкерлери тарабынан Базар-Коргон районунун тургуну, мурда Россия Федерациясынын аймагында жана  КРнын КЖКнын 167-бер. (Тоноо) менен соттолгон, крим-чөйрөдө “Баха  Базар-Коргонский” деп таанылган, КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган 1981-ж.т. А.Б. кармалган. Бул тууралу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Ага карата Базар-Коргон районунун 1960-ж.т. тургуну А.Ш. милицияга арыз жазып 110 000 (бир жүз он миң) сом акчасын алдап алып, убада кылган иштерин бүтүрбөй же акчасын кайтарып бербей алдап качып жүргөндүгүн билдирген.

Аталган факты Жалал-Абад ОИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Бүгүн 3-октябрда алдамчылыкка шектелген А.Б. баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: