Menu

Окумуштуулар коронавирустун жаңы симптомун аныкташты

Бөлүшүү:

Коронавирусту жуктуруп алган бейтаптардын кулагы тунуп, андан кийин угуу жөндөмүн жоготушу мүмкүн. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар Лондондогу университеттик колледждин жана падышалык улуттук комитеттин окумуштууларына шилтеме берип жазып чыкты.

Алар мындай белгилер COVID-19 жана сасык тумоо менен ооругандарда байкалгандыгын билдиришти. Окумуштуулардын айтымында, бул маселени териштирүү керек, анткени угуу көйгөйлөрүн тезинен аныктоо керек.

Белгиленгендей, коронавируска чалдыккан бир нече бейтаптын кулагы тунуп, зыңылдаган үн угулуп жатканын айтып ооруканага кайрылышкан. Ошондой эле коронавирустун оор түрү менен ооругандардын жакшы укпай калгандар да болгон.

Ошондой эле, алар коронавирус жуктургандан кийин угуу жөндөмүн жоготуу учурлары башка өлкөлөрдө катталганын, бирок алар аз болгонун билдиришти. Дарыгерлер мындай белгилерди алгач апрель айында айтып чыгышкан.

Ошол эле учурда, британиялык илимпоздор кулактын угуу жөндөмүнүн начарлашы коронавирусту жуктуруп алууну билдирбейт жана башка ооруларды коштошу мүмкүн экендигин баса белгилешет. Ошондуктан бул кулактын тунушу коронавирустун башка белгилери менен коштолгон учурда гана тынчсызданууга болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: