Menu

Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев мамлекетке 2,5 миллион сом кайтарып берди

Бөлүшүү:

Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев мамлекетке 2,5 миллион сом кайтарып берди. Бул тууралуу  Финполициянын басма сөз кызматы билдирет.

“2021-жылдын 9-январында Мамыркалиев мамлекетке келтирилген зыяндын 2,5 миллион сомдук бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп берди. Ошол эле күнү Мамыркалиев Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылды”, – деп маалымдады Финполиция.

Департамент бул иш боюнча ар кандай рангдагы 30 кызмат адамы кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын эске салды. Коррупциялык схеманын кесепетинен келтирилген чыгым 20 миллион сомду түзгөн, анын дээрлик бардыгы мамлекетке кайтарылды.

Белгилей кетсек, 7-январда Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев коррупцияга шектелип кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: