Menu

Сузакта 15 жаштагы кыз бир тууган агасынан төрөдү. 20 жаштагы агасы 20 жылга эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Сузак райондук соту карындашын зордуктаган 20 жаштагы жигитти 20 жылга эркинен ажыратты. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук соту журналисттерге тастыктады.

Сузак райондук соту 2020-жылдын 17-ноябрындагы чечими менен Нурланды (аты өзгөртүлдү) Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесинин 3-б. 1.2-п. (“Зордуктоо”) боюнча күнөлүү деп таап, алардын ар бири боюнча 10 жылдан эркинен ажыраткан. Жазалардын бардыгын кошкондо ал 20 эркинен ажыратылган.

Бүгүнкү күнгө чейин биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу түшкөн жок.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын июль айында Сузак районунда 15 жаштагы кыз агасынан төрөгөнү маалым болгон. Кыз өзү кош бойлуу экендигин билген эмес. Туугандары аны “аппендицит болду окшойт” деп ооруканага алып келишип, кызды адистер текшергенден кийин гана кош бойлуу экендигин билишкен. Кыздын апасы Россияда иштеп жүргөн.

Былтыр күзүндө ал мас абалында үйүнө кайтып келип, карындашы менен жыныстык катнашка барган. Эртеси ал болгон окуя үчүн кечирим сурады. Жигиттин айтымында, андан кийин ал карындашы менен жакын мамиледе болгон эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: