Menu

Президенттик шайлоого катышкан талапкерге кандай шартта шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет?

Бөлүшүү:

БШК 4-декабрга чейин президенттикке талапкерлер 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төлөшү керектигин эске салды. Эгерде жогорку мамлекеттик кызматка талапкер шайлоодон кийин утулуп калса, бирок беш же андан көп пайызга ээ болсо, акча ага кайтарылып берилет. 

Ошол эле учурда, парламенттик шайлоодо берилген күрөө (шайлоонун жыйынтыгы БШК тарабынан жокко чыгарылган) партияларга кайтарылып бериле элек.

Белгилкей кетсек, президенттик шайлоого катышуу жөнүндө билдирүүлөрдү БШКга 11 талапкер: Адахан Мадумаров, Арстан Алай, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев берген.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: