Menu

$250 миң пара менен кармалышкан Мелис Аспеков менен Улан Жураев эки айга УКМКнын тергөө абагына камалды

Бөлүшүү:

Бишкектин Биринчи май райондук соту активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 9-мартка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК эки активист «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен ири өлчөмдө каражат талап кылган деген шек менен кармалганын 9-январда билдирген.

Тергөөнүн версиясына ылайык, активисттер укук коргоо органдары ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» башчыларынан 250 миң доллар талап кылышкан. Ишкананын жетекчилиги маселени оң жагына чечүү үчүн аларга жогорудагы каражатты берген.

Азырынча Аспеков менен Жураевдин адвокаттары бул иш боюнча комментарий беришкен жок.

Буга чейин Мелис Аспеков «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы шайлоо штабын жетектеп жатканын айткан. Бирок Жапаровдун Борбордук шайлоо комиссиясындагы (БШК) ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин өткөн айда Аспеков Жапаровдун шайлоо штабынын кызматкери эмес экенин билдирген.

Жапаров өзү 10-январда добуш берүүдөн чыккандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Аспеков Жапаровдун шайлоо штабында иштебегенин айтты.

Аспеков Садыр Жапаровду былтыр 6-октябрга караган түнү тарапташтары абактан бошотуп алгандан кийин анын жанында жүргөн жана ага байланыштуу маселелер боюнча комментарий берип турган. Шайлоонун үгүт маалында Жапаровду колдоп келген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: