КР Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 5-бөлүгү менен Кубатбек Боронов КР Премьер-министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Буга Кубатбек Бороновдун берген арызы негиз болгон.
Жарлык кол койгондон тартып күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ