Бүгүн, 9-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 379 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 120, Ош шаарынан – 8, Чүй облусунан – 98, Ош облусунан – 11, Талас облусунан – 10, Ысык-Көл облусунан – 81, Жалал-Абад облусунан – 29, Баткен облусунан – 15, Нарын облусунан – 7 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 76 391 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 527 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 68 367ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 140, Ош шаарынан – 16, Чүй облусунан – 104, Ош облусунан – 36, Ысык-Көл облусунан – 41, Жалал-Абад облусунан – 86, Баткен облусунан – 72, Нарын облусунан – 11, Талас облусунан – 21.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 3 адам: Бишкек шаарынан – 1, Ош облусунан – 1, талас облусунан -1 каза тапты. Жалпы саны 1306га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ