Menu

Депутат тойканалардын иштешине уруксат берүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Депутат Дастан Жумабеков бүгүн, 5-ноябрда ЖКнын жыйынында ресторандарга жана тойканаларга иштөөгө уруксат берүүнү сунуштады.

“Тойканалар жөнүндө суроолор берилсе, диалогго келиш керек дедиңиз. Мен түшүнбөй калдым, мыйзам иштеш керекпи же диалог иштеш керекпи?” – деп сурады депутат вице-премьер-министрден.

“Мыйзамды киргизгенибиз менен чектөөлөр региондор боюнча бар. Бирок мыйзам иштегени менен айып пулдар чектетпей жатат. 3 миң сом айып пул төлөп коюп ишин уланткан учурлар болуп жатат” – деди Сурабалдиева.

“Анда айып пулду көтөргөнгө аракет көрбөйсүздөрбү?” – деди депутат.

“Эгер тойканалардын кирешелери аз болуп, олчойгон айып пул болсо, анда коррупция маселеси көтөрүлөт деп ойлойм” – деп жооп берди вице-премьер.

“Андай болсо, тойканаларга иштөөгө уруксат бербейсиздерби?” – деди Жумабеков.

Сурабалдиева бул маселе каралып жатканын билдирдию

Дастан Жумабеков өкмөт бирдиктүү чечимге келиши керектигин билдирди. “Толук кандуу иштөөгө уруксат берип, алардан салык чогултуу керек, же коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында толугу менен тыюу салышы керек” – деди ал.

Вице-премьер-министр соода борборлору, базарлар иштеп жататканын, ал эми тойкана, ресторандардын ишине чектөө коюлуп жатканын билдирди.

“Эл арасында ар кандай сөздөр бар: эмнеге айрымдарына тыюу салынат, кээ бирлерине уруксат берилет деген. Биз иштеп жатабыз, маселелер каралып жатат” – деди ал.

Жумабеков документтерди кайрадан карап чыгып, тойканалардын иштешине уруксат берүү керек деди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: