Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун бир тууганы, депутат Искендер Матраимов иниси Тилек кайрадан Кара-Суунун акими болуп иштеп жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Урматтуу достор, социалдык баракчаларда Тилекбек Матраимов боюнча айрым фейсбук баракчанын колдонуучулар тарабынан калп маалымат таралууда. Тилекбек Ысмайылович 15 күн мурда эки тараптуу өпкөнүн кагылышы диагнозу менен ооруканага түшкөн. Кара-Суу районунун акимиатына кайтып иштеп жатат деген маалымат жалган. Сиздерден суранат элем, текшерилбеген маалыматка ишенбеңиздер” – деп жазган Искендер Матраимов.
Буга чейин социалдык тармактарда Тилек Матраимов кайрадан Кара-Суунун акими болуп иштеп жатат деген маалымат тараган.
Эсиңиздерге сала кетсек, Тилек Матраимов 2012-жылдан бери Кара-Суу районунун акими болуп эмгектенип келген. Парламенттик шайлоодон кийинки башламандыктан кийин Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп бара жаткан жеринен кармалган. 7-октябрда Кыргызстанга кайтып келген. 9-октябрда Ош шаардык соту анын камакка алынышын мыйзамдуу деп таап, УКМКнын Ош облусундагы убактылуу кармоочу жайына бир айга (2020-жылдын 9-ноябрына чейин) камаган. 15-октябрда ал үй камагына чыгарылганы белгилүү болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ