КР Билим берүү жана илим министрлиги КР билим берүү кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу төмөнкүнү маалымдайт.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-октябрындагы Токтомуна ылайык, 5-октябрь жыл сайын КР билим берүү кызматкерлеринин күнү катары белгиленген.
Документте аталган дата өсүп келе жаткан муунду окутууда жана тарбиялоодо билим берүү кызматкерлеринин маанилүү ролун таанып, салттын уланмалуулугун камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин эл аралык укуктук ченемдерге ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилгендиги айтылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ