Menu

Видео – Аркадий Дубнов, эксперт: “Садыр Жапаров бийликти узурпациялап алды”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын парламенти үч окууда парламент депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүүнүн жол-жобосун жөнгө салган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга толуктоолорду кабыл алды. Ошентип, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров баштаган Кыргызстандын учурдагы бийлиги шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү жана конституциялык реформа аркылуу укуктук талаага кайтууга аракет кылып жатабыз деп ырастоодо.

Москва Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кандай баа берет? Ушул жана башка суроолорго Борбор Азия өлкөлөрү боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубнов “Азаттыкка” жооп берди.

Ал суроого жооп берип жатып Садыр Жапаров бийликти узурпациялап алды деп билдирди.

“Ал сонун адам, берген убадалары мыкты, чоң колдоосу бар, чоң пландары бар деп жатышат. Мындай пландар адатта ишенимсиздиктен улам бузулат. Муну мен эксперт катары айтып жатам” – деди Дубнов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: