Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

ИИМ маңзат соодасына байланыштуу үч киши кармалганын билдирди

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 3-апрелде буга чейин социалдык тармакта маңзат соодасына байланыштуу курьерлердин сабалышы боюнча үч жаран кармалганын билдирди.

Мекеме 4-апрелде билдиргендей, курьерлерди сабагандар өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырып, “Принцесса Дури” деген интернет дүкөнүнөн кечирим суроого мажбурлашкан.

“3-апрелде Атайын операциялар отрядынын колдоосу менен 2001-жылы туулган А.у.Г., 2000-жылы туулган К.Т. жана 2004-жылы туулган К. А. кармалган. Шектүүлөрдүн жашаган жеринде ыкчам иликтөө иш-чаралары жана тинтүү иштери жүргүзүлүп, буюм далилдери алынган. Баңги топтун башка мүчөлөрүнүн тек-жайы такталып, атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө”, – деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) менен кылмыш иши козголгонун, анда мүлкүн алып коюу менен он жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралганын билдирди. Маңзат менен алектенген топтон жапа чеккендерди милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырды.

Өткөн аптада маңзат жеткирип иштегени айтылган кишилердин сабалганы тартылган видео тарап, бул боюнча ИИМ териштирүү иштерин баштаганын билдирген.

Министрликтин маалыматына ылайык, былтыр 230 килограммдан ашык психотроптук заттар алынып, онго жакын баңгизат лабораториясынын иши токтотулган.

Ошто түнкүсүн жарамазан айткан балдардын ата-энелери айыпка жыгылды

Ош шаардык милициясы “Кароосуз калгандар” деген аталыштагы ыкчам профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп, түнкүсүн өз алдынча жүргөн 116 өспүрүм аныкталганын кабарлады.

Алардын арасында коомдук жайларда, көчөдө жарамазан айтып жүргөн балдардын ата-энелерине Укук бузуулар кодексинин эки беренеси боюнча (74-102) айып салынды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, балдардын реабилитациялык борборуна 53 өспүрүм жеткирилсе, 14 бала ата-энесине өткөрүлүп берилди.
“Ош шаарынын аймагында Орозо айынын келиши менен кайыр сураган жана жарамазанды шылтоо кылып, тилемчилик жасаган жарандар, балдар кескин көбөйүп кетет. Айрым замандаштарыбыз бул айдагы адамдардын кайрымдуулукка жасаган аракеттеринен пайдаланып, акча алуунун жолуна айландырып келет. Өзгөчө ата-энелери тараптан тиешелүү көзөмөлү жок балдар кечкисин жана түнкүсүн коомдук тамактануучу жайларга баш багып, жаразаманды шылтоолоп кайыр сураганга өтүп алышты”, – деп жазылган милициянын маалыматында.
Шаардык милиция ушундай багыттагы профилактикалык иш-чаралар уланып жатканын билдирүүдө. Ата-энелерди балдарды көзөмөлгө алууга чакырып, жарамазан айтып, коомдук жайларда акча сурап, жол кыймылына тоскоол болушуна жол бербөөнү эскертти.
Кыргызстанда Орозо айы быйыл 23-мартта башталды.

УКМК: Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

Кечээ, 3-апрелде КР УКМК Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу)  боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын жаранына карата сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 20 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын банк картасына которуу учурунда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын лейтенанты Ж.А.Т. кармалды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Өлкөдө кызылча жана кызамык жугузган учурлар көбөйүүдө

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери кызылча (корь) оорусу менен 41, кызамык (краснуха) менен алты бейтап катталды. Бул тууралуу 3-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык иммуннопрофилактика борборуна таянып билдирди.

Илдетке кабылгандардын басымдуу бөлүгү Ош облусунда (20). Андан кийин Бишкек шаары турат (8).

Маалыматта оорунун көбөйүшүнүн негизги себеби кызылча жана кызамыкка каршы пландуу эмдөөнүн азайышы, эмдөөдөн баш тарткандардын санына байланыштуу экени белгиленген. Аталган борбор бул ооруларга каршы эмдөө иштерин жүргүзүүдө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, учурда Тажикстанда (513), Түркия (286), Орусия (233), Казакстан (75) жана Британияда (56) киши кызылча жана кызамыкка чалдыккан.

Кызылча да, кызамык да аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдеттер. Аларды алдын алуунун жалгыз жолу – эмдөө. Кыргызстандын эмдөө календарына ылайык, балдар бул ооруларга каршы вакцинаны 1 жана 6 жашка чыкканда алышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.

2017-жылдын декабрында кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына 2-3 миңге чейин жетип жаткан. 2020-жылы катталбай калган. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган.

Беларус жыгачы Кыргызстан аркылуу Европага сатылууда

Беларус иликтөө борбору өлкөнүн жеке жана мамлекеттик ишканалары санкцияга илинген жыгачтарын Европага жеткирүүнү улантып жатканын билдирди. Маалыматка караганда, бул үчүн алар Кыргызстан менен Казакстанда катталган компанияларды пайдаланышууда.

Борбордун иликтөөсүндө польшалык PLRBL менен кыргызстандык «Адмит» компаниясы жөнүндө сөз болгон. Алар Европага жыгач жеткирүү үчүн келишим түзүшкөн.

«Пеллет чыгаруу үчүн жыгач Беларустан сатылып алынат. Кийин ал ЕБга жөнөтүлөт. PLRBL компаниясынын жетекчилеринин бири Виталий Лешик муну жашырбайт деле», — деп белгиленген иликтөөдө.

Журналисттер буга чейинки иликтөөсүндө «Адмит» Литвага жыгачты Кыргызстандан жеткирип жатканын маалымдаган. Бирок кабарчылар компания катталган дарекке барганда ал жерде пеллет өндүрүлгөн жерди табышкан эмес.

Кагаз жүзүндө курулуш жана Чыгыш Европадан кызматкерлерди жалдоо менен алектенген PLRBLдин Польша менен Латвияда гана эмес, Кыргызстан менен Казакстанда да компаниялары бар. Жыгачты Белорустан сатып алышат, ал жактан Кыргызстанга же Казакстанга жеткирип, пеллет чыгарылат. Документте товар жергиликтүү сырьёдон жасалган деп көрсөтүлөт.

Иликтөөчүлөр жыгач иштетүүчү «Пинскдрев» компаниясы да санкцияны Казакстан аркылуу айланып өтүүгө аракет жасап жатышы мүмкүн экенин белгилешкен.

Журналисттер Беларуска санкция салынгандан бери Казакстандан ЕБ өлкөлөрүнө жыгач сатуу – 2022-жылдын июнь айынан 2023-жылдын январь айына чейин 137 эсеге, Кыргызстанда 12 эсеге көбөйгөнүн аныкташкан.

Бишкек милициясынын начальниги Азамат Ногойбаев сексуалдык зомбулуктун курмандыктарына карата айткан сөзү үчүн кечирим сурады

Бишкекте шаардык милициянын жетекчиси Азамат Ногойбаев анын кызматтан кетишин талап кылган акцияны чагылдырган журналисттер менен жолукту.

Баш калаанын милиция башчысы 31-мартта өткөн түз эфир маалында айткандарын “айрымдар туура эмес түшүнүп алганын” белгилеп, ал үчүн кечирим сурады.

“Дал ушул “өздөрү” деген сөз туура эмес болуп калганын мойнума алам. Мен коомдук кишимин, бирок түз эфирде юрист катары эмес, өзүмдүн сөзүмдү айтып алыпмын. Ушул тапта өспүрүмдөрдүн коопсуздугу үчүн бардык шарттарды түзүү аракети болууда”, – деди Ногойбаев.

Ал кызматтан кетүү тууралуу берилген суроону комментарийсиз калтырды.

Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, акцияга чыккан 10дон ашуун активист менен шаардык милициянын башчысы Бишкек шаардык милициясынын имаратынын ичинде жолугууну сунуш кылган, бирок активисттер “басым болот” деген чочулоодон улам андан баш тарткан.

31-мартта Ногойбаев Фейсбукта түз эфирде суроолорго жооп берип жатып, шаарда өспүрүм кыздар зордукталган учурлар көп катталып жатканын, алардын арасында “жыныстык катнашка өз эрки менен баргандар” бардыгын айткан.

Бишкектин милиция жетекчисинин мындай билдирүүсүн коомчулук, укук коргоочулар кескин сындады. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы Ногойбаевдин айткандарына байланыштуу териштирүү баштаганын маалымдаган.

Түп районунда жашаган жарандын үйүнөн 20 килограммга жакын баңгизаты табылды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери Түп районунда жашаган жарандын үйүнөн 20 килограммга жакын баңги затын таап, жүгүртүүдөн алышты.
Түп районунун аймагында европа улутундагы жаран өз үйүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги затын сактап, сатууну көздөп жүргөндүгү тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан маалымат келип түшкөн. Текшерүүдөн кийин маалымат тастыкталды.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө, алынган маалымат боюнча, кылмышка шектүү делип  Түп районунун тургуну, 1970-жылы туулган П.А. жаран экендиги аныкталган.
Аталган факт боюнча Түп РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмыштуулуктун бетин ачуу максатында А.П аттуу жарандын, кылмыштуу байланыштары, баңгизаттарды сатуу каналдары жана аларды сактоочу жайлары боюнча, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Натыйжада П.А. аттуу жарандан 7 кг. 816 гр. марихуана алынган, ал эми үйдүн жер төлөсүн тинтүү учурунда дагы 11 кг.750 гр салмактагы гашиш табылып алынган. Ошентип, алынган баңгизаттын жалпы салмагы 19 кг. 566 гр түздү.
Кармалган жаран Каракол шаарындагы тергөө изоляторуна киргизилди.

Петербург: Кафедеги жардыруудан аскердик Z-блогер Владлен Татарский каза болду

Санкт-Петербург шаарындагы Street Food Bar кафесинде Владлен Татарский деген ысым менен белгилүү Z-блогер Максим Фоминдин чыгармачыл кечеси өтүп жатканда жардыруу болду.

Орус басылмалары жардыруудан Татарский каза болуп, дагы 16 киши жараат алганын кабарлашты.

ТАСС агенттиги укук коргоо органдарына шилтеме кылып, жардырууну уюштургандардын максаты – чыгармачыл кечесин өткөрүп жаткан Владлен Татарскийди өлтүрүү болгонун жазды. Маалыматка караганда, колго жасалган жардыруучу жабдык ага тартууланган айкелченин ичине катылган.

Татарский буга чейин Донбасста орусиячыл күчтөрдүн катарында согушуп, ал жактан репортаждарды даярдап келген. Украин маалымат каражаттары аны кремлчил пропагандачы деп аташат. Орусиянын басылмалары Татарскийдин кечесине 100гө жакын киши катышып жатканы маалымдашты.

“Фонтанка” балсымасынын маалыматына караганда, Street Food Bar кафеси “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожинге таандык. Дем алыш күндөрү ал кафеде “Кибер Z фронт” аттуу талкуу клубу чогулуп келген.

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттойт

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлашынча, эки өлкө ортосундагы 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү меморандумдарга кол коюлду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Шинжаң-Уйгур автоном районунун башчысы Ма Синжуй жолугуп, эки тараптуу кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Эки өлкө расмийлери Шинжаң автономиялуу району менен ишкерлер кеңешин, Шинжаң менен Ысык-Көл облусу ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү келишимдерине кол коюшту. Шинжаң медициналык университетинин экинчи ооруканасы менен саламаттык жаатында кызматташтык да макулдашылды.

Кечээ 30-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюро мүчөсү Ма Синжуйду кабыл алган. Кытайдын өкүлү Бишкекке жумушчу сапары менен келген.

Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунда 180 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт. 2017-жылдан тартып Кытайдын Шинжаң аймагында мусулман этникалык азчылык өкүлдөрү жабык жайларда кармалган учурлар көбөйгөн. Дүйнө коомчулугу бул жагдайды сынга алып келет. Бээжин ал жайларды “тарбиялоо лагерлери” деп атайт. Этникалык кыргыздардын канчасы “тарбиялык лагерлерде” жатканы белгисиз.

Кыргызстан акыркы 15 жылда энергетика тармагында бир нече ири долбоорлорду ишке ашырган: 390 млн. долларга “Датка-Кемин” электр өткөрүү чубалгысы курулган, 386 млн. долларга Бишкек ЖЭБ модернизацияланган, 375 млн. долларга Токтогул ГЭСи калыбына келтирилген. Мунун баары чет өлкөлөрдөн, негизинен, Кытайдан алынган насыянын эсебинен жүзөгө ашырылган. Өлкөнүн тышкы карызынын 40% ашуунун Кытайдын насыясы түзөт.

Бишкекте "Сөз эркиндиги" аллеясы ачылды

Бишкектеги “Ынтымак” сейил багында ачылган “Сөз эркиндиги” аллеясына “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында 200 көчөт отургузулду. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы уюштурган иш-чарага 100дөн ашуун маалымат каржаттарынын өкүлдөрү катышты.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков иш-чаранын максаты “жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык өкүлдөрүн бир аянтчага топтоп, мамлекеттик жана жеке медианын ортосунда байланыш түзүп, аны чыңдоо” экенин айтты.

Мунун алдында “Кыргызстандагы медианын аракеттеринин платформасы” уюму президенттик администрациянын бул акциясын сындаган билдирүү тараткан. Анда мындай иш-чара сөз эркиндиги чектелип, журналисттерге, медиага жана блогерлерге куугунтук жүрүп жаткан маалга туш келгени белгиленген.

“Азаттык Медиага” каршы сот процесстери уланып, уюмдун сайты жана эсептери бөгөттөлүп турат. Тролль фабрикалары социалдык тармактарда көз карандысыз маалымат каражаттарына, журналисттерге жана блогерлерге каршы каралоо кампаниясын жүргүзүп жатат. Жарандык активисттерди жазган посттору жана билдирүүлөрү үчүн айып төлөөгө мажбурлашууда. Материалды кайра басып таратканы үчүн “Некст ТВнын” башкы директору Таалай Дүйшенбиев пробациялык мөөнөт менен үч жылга кесилди, журналист Болот Темиров Кыргызстандан чыгарылды”, – деп жазылган билдүрүүдө.

Уюм президенттик администрация сунуштап жаткан Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч келтире турганын эскерткен.

Бул билдирүүгө байланыштуу президенттик администрация азырынча комментарий бере элек.

Март айынын башында Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик – 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун билдирген.

Эл аралык уюмдар, АКШ, Британия, Франция, Германия жана башка мамлекеттер Бишкекти сөз эркиндигин коргоого чакырып келет. Буга чейин Human Rights Watch уюму, “Журналисттерди коргоо комитети” жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, кыргыз бийлигин “чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого” чакырган.

Ушул тапта 20дан ашык саясатчы, блогер, активист Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурат. “Азаттык” радиосунун интернет сайты 2022-жылдын октябрь айында бөгөттөлгөн, соттук иштер уланууда.

Меню