Menu

Бишкекте Ак үйдүн айланасындагы тосмону бузуу иштери башталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-ноябрда Бишкекте Жогорку Кеңеш жана президенттин аппараты жайгашкан Ак үйдүн айланасындагы тосмону бузуу иштери башталды.

«Садыр Жапаров спикерге сунуштады. Спикер Талант Мамытов мага ушул тосмону алып сал деп кат жазган. Жер мэрияга, имарат Жогорку Кеңешке таандык болгондуктан, тосмону бузуп жатабыз. Менин билишимче, мындан ары президент бул жерде отурбайт, парламент гана отурат. Бузулган соң жашылдандыруу долбоору башталат», – деди мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев.

Бузулгандан кийин тосмо жыйналып, кампада сакталат.

Түлөбаев белгилегендей, тосмону бузуу эртеңкиге чейин созулушу мүмкүн.

Ошондой эле, Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде, апрель окуясында курман болгондордун ысымдары жазылган тактайчалар орнотулган бурч кала берери белгилүү болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: