Алар буга чейин өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүп жатышкан. Ала-Тоо аянтына келип, башка митингчилерди сүрүп чыгарууга аракет жасап жатышат. Аянтта башаламандык болуп, эки тарап бири-бирине таш, бөтөлкө ыргытып жатат.
Митингге катышып жаткан Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Атамбаев, Темир Сариев, Сапар Исаков, Руслан Казакбаев ж.б. саясатчылар күзөтчүлөрүнүн коштоосунда ал жактан чыгып кетүүгө үлгүрүштү.
Бүгүн Бишкекте ар кандай саясий күчтөрдүн митингдери өтүп жатат. Эски аянтта Садыр Жапаровдун тарапкерлери митинг өткөрүп жатышат, министрлер кабинетинин башчылыгына көрсөтүлүп жаткан Өмүрбек Бабанов жана экс-президент Алмазбек Атамбаев, алардын тарапташтары Ала-Тоо аянтына “Форумдун” имаратынан бери жөө келишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ