Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

УКМК: Баткенден Тажикстанга 10,5 тонна пиязды аткезчилик менен экспорттоп жатышкан үч жүк ташуучу унаа кармалды

Кечээ, 31-мартта КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Тажикстан Республикасынын аймагына жашылча-жемиштерди мыйзамсыз алып өтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюлду.

Баткен областынын «Жаңы-Бак-Маргун-Арка» айланма унаа жолунда, жалпы салмагы болжол менен 10 500 кг болгон пияз түрүндөгү жашылча-жемиш жүктү Тажикстан Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда, Баткен облусунун Лейлек районунун тургундарынын башкаруусундагы Кыргыз Республикасынын жарандары 1984-жылы туулган Т.А.А., 1993-жылы туулган А.Б.А. жана 1980-жылы туулган Б.Т.Т. «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү үч жүк ташуучу унаасы менен кармалышкан. 

Кармалган пияздын контрабандага багытталган баасы 500 миң сомдон ашык сумманы түзөт.

Жыйынтыгында, жүк ташыган бул унаалар «Орто – Боз» чек ара заставасынын №2022 Аскер бөлүгүнүн аймагына жайгаштырылып, бул факт документтештирилди.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Берлинде Германиянын жаратылышты коргоо союзунун “Ак илбирс экспедициясы” көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстан тууралуу маданий кече өттү

Берлин шаарында Германиянын жаратылышты коргоо союзунун “Ак илбирс экспедициясы” көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстан тууралуу маданий кече өттү
2023-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги Германиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Willkommen in Berlin» («Берлинге кош келиңиздер») клубу менен биргеликте кыргыз маданий кечесин уюштурду. Кече Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (Naturschutzbund Deutschland-NABU) “Ак илбирс экспедициясы” көргөзмөсүнүн алкагында болду.
Иш-чарага “Wilkommen in Berlin” клубунун “Элчиликтер жана Резиденциялар” тобунун мүчөлөрү, Берлиндеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев конокторго куттуктоо сөзүн сүйлөп, жогоруда аталган клубдун “Элчиликтер жана Резиденциялар” тобунун жетекчиси Тоне Корссунд-Айхингер айымга бул кечени чогуу өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Элчи мындай кечелерди Германияда өткөрүү немис калкынын Кыргызстан менен жакындан таанышуусуна, эки өлкөнүн маданиятын жана элдерин жакындаштырууга жардам бере аларын белгиледи.
Кеченин жүрүшүндө конокторго Кыргызстан жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, немис жана кыргыз музыканттарынын жана артисттеринин аткаруусунда классикалык музыкалык номерлер тартууланды.
NABUнун өкүлү Екатерина Ковтун кеченин конокторуна ак илбирсти жана жапайы жаратылышты коргоо боюнча Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан NABU долбоору тууралуу кеңири маалымат берди, ошондой эле Элчиликте NABUнун “Ак илбирсти экспедициясы” көргөзмөсүнө экскурсия өткөрдү. Бул көргөзмөнүн алкагында дагы бир кезектеги иш-чара болду.
Кеченин коноктору кыргыздын улуттук тамак-аштарынан даам татып, жылуу жана достук маанайда ɵз ара баарлаша алышты.

Аламүдүн районунун акиминин орун басары Бактыбек Абдугулов 66,8 гектар жерди сатууга шектелип кармалды

Чүй областтык прокуратурасы тарабынан Аламүдүн районунун акиминин орун басары, жер мунапысы боюнча комиссиянын төрагасы А.Б.Н. Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен шектүү катары кармалды. Бул тууралу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, райондук мамлекеттик администрациясынын алдында  түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссиясы тарабынан Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 га мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерди жер мунапысына киргизип, калктуу конуштар категориясына билип туруп мыйзамсыз которушкан.

Бүгүнкү күндө тергөө тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдар аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Кыргыз бажы кызматы менен Беларус бажы комитетинин жетекчилиги Беларуста токтоп турган кыргыз автоунааларынын маселесин чечүү боюнча сүйлөштү

Бүгүн, 31-мартта Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы С.С. Исабеков менен Беларусь Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы В.Н. Орловскийдин ортосунда Беларустун бажысында Кыргыз Республикасына бара жаткан автотранспорт каражаттарынын топтолушу боюнча телефон аркылуу сүйлөшүү болуп өттү. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар топтолгон автотранспорттордун тездетилген өтүүсү боюнча иштерди жүргүзүү зарылчылыгы боюнча өз ара түшүнүшүүгө келишти.

Жашыруун цехтерден 2,5 кг алтын жана 70 кг күмүштөн жасалган зер буюмдар кармалып, 50дөн ашык адам суракка алынууда

КР УКМК тарабынан баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында жашыруун зергерчилик цехтеринин ишмердүүлүгү аныкталып, токтотулду.

Айрым ишкерлер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, мыйзамдарды бузуу менен зергер буюмдарын маркалоонун милдеттүү жол-жобосунан өтпөгөндүгү жана тиешелүү салыктарды төлөөдөн качуу максатында колго жасалган зергер жабдууларды колдонуу менен мыйзамсыз иштерди жүргүзүшкөнү аныкталды.

2023-жылдын 28-мартында козголгон кылмыш ишинин алкагында жана сот органдарынын санкциясынын негизинде жашыруун цехтерде зергер буюмдарды жасап жаткан даректерде тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжасында жалпы салмагы 2,5 килограммдан ашык алтын жана алтындан жасалган зер буюмдар, 70 килограммдан ашык күмүш жана күмүштөн жасалган зер буюмдар табылып алынган. Иштин жагдайы боюнча тергөө тарабынан 50дөн ашык адам суракка алынган.

Мындай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында өлкө рыногуна жасалма үлгүдөгү зер буюмдардын олуттуу көлөмү чыгарылууда, бул өзгөчө ири өлчөмдө милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качууну билдирет.

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Талас шаардык мэриясынын жетекчилеринин бири жасалма диплом менен иштеп жүргөндүгү аныкталды

КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас шаарынын мэриясынын ММБнын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Д.Э. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жогорку билим жөнүндө жасалма дипломунун негизинде аталган кызматты ээлеп турганы аныкталды.

Бул факты боюнча жогорку билими тууралуу жасалма документтерди жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

УКМК: Баткенде 2.000.000 сомдук 16 тонна Өзгөн күрүчүн аткезчилик менен алып бараткан жүк ташуучу унаа кармалды

Кечээ, 30-мартта Кыргыз Республикасынын УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан контрабандага каршы аракеттенүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын С.С.М. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү “40920РА” мамлекеттик номурлуу унаа кармалган.

Унааны текшерүү учурунда жүк салуучу бөлүгүнөн күрүч (Өзгөн) түрүндөгү жалпы салмагы 16 тонна (болжолдуу баасы 2 млн сомго жакын) контрабандалык жүк табылган.

Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Кыргыз паспортун жасалма жол менен алууга аракеттенген өзбек жараны кармалды

Өзбекстандык жаран Кыргызстандын паспортун жасалма жол менен алууга аракеттенген деп кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, эл аралык терроризмге каршы жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү “Ислам мамлекети” террордук уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) эмиссарларынын жардамы менен кыргыз жаранынын жасалма паспортун алып, Сириянын согуш болуп жаткан аймагына кетүүгө аракет кылган.
Ал эл аралык террордук уюмга тиешеси болгону үчүн Өзбекстандын аймагында издөөдө жүргөн.
Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК 29-мартта Ош облусунун аймагынан “Ислам мамлекети” террордук уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) мүчөлөрүнө жасалма жол менен Кыргызстандын паспортун даярдоого шек саналган аял кармалганын маалымдаган. Ага ылайык, шектүү Ош облусундагы мамлекеттик актыларды каттоо кызматындагы байланыштарын колдонуп, Өзбекстандын террордук ишмердүүлүк боюнча издөөдө жүргөн атуулдарына Кыргызстандын паспортун жасап берүүгө аракет кылган.
Кыргызстанда жасалма паспорттордун берилишине байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган.
Жасалма кыргыз паспорту менен эл аралык деңгээлде жаңжал жараткан окуялар катталган. 2014-жылы грузин кылмыш төбөлү Роман Барбакадзе кыргыз паспорту менен кармалган. Андан бир жыл мурда Илья Самсония аттуу дагы бир грузиялык кримтөбөл “Манас” аба майданында кыргыз паспорту менен колго түшүп, төрт жылга соттолгон.
2015-жылы Стамбулда киши колдуу болуп өлгөн тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун жанынан да кыргыз паспорту табылган.
2016-жылдын 17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кармалган 98 уйгур улутундагы адамдан кыргыз паспорту алынганы белгилүү.

Москвада өлтүрүлгөн Анвардын апасы кылмыш жасагандарды жазалоону талап кылды

Орусияда бычакталып каза болгон 17 жаштагы кыргызстандык Анвар Кубанычбек уулунун сөөгү мекенине жеткирилип, 26-мартта Жумгалда жерге берилди. Анын жанындагы шериги учурда оор абалда жатат.

Махабат Жанышева уулун бир жыл мурун Орусияга узатып, эми сөөгүн тосуп алды. Он жетиге эми толгон баласынын киши колдуу болгонуна ишенгиси келбей, боздоп отурат.

“Атасы жок өстүргөн баламды жок кылып алдымбы? Ушинтип айрылып каламбы? Акыйкаттык издейм, мен кылмышты жасаган төртөө деп угуп жатам. Төртөөнүн тең жазасын бергиле. Бойго жете элек болчу… Менин жөжөм бизди сыздатып калтырып кетип жатат. Жазасын бергиле…”.

Анвар бир жылдан бери Орусияда иштеген аталаш туугандарынын үйүндө жүргөн. Жумгалдагы аталаш агасы Мирбек Асаналиев инисинин өлүмү жөнүндө буларды айтып берди.

“Ал жакта (ред: Орусияда) 18 чыкмайынча жумушка албайт экен. Окуйм, жумуш чыгып калса иштейм деп жүргөн. Туугандардын үйүндө жардам берип жүргөн. Алар жакында эле балалуу болушкан. 21-мартта үйгө кечки саат 11лерде келген экен. Москвада бир үйдү ижарага алып, өзүнчө-өзүнчө бөлмөлөрдө жашашат эмеспи. Иним бир бөлмөдө үч бала менен турчу. Тууганыбыз саат түнкү бирде алар үйдө уктап жатышкан дейт. Саат үчтөрдө чоочуп ойгонуп кетип караса, үчөө тең жок экен. Алар түнү менен издеп, милицияга дагы барышат. Анан таңга маал кошуна райондон сөөгү табылып жатпайбы. Угушубузча үч кыз чакырган экен. Бир кыз менен алардын бирөө сүйлөшүп жүргөн окшойт. Өлтүргөн балдар кыздарды кое бербей жатат деп чакырышыптыр. Чыр чыгып инимди бөйрөккө сайып, бычакты бурап салыптыр. Экинчисин жүрөк тушка сайыптыр. Үчүнчүсү качып кеткен экен”, – деди Асаналиев.
Мирбек Асаналиевдин айтымында, бычак жеп аман калган 17 жаштагы улан Москвада ооруканада оор абалда жатат. Ал кеп болгон кыргызстандык үч кыз дагы күбө катары суралганын билдирди.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусияда киши колдуу болгон 17 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча 24-мартта билдирүү тараткан. ИИМ кылмышка шектүү катары 20-21 жаштардагы төрт кыргыз жараны кармалганын кабарлады. Шектүүлөрдүн жанынан пневматикалык курал жана бычак табылган.

Милиция адам өлтүрүүгө себеп болгон чыр жөнүндө маалымат берген жок. Бул окуя боюнча Москва облусуна караштуу Красногорск шаарынын тергөө бөлүмү “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козгоду.
Ушу тапта Орусияда 2 миң кыргызстандык түрмөдө жатат. Расмий маалыматка ылайык, 7 миллион калкы бар Кыргызстандын бир миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

УКМК: “Чакан ГЭС” ААКнын жетекчилеринин бири Майрамбек Абдыкадыров 150.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын жана козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында өлкөнүн энергетика тармагындагы коррупциялык схеманын бети ачылды. Анда, “Чакан ГЭС” ААКнын жооптуу адамдары тарабынан курулуш иштери боюнча тендерлерди өткөрүүдө аткарылган иштердин сапатына зыян келишине карабай  алдын ала пара («откат»)  алышкан.

Тергөө тарабынан “Чакан ГЭС” ААКнын жетекчиси жеке ишкерлерден системалуу түрдө түзүлгөн келишимдин суммасынан 10% өлчөмүндө акча каражатын пара («откат») түрүндө талап кылганы, эгерде андан баш тартса, жеке компаниялар тарабынан аткарылган иштер үчүн акча каражатын төлөөнү кечеңдетүү менен коркутканы аныкталды. 

Атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 150 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен А.М. кармалган.

Алынган далилдердин негизинде А.М. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Меню