Menu

УКМК: Чагымчыл билдирүүлөрдү таркатуу үчүн КРнын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган

Бөлүшүү:

Чагымчыл билдирүүлөрдү таркатуу үчүн КРнын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда КР УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

УКМК кызматкерлери КРнын президенттигине талапкерлердин бирине байланыштуу маанилүү билдирүү жасаганы жатат деген социалдык тармактарда жайылтылган маалыматтар фейк экенин билдирет.

“Бул кайрылууда көрсөтүлгөн фактыларды айрым талапкерлер Кыргыз Республикасындагы маанилүү президенттик шайлоо алдында президенттикке талапкерлердин бирин атайын жаманатты кылуу максатында жайылтышууда.

Буга байланыштуу, КР УКМК башка бийлик жана укук коргоо органдары менен биргеликте деструктивдүү күчтөрдүн чагымчыл иш-аракеттерин алдын алууу иштерин жүргүзүп жатат.

УКМК жеке саясий жана башка күчтөргө кызмат кылбайт жана ошондой эле айрым топтордун өзүмчүл максаттарына жетүү үчүн саясий курал болуп бербейт. Негизги максаты – элдин жыргалчылыгы жана Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн кызмат кылуу.

Ошондой эле күч структуралары жана укук коргоо органдары саясаттан тышкары экендигин эске салат. Абалды көзөмөлдөө үчүн күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын күчтөрү, каражаттары жетиштүү.

УКМК Кыргыз Республикасынын колдонулган мыйзамдарынын чегинде чагымчыл жана ушул сыяктуу мүнөздөгү башка билдирүүлөрдү тараткандар боюнча жоопкерчилик каралгандыгын эскертет”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: