Menu

Ооган өкмөтү менен «Талибандын» ортосундагы сүйлөшүүлөр 5-январда уланат

Бөлүшүү:

Расмий Кабул менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы 5-январда уланат. Буга чейин декабрдын ортосунан бери Доха шаарында өтүп жаткан сүйлөшүүлөргө үч күндүк тыныгуу жарыяланган.

Ооган басылмаларынын маалыматына караганда, экинчи айлампанын жүрүшүндө тараптар башка маанилүү темалар менен катар ок атууну жана зомбулукту толук токтотуу маселесин да талкуулашат.

«Доха шаарында бизди оор сүйлөшүүлөр күтүп турат. Бирок өкмөт менен расмий делегациянын мүчөлөрү элдин эркин жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен ийгиликке жетиштүүгө ниеттенип жатат», — деди Ооганстандын Тынчтык министрлигинин басма сөз катчысы Нажиа Анвари.

Өз кезегинде «Талибан» кыймылынын өкүлү Мухаммад Наим алардын делегациясы Кабул менен диалогго даяр экенин билдирди. «Биз биринчи айлампанын соңунда процедуралык маселелер боюнча пикир келишпестиктерди жойгонбуз. Азыр күн тартибиндеги 12 маселени талкуулоого даяр турабыз», — деди ал.

Буга чейин Кабул менен «Талибандын» ортосундагы сүйлөшүүлөр Ооганстанда улана турганы айтылган. Бирок 27-декабрда Улуттук элдешүү боюнча жогорку кеңештин башчысы Абдулла Абдулла сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы да Доха шаарында өтөрүн билдирген.

Ооган өкмөтү менен «Талибандын» ортосундагы сүйлөшүүлөр Доха шаарында 12-сентябрда башталган. Бирок тараптар декабрдын ортосунда гана процедуралык маселелер боюнча бир пикирге келип, күн тартибиндеги темаларды талкуулоого даяр экендиктерин билдиришкен.

Сүйлөшүүлөргө карабастан Ооганстанда зомбулук токтой элек. 26-декабрда Кабулда төрт жардыруу болуп, жыйынтыгында эки күч кызматкери жана алты киши жаракат алды.

2020-жылы февралда АКШ менен «Талибан» кыймылы Ооганстанда тынч жараяндарды баштоо тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Келишимде 2021-жылдын май айына чейин Ооганстандан чет өлкөлүк күчтөрдү чыгарып кетүү каралган. 23-мартта ооган өкмөтү менен «Талибандын» өкүлдөрү АКШ жана Катардын ортомчулугу менен алгачкы сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: