Бүгүн, Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Алтынбек Сулайманов менен төрага Дастанбек Жумабеков айтыша кетишти. Алар парламентте 2017-, 2018-, 2019-жылдардын бюджетин талкуулоо учурунда тил табыша албай калган.
Депутат үч жылдын бюджетин бир күндө талкуулоо туура эмес экенин билдирип, маселенин баары чаташып кетээрин айтты.
Ага жооп катары төрага аталган маселени кароого добуш менен чечилгендигин, анын үстүнө, ага мыйзам дагы жол бере тургандыгын белгиледи.
Анан Алтынбек Сулайманов Дастанбек Жумабековго: “Үч мыйзамды бир караш керек деген мыйзам барбы? Сиздин макулдугуңуздан улам ушундай болду, мындан ары антип чогуу алдырбай жүрүңүз”- деп нааразы болгон.
Төрага мыйзам жол берерин кайталаганда, Сулайманов ачууланып, “сиз анда өкмөткө адвокат болуп алыңыз, сиздин айыңыздан бардыгыбыз урушуп жатабыз” – деп уруша кетти.
Акырында депутаттар талашып-тартышып отуруп, үч жылдын бюджети боюнча маалыматты чогуу угуп, андан кийин гана талкууламай болушту.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ