Menu

УКМК: Өзбекстан чек арада кармалган Тилек Матраимовду кыргыз тарапка өткөрүп берди, ал абакка алынды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-октябрда өзбек чек арачылары мамлекеттик чек араны бузгандарды – 1967-жылы туулган Матраимов Тилекти, 1989-жылы туулган Кочкорбаев Зиябиддинбекти жана 1979-жылы туулган Ахмедов Махсудду кыргыз тарапка өткөрүп беришти.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул адамдар 2020-жылы 6-октябрда Өзбекстандын чек ара кызматы тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп жатканда кармалган.

9-октябрда УКМКнын тергөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин алкагында мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: