Бүгүн, 9-октябрда эртең мененки саат 10:00до Өкмөт үйүнүн жанына дагы эл чогулуп жатат. Алар “Садыр, Садыр” деп кыйкырып жатышат.
Катышуучулар аянтты унаалар менен курчоого алышты. Ошондой эле, бул жерде элдик кошуундар менен биргеликте Садыр Жапаровду колдогон тарапташтары дагы бар.
Эскерте кетсек, кечээ, 8-октябрда кечинде саат 19:00 чамасында Өкмөт үйүнүн жанына 800гө жакын адам чогулган. Аларга Садыр Жапаров чыгып, тынчтыкта тарап кетүүсүн суранган. Ошондой эле ал, журналисттер тараптан каралоолор жүрүп жаткандыгын билдирген. Андан тышкары Раим-миллиондун кармалат экенин жар салган. Ошондой эле, Өмүрбек Бабановдун адамдары Таласта адамдарды чогултуп, акча таратып жатканын билдирген. Бул тууралуу факты бар экенин айткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ