Menu

Үйлөнүү үлпөтүндөгү жаш колуктунун реакциясы тойдо атасын өлүмдөн сактап калды

Бөлүшүү:

Англиянын Честер шаарынын тургуну тойдо атасын өлүмдөн сактап калды. Бул тууралуу The Sun гезити жазып чыкты.

37 жаштагы колукту Ким Лири 65 жаштагы атасы Джон Дуглас той учурунда ооруп жыгылгандыгын айтты: ал бийлеп, капыстан жерге кулап түштү. Лири жана анын сүйүктүүсү Иен атасын ооруканага алып барып, түнү бою жандандыруу бөлүмүндө үйлөнүү-үлпөт кийимин чечкенге убакыт болбой атасын карашкан.

«Дарыгерлер анын аман-эсен чыкканына бактылуу экендигин айтышты. Анын өлбөгөнүнө аябай сүйүнөм, дейт Лири. “Болбосо, менин жашоомдогу эң жакшы күн эң жаман күнгө айланмак”.

Акыркы бир нече жылдан бери Дуглас жүрөгү ооруп келгендиктен, үйлөнүү үлпөт тойдо кадимкидей эле дары ичип жүргөн. Салтанатта ал шарап ичип, кан басымы төмөндөгөн. Дарыгерлер алгач кулап түшүүнүн себеби айыкпас кардиомиопатия деп чечишкен. Бирок, кийинки анализдер бейтаптын коронардык жетишсиздиктен жапа чегип, жашоо образын өзгөртүү менен дарылана тургандыгын көрсөттү.

“Мурунку диагнозун эске алып, ага беш жылга жакын өмүр калды деп ойлогонбуз” деди Лири. “Бирок азыр демибизди чыгарып, тынчып калдык”.  Дуглас беш күндөн кийин ооруканадан чыгарылган. Анын учурдагы абалы айтылган эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: