Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Кыргызстандан чыгып кетти.
Анын тегерегиндегилерден кабарлашкандай, Мырзакматов Түркияга учуп кетип, ал жерде ишкердик менен алектенет.
Эскерте кетсек, 2020-жылдын 6-октябрынан 7-октябрына караган түнү Түркиядан Мелис Мырзакматов Кыргызстанга учуп келген. Аэропорттон ал дароо борбордук аянтка жөнөдү, аны жактоочулар тосуп алышкан.
Ош шаарында Мырзакматов саясатчылар, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Искендер Матраимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Алар 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Бишкек шаарындагы окуялардан кийин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды жөнгө салууга байланыштуу маселелер боюнча жолугушту.
Ошондой эле, мурдагы мэр президент Сооронбай Жээнбековго телефон чалганын айткан. Мындан тышкары, Мырзакматов анын Кыргызстанга келиши Ош шаарынын мэри кызматына кирүү ниетине байланыштуу эмес экендигин билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ