Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Балбан Акжол Махмудов Азиянын чемпиону болду

Казакстандын борбору Астана шаарында кечээ, 9-апрелде башталган күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов жеңүүчү болду.

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта килемге чыккан Махмудов чейрек финалда түркмөнстандык Жейхун Овездурдиевди 9:0, жарым финалда жапониялык Кодаи Сакурабаны 9:1 эсебинде жеңди. Финалда ирандык Амин Явар Кавиянинежад жаракат алгандыгына байланыштуу жеңиш Акжол Махмудовго ыйгарылды.

24 жаштагы Акжол Махмудов ушуну менен 3-жолу Азия чемпиону деп аталмакчы. Буга чейин ал 2018-жылы жана 2022-жылы Азия чемпионатын уткан. Ошондой эле Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Дүйнө чемпиону.
Мелдештин биринчи күнүндө Махмудовдон сырткары төрт балбан килемге чыгып, бир коло байге Кыргызстандын пайдасына жазылды. 130 килограмм салмакта Роман Ким 3-орун үчүн беттеште өзбекстандык Темурбек Насмиовду 7:1 эсебинде утуп алды. Ага чейин Роман Ким алгачкы беттешинде жапониялык Сота Окумураны 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалда ирандык Амин Мирзазадеге утулган эле.

55 килограмм салмакта Сардарбек Конушбаев эки беттеш өткөрүп, мелдештен четтеди. 63 килограмм салмакта Дастан Кадыров алгачкы беттешинде индиялык балбанга бир упайдын айырмасында жеңилип, мелдештен четтеди. 87 килограмм салмакта Атабек Азисбеков үч беттеш өткөрүп, 3-орун үчүн беттеште өзбекстандык Жалгасбай Бердимуратовго жеңилип калды.
10-апрелде грек-рим күрөшүнөн беш салмакта таймаштар өтөт. Кыргызстандан бул күнү Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Раззак Бейшекеев (67 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Акылбек Талантбеков (72 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) күч сынашат. Андан соң эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар болот.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 16-апрелде аяктайт.

УКМК: Бишкектин тургунун темир менен сабап, 350.000 сом "салык" салып, “Тойота Камри” унаасын тартып алышкан УКТ мүчөлөрү кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмыштуу элементтеринин өлкөдөгү кырдаалга таасирин тийгизүүсүнө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, УКТнын мүчөсү С.А.С. опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган адам шериктери менен ушул жылдын апрель айында Б.М.Х. аттуу жаранды жеке ишкерди күч колдонуп унаага салып, Бишкектин четине алып барышып, физикалык күч колдонуп, темир буюм менен денесине оор залал келтиришкен. Андан соң 350 миң сом акча каражатын талап кылышып, күрөөгө “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унаасын алып кетишкени аныкталды.  

Бул факты боюнча УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) фактысынын негизинде кылмыш иши козголуп,  кармалган адам КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана издөө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттерин жою боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Баткенде 600 флакон “Лефлоксин 500 мл” дарысын аткезчилик менен алып бараткан жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде, контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жана УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан КР Баткен облусунун Баткен районунун Дөбө айылында Россия Федерациясынын мамлекеттик Р516Х777 номурлуу “Ауди-100” үлгүсүндөгү авто унаасы менен Баткен районунун Кара-Бак айылынын 1970-жылы туулган М.Э.М. аттуу тургуну кармалган. 

Текшерүү учурунда унаанын ичинен “Лефлоксин 500 мл” дары түрүндөгү жалпысынан 5 куту, 600 флакон контрабандалык жүк табылып, унаа жүгү менен бажы терминалына коюлган.

Учурда тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: ЕРӨБ берген 6.000.000 евронун бир бөлүгүн "жеп" алышкан Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана “Суу-Канал” ишканасынын жетекчилерине кылмыш иши козголду

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, шаардын суу түтүктөрүн жаңылоо долбоорун ишке ашырууда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана “Суу-Канал” МИнын кызмат адамдарынын кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды 

Көрүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, Кызыл-Кыя шаарынын суу менен камсыздоо системасын жаңылоо долбооруна 2017-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан бөлүнгөн жалпы 6 000 000 евро суммасындагы ишти жүзөгө ашырууда сапатсыз аткарылганы жана аткарылган иштердин көлөмү ашыкча бааланганы аныкталды. 

Азыркы учурда тиешелүү экспертизаларды дайындоо жана тергөө амалдарын жүргүзүү менен келтирилген материалдык чыгымды так аныктоо иштери жүрүп жатат.

Жогорудагы факты боюнча КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Элчи Өмүрбек Текебаев "эски досу" Ахматбек Келдибековду сотко берем деп коркутту

Бүгүн, 8-апрелде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жаңы пост жазып, анда 6-апрелде Бишкекте өткөн “2010-жылдагы июнь окуялары” боюнча сотто экс-спикер Ахматбек Келдибеков сотко аны айыптап, көрсөтмө бергенине таарынып, эгер Келдибеков ага каршы көрсөмөлөрүн жокко чыгарбаса сотко берерин билдирди:
“Актоо эмес, тактоо.
Тибет монахы «тентек көрүнгөн менен талашат, акылдуу теңи менен талашат, ал эми даанышман өзү менен өзү гана талашат» деген экен.
Мен эми аксакал болдум, көрүнгөн менен талаша бербей даанышман эле болоюн деген чечимге келген элем.
Бирок, ар-намыс, кадыр-барк маселесинде талашпасаң да, тактап коюу зарыл экен.
2023-жылдын 6-апрель күнү «июнь окуялары» боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө, Ахматбек Келдибеков «Убактылуу Өкмөттүн кыйсы мүчөсү Кадыржан Батыровго дипломаттык паспорт бергени жөнүндө документтер бар. Кадыржан Батыровго дип.паспорт берүү өтүнүчүнө Убактылуу Өкмөттүн вице-премьер-министри Өмүрбек Текебаев жана аппарат жетекчиси Эдиль Байсалов кол коюшкан», деп көрсөтмө бериптир. Бул чындыкка дал келбеген, менин ар-намысыма, кадыр-баркыма жана ишкер беделиме доо келтирген жалган маалымат. Келдибеков ушул сөзүн тар чөйрөдө «балп» этип айтып койгон болсо, мен көңүл бурбай деле коймок элем. Бирок, ал бул сөздөрүн соттук отурумда айтып, официалдуу айып тагып жатат. Сот күбөдөн «жалган айтсаң мыйзам алдында жооп бересиң” деп эскертип, “чындыкты гана айтам” деп убадасын айттыртып кагазга кол койдуруп алат.
Демек, Келдибеков бул сөздөрүн терең ойлонуп, жоопкерчиликти сезип туруп айткан. Сотто күбө бирөөнү акташ үчүн же каралоо үчүн гана көрсөтмө берет.
«Июнь окуялары» боюнча тергөө иштери, соттук териштирүүлөр, Жогорку Кеңештин парламенттик иликтөөлөрү болуп өткөн. Алардын материалдары менин 2010-жылы Кадыржан Батыров менен бир да жолу жолукпаганымды, Батыровго тийешелүү бир да документке кол койбогондугумду далилдеп турат.
Эгер, Келдибеков кокустан айтып алган болсо, анда сотко официалдуу кайрылып, сөздөрүн жокко чыгарышын сунуш кылат элем. А эгер, Келдибеков ага барбаса, тилекке каршы, сот аркылуу анын жалганын төгүндөөгө туура келет.
P.S.
Төгүндөөнү талап кылган ушундай 3-4 учур бар. Алар жөнүндө да жакында билдирем.”

Өрүк-Зардын тургундары айылындагы 6 чакырым жолду асфальттоого 6 млн сом топтогонун угуп, мамлекет 15 млн сом, айыл өкмөтү дагы 6 млн сом бөлүп беришти

Бүгүн 7-апрелде КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Өрүк- Зар айылынын тургундары менен жолугушту.

Облус башчысы,район акими,жол куруучу компаниянын өкүлдөрү эл менен, Өрүк-Зар айылынын негизги жолунун курулушу боюнча маселелерди макулдашты.

Өкүл Абдикарим Алимбаев элдин демилгесин кубаттап,эл менен жасалган жумуш ийгиликтүү болооруна ишенимин айтты.Ошондой эле “элди мобилизациялоо менин эң негизги максатым” деп билдирди.

Жетекчилер жана тургундар,жол куруучу компаниянын,жолду сапаттуу жана арзан куруп берүүсү өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.

Өрүк -Зар айылынын негизги жолун асфальттоого айыл эли 6 млн сом каражат топтогон.

Ал эми айылдык эки ишкер 1млн сомдон салым кошкон.

Ак-Турпак айыл аймагы жергиликтүү бюджеттен 6 млн сом бөлгөн.

Жергиликтүү калктын бул аракетин колдоо максатында мамлекет тарабынан 15млн сом каралган.

Тажик милициясы сурак учурунда 16 жаштагы өспүрүмдөн шымын чечүүнү талап кылып, "зордуктайбыз" деп коркутушкан

Тажикстандын Рашт районунун тургуну милиция кызматкерлери сурак маалында уулун “зордуктайбыз” деп коркутканын билдирүүдө. Жергиликтүү ички иштер башкармалыгы бул айыптоону четке кагууда.

16 жаштагы өспүрүм 30-мартта Навобод айылындагы уурулук ишин тергөөнүн алкагында суракка алынган.

“Озоди” радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, учурда Рашт райондук прокуратурасы аталган айылдагы уурулук фактысы менен катар милиция кызматкерлеринин сурак маалындагы аракеттери боюнча да тергөө иштерин жүргүзүүдө.

“Милиция кызматкерлеринин прокуратурадагы сурагы төрт күнгө созулду. Тергөө иштери уланып жатат, азырынча аларга каршы кылмыш иши козголо элек”, – деди аты-жөнүн айткысы келбеген прокуратура кызматкери.

Өспүрүмдүн атасы өткөн жумада уулу прокуратура имаратында милиция кызматкерлери менен беттештирилгенин билдирди.

“Уулум милиция кызматкерлери аны соода жайындагы уурулукту мойнуна алууга мажбурлашканын айтып берди. Ал макул болбой койгондон кийин милиция кызматкерлеринин бири анын кулагын чоюп, дубалды сүздүргөн. Андан соң шымын чечүүнү талап кылышкан. Уулум баш тартканда шымы менен ич кийимин күч менен чечип, зордуктайбыз деп коркутушкан. Беттештирүү маалында эки милиция кызматкери тең бул айтылгандарды четке кагышты”, – деди өспүрүмдүн атасы.

29-мартта Рашт районунудагы соода жайлардын биринен 6 миң сомониге (550 доллар) бааланган азык-түлүк уурдалган.

Тажикстанда кыйноо фактылары боюнча кылмыш иштери өтө сейрек козголот. Жергиликтүү укук коргоочулар менен жарандык активисттер өлкөдө күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн кыйноолор жана катаал мамиленин башка түрлөрү көп колдонуларын айтып келишет.

Жогорку Кеңеш Бишкектин мэрин түз шайлоо боюнча мыйзам долбоорун четке какты

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин 6-апрелдеги жыйынында Бишкек шаарынын мэрин түз шайлоо боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда четке какты. Документке 38 депутат “каршы”, 13ү “макул” добуш берди.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу документти “Альянс” фракциясынын депутаттары иштеп чыккан.

“Баш мыйзамда жазылгандай бийликтин булагы – эл. Бишкек шаарынын мэрин шаар тургундары шайлашы керек деген пикирдебиз. Борбордо шаарды каптаган кара түтүн, авто тыгын, башаламан курулуш, жаңы конуштардагы туташ көйгөйлөр чечилбей келатат. Биз мэр болчу адамдан “мен мэр болсом маселени ушундай чечем” деген планын уга элекпиз. Эгерде мэрди шаардык түз шайласа биз талапкердин программасын угат элек””, – деди долбоордун авторлорунун бири, депутат Жанарбек Акаев.

Мыйзам долбоорун талкуулоодо айрым депутаттар Ош шаарынын мэрин да түз шайлоо керектигин айтышты. Кээ бир эл өкүлдөрү Кыргызстан президенттик башкарууну тандап алганын, мэр туруктуу иштеши үчүн президент дайындашы керектигин белгиледи.

Мурда шаар мэрлерин жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлачу. 2021-жылы мыйзам өзгөртүлүп, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин президент, райондук маанидеги шаарчалардын башчысын аким дайындап калган.

Бишкекте бир топ жылдан бери коомдук транспорт, жол тыгыны, борборду каптаган ыш маселеси чечилбей келет.

“Түндүкэлектро” ААКнун мурдагы башкы директору Азамат Кожомкулов кармалып, абакка киргизилди

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Северэлектро” ААКнун кызмат адамдары 107 даана күч трасформаторлорун сатып алууда билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз контракт түзгөндүктөн, мамлекетке өзгөчө ири 3 млн 949 миң 500 сом зыян келтирилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иштин алкагында “Северэлектро” ААКнун мурдагы башкы директору К.А.Т. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 339-беренеси (“Билип туруп пайдасыз контракт түзүү”) менен шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган жаран жогоруда белгиленген беренелердин негизинде айыпкер катарында жоопко тартылып, анын бөгөт коюу чарасын тандоо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна тийиштүү өтүнүчтөр келтирилип, учурда кароо стадиясында турат.

Бүгүнкү күндө аталган кылмыш ишке тиешеси бар мындан башка да кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

 

"Коррупцияга каршы элдик кызмат" коомдук бирикмесинин төрагасы 100.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМнин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Октябрь райондук ИИБ ТКнын өндүрүшүндө турган кылмыш иши боюнча ар кандай маселелерди “чечип берем” деген шылтоо менен өзүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын биринин кызматкери катары көрсөтүп, өзүнө ишенген жарандарды адаштырып, өзүнө пайда көрүү максатында Бишкек шаарынын бир жаранынан опузалап 100 миң сом алып аткан жеринен “Коррупцияга каршы элдик кызмат” коомдук бирикмесинин төрагасы Э.У.Т. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Э.У.Т. буга чейин 200 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алгандыгы жана кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартуу боюнча көмөк көрсөткөндүгү үчүн кошумча 4 000 АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталган.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Меню