Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

УКМК: Коррупцияга шектелип 10 салык кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Салык кызматынын он кызматкерине коррупция айыбы тагылып, камакка алынганын билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, кармалган салыкчылар ишкерлер менен сүйлөшүп алып, алардын 100 миллион сомдон ашкан салыгын атайылап төмөндөтүп жазганы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Сот салык кызматкерлеринин бөгөт чарасын карап, баарын тең камакка алуу чечимин кабыл алды.

УКМК учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык адамдарды жана мамлекетке келтирилген так зыянды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Өкмөт өлкөдөгү көмүскө экономиканы азайтуу жана ишкерлердин ачык-айкын иштеши үчүн салык эрежелерин өзгөрткөн. Кассалык-көзөмөл машиналардын жана товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн ишке киргизүүгө каршы чыгып, нааразылык акциясына чыккандар да болгон.

Кыргыз өкмөтү электрондук кагаз толтурууга өткөндөн тартып көмүскө соода азайып, салык көп чогулуп жатканын жүйө келтирүүдө.

Былтыр 208 миллиард сомго жакын салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулган. Өкмөт бул белгиленген пландан 3,7 миллиард сомго ашык аткарылганын, мурдагы жылга караганда 63,8 млрд. сомго көп экенин билдирген.

УКМК: Жер тилкелерин сатуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурганы үчүн Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан ушул жылдын 11-апрелинде Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы С.А.Н. кармалып, камакка алынды.

Тергөөнүн жүрүшүндө С.А.Н. кол алдындагы кызматкерлери жана Сузак райондук “Кадастр” жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери менен бирдиктүү кылмыштуу иш алып барышып, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча коррупциялык схеманын уюштуруучусу болгону аныкталды.

Сузак районунун “Сузак”, “Каркыра-Мисте” жана “Благовещенка” айылдарынын калкка кезексиз жана акысыз берилчү 100 бирдиктен ашык жер тилкелери С.А.Н. буйругу менен жарандарга жасалма документтердин негизинде ар бир участок 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин акча каражатына сатылып кеткен.

Сатылган жер тилкелерине жасалма каттоо маалыматтары менен жасалма укук белгилөөчү документтер берилип, андан соң “Кадастр” МИ жергиликтүү органы тарабынан жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актылар, райондук архитектура органдары тарабынан курулушка уруксат берилген.

Жүргүзүлгөн баалоо экспертизасынын жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилкелеринин баасы 93 857 700 сом экени аныкталды. Учурда прокуратура органдары менен биргеликте аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына кайтаруу чаралары көрүлүүдө.

Буга чейин Сузак айыл өкмөтүнүн, Сузак райондук кадастр жана архитектура башкармалыгынын 9 кызматкери жогоруда аталган жоруктарга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жер тилкелери боюнча ушул сыяктуу жаңы жагдайларды аныктоо туралуу облустун аймагында тергөө амалдары уланууда.

Норвегия-Хельсинки комитети Батыш өлкөлөрүн тажик бийлигине санкция салууга чакырды

Норвегия-Хельсинки комитети журналисттер Анора Саркорова менен Рустам Жонинин жакындарына басым көрсөтүп жатканы үчүн Тажикстандын бийлигин сынга алды.

Комитеттин 14-апрелде жарыяланган билдирүүсүндө журналисттердин жакындарына басым көрсөтүү – Тажикстандагы сөз эркиндигине жасалган чабуулдун дагы бир түрү болуп эсептелери белгиленген.

“Авторитардык режимдер адам укуктарын бузганы үчүн жазаланбаган учурда ушундай көрүнүштөр болот. Вашингтон менен Брюсселди Тажикстандын бийлигин өздөрүнүн санкциялык тизмесине киргизүүгө чакырам”, – деди комитеттин башкы катчысы Берит Линдеман.

Норвегия-Хельсинки комитетинин билдирүүсүндө расмий Душанбенин бул аракети бийликти сындаган чет өлкөлөрдөгү адамдардын “үнүн басууга” багытталганы белгиленген.

Прагада жашаган тажикстандык журналисттер Рустами Жони менен Анора Саркорова социалдык түйүндөр аркылуу Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда болгон 2021-2022-жылдардагы нааразылыктардын күч менен басылышын кескин сынга алып келишет.

Адвокат Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечими боюнча Жогорку сотко кайрылат

Бишкек шаардык соту 14-апрелде адвокат Бактыбек Жумашевдин Биринчи Май райондук сотунун Бишкектин борбордук бөлүктөрүндө 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган чечими боюнча доо арызын четке какты.

Адвокат Фейсбуктагы баракчасына соттук коллегия доо арыз мөөнөтүнөн кеч берилгенин айтканын жазды.

Бактыбек Жумашевдин белгилешинче, Биринчи Май райондук сотунун чечими 31-мартта чыкканын 3-апрелде гана интернеттен окуган.

“4-апрелде эртең менен соттун кеңсесине чалып, чечимди сурадым. 5-апрелде кечке жуук колума тийди. 6-апрелде апелляциялык арызымды Бишкек шаардык сотуна бергем”, – деп жазды адвокат.

Адвокат Бишкек шаардык соту мөөнөт жүйөсүн жөн гана шылтоо кылды деп эсептеп, Биринчи Май райондук сотунун чечими “Тынч жыйындар жөнүндө” мыйзамды жана Конституцияны бузарын белгиледи.

Жумашев эми шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылууну көздөөдө.

Бишкектин борбордук бөлүгүндө нааразылык акциясын өткөрүүгө салынган тыюу 2022-жылдын март айында эле кабыл алынган. Анын мөөнөтү улам узартылып келе жатат. Укук коргоочулар мындай чечим мыйзамсыз экенин эскертүүдө.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыкта, Жогорку Кеңештин имаратынын жана президенттин администрациясынын алдында, аларга жакын Панфилов паркында митинг өткөрүүгө салынган тыюу ушул жылдын 1-июлуна чейин узартылган.

Ага ылайык, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүлбакта, Жогорку Соттун жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жанында да нааразылык акцияларын өткөрүүгө болбойт.

Митинг же пикет өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчада чогулса болот.

Режиссер Бегалы Наргозуев: "Жылкычы чымчык - бул башкы каарман Алтындын духу..."

Тасма – бул жан дүйнө! Тасманын сценаристи, режиссёпу, оператору жана каарманын жылдын төрт мезгилиндей бир-биринен ажыратып кароого такыр болбойт. Эгер көрүүчү тасма менен кошо жашай алса, анда ошол таланттын актёрдук зор чеберчилиги деп билели. Ал эми мыкты режиссёрго камера Николла Паганнини, Витторио Монти, Эннио Морреконе сыяктуу улуу композиторлордун кыягындай, баа жеткис курал. Канткен менен ийгилик – мүмкүнчүлүктү ишке ашыруудан көз каранды. Бу каарманымдын почеркине күбө болуңуздар. 

-“Жылкычы чымчык” жан дүйнөңүздө канча убакыт жашады?

-1986-87-жылдары “Кыргызфильм” киностудиясында белгилүү актриса жана режиссер Клара Жусупжанованын “Өрөөн жана адамдар” аттуу даректүү фильмине деректир болуп иштеп калдым. Ал киши менин чыгармачылыгыма кызыгып, “жазган аңгемелериң болсо алып келчи, мен окуп көрөйүн” деп калды. Мен онго жакын аңгемемди алып келип бердим. Клара Жусупжанованын күйөөсү белгилүү авангард жазуучу Кубатбек Жусубалиев болчу. Ал киши Москвадан сценаристтердин 2 жылдык жогорку курсун бүтүрүп келип, жазгандары көп адамдарды тамшантып турган учуру. Мен да ал кишинин чыгармачылыгын аябай сыйлачумун. Бир күнү үчөөбүз жолукканда Клара эже “Кубат, бул жигиттин аңгемелерин окуп көрчү, мага аябай жакты, өзүнчө эле кыргыздын Шукшини экен” деп мактап, менин аңгемелеримди мага эмес, Кубат акеге берди. Ал киши  бир жумага жетпей эле окуп чыгып “Бегалы, сен эмнеге бизди колдоп, бирге иштешип жүргөнүңдү эми түшүндүм. Аңгемелериң жакты. Ошолордун ичинен бирөөсү – алиги мыкты күйөө издеп, жигиттен жигит тандап, акырында төрөп койгон кыз тууралу аңгемең аябай жакты. Ошол аңгемеңди кыска метраждуу көркөм фильмдин сценарийи кылып кайра жазбайлыбы, мен жардам берем. Анан өзүң тартасың” деп калды. Мен албетте дароо макул болдум. Ошол күндөн баштап мен күн сайын жумуштан кийин Кубат акенин үйүнө келип, түн бир окуумга чейин сценарийди талкуулайбыз. Кубат аке менден студенттик күндөрдөгү кызыктуу окуяларды айтып берүүмдү сурайт. Мен студенттик жатаканадагы кыздардын балдарды шейшеп менен тартып алган окуяларын же кыздардын ашканада бышып жаткан тамагын уурдап кетишкен жигиттер кастрюлдун капкагын ачса анда тамак эмес эле башка нерсе чыкканы сыяктуу күлкүлүү окуяларды айтып берем. Анан Кубат аке аны кантип сценарийге айлантууну көрсөтүп берет. Ошентип эки жумадай убакытта баягы менин орточо аңгемемден кыска метраждуу көркөм фильмдин жакшы сценарийи жазылып бүттү. Албетте таланттуу жана тажрыйбалуу жазуучу, кесипкөй сценарчы Кубат аке менин чыгармамды өз таланты менен бийик деңгээлге көтөрүп салды. Сценарийдин атын “Чоң жолду бойлоп бир өттүм” (“Вдоль дороги большой я прошла”) деп атадык. Мен аны тартам деп оолугуп киностудияга чуркадым. Ал жакта “сен тургай ВГИКтин режиссердук факультетин бүтүргөндөргө каражат жетишпей жатат” деп кыялымды суу сепкендей муздатып салышты. ВГИКтин оператордук факультетин бүтүргөн ыраматылык Бекжан Айткулуев ушул сценарийибиз тууралу угуп калып, “мага бер, мен тартайын” деп көпкө суранып жүрдү. “Өзүм тартам” деп кызганып бербей койдум. ВГИКтин дагы бир бүтүрүүчүсү Бекболот Айдаралиевге “Кыргызфильм” киностудиясынын редакциялык куржунунда жаткан менин “Кызыл уйдан чыккан өрт” аттуу аңгемем жагып калып, ал да аны тартам деп бир топко аракеттенип, бирок каражат таба алган жок.

Мен болсо “Чоң жолду бойлоп бир өттүм” сценарийибизди толук метраждуу фильмге ылайыктап кайра жазууну чечтим да Кубат акеге кайрылдым. Ал киши макул болду. Бирок такыр колу бошобой койду. Колу бошобосо илхому келбей жатты. Ошондуктан мен өзүм жазып кирдим. 2008-жылы Актан Арым Кубатты жардамга чакырдым, 2021-жылы кайрадан Актан Арым Кубатты, Марат Сарулуну, Жамбы Жусубалиеваны чакырып,  акыры бүтүрдүк.  Албетте Кубат аке менен жазгандарыбыздан көп сценалар кийин кыскарып кетти. Ошентсе да мени бул кадамга Кубат аке сүрөп чыгарды.

-Эмнеге атын мындай атадыңыз?

-Атын аябай көп жолу өзгөрттүк. Кубат аке менен жазганда сценарийдин атын “Чоң жолду бойлоп бир өттүм” (“Вдоль дороги большой я прошла”) деп атаганбыз. Менин аңгемемдин каарманынын аты Сейдеке болчу. Кубат акенин сунушу боюнча Алтын деп өзгөрткөнбүз. Анан Актан Арым Кубат менен иштеп жатканда ал сценарийди да, башкы каармандын атын да Жанай деп өзгөртүүнү сунуштады. Ал эми Марат Сарулу “Мөнгү-Ата” же “Тоонун жылкычы чымчыгы” деп атоого үндөдү. Быйыл фильмдин монтажы аяктап баратканда Актан Арым Кубат биздин тасманы “Эне мээрими” деп атоо ылайыктуу деп ишендирди. Бирок мен жөн эле “Жылкычы чымчык” атоону чечтим. Анткени бул ат менин оюмча фильмдин ички мазмунуна төп келет. Жылкычы чымчык фильмдин визуалдык жана моралдык символу катары негизги сюжетти жана башкы каармандын балалык кезден тартып, шаардагы алгачкы сүйүүсүн, турмуштук сыноолор менен чыккынчылыктарды, акырында ак кар көк муз баскан Мөңгү-Атага кайтып келгенге чейин коштоп жүрүп олтурат. Жылкычы чымчык – бул башкы каарман Алтындын духу.

-Тасма кайсы чөлкөмдө тартылды, канча убакытта толук бүттү?

-Алгач, 2021-жылы августта кино тартуучу топ Алайдын Сары-Могол айылынын жайлоолорундагы топозчуларга барып, ошол жерде тартабыз деп чечип келгенбиз. Бирок ноябрда, биз жолго чыгарда, бизге саай турган, мине турган топоздорун берип, жардамдашам деп убада кылган Замир деген топозчу жигит биздин телефон чалууларыбызды такыр албай, байланышпай туруп алды. Анан башкы ролдордун бириндеги актриса эжебиз да “Алай алыс, мен ооруп калсам эмне болот, жакыныраак жерге барбайлыбы” деп туруп алганынан Ысык-Көлдүн Сырт аймагына чыгып кетип, Кумтөр тараптагы Арабелде, Ак-Шыйрак тараптагы Караколкада, кийин Нарындын Кара-Кужур өрөөнүнө, Ысык-Атага барып, шаардагы сценаларды албетте Бишкектен эле тарттык. Жалпысынан фильм тартууга жана монтаждоого бир жарым жылдай убакыт кетти. Анткени биздин сюжетте төрт сезон: жаз, жай, күз жана кыштагы сценалар бар болчу. Сезондорду күтүп, консервацияга да чыгып жаттык. Бирок биз монтажер экөөбүз тынбай бир жарым жыл иштедик десем болот.

-Өзүңүзгө жактыбы?

-Эми ага эл баа берсин, адистер баа берсин.

-Турмуштагы, Кыргызстандагы көп көйгөйлөрдү көзгө сайып көрсөтүптүрсүз…

-Киноискусствонун негизги милдеттеринин бири ошол да – кинонун тили менен, көркөм каражаттар аркылуу коомдогу көйгөйлөрдү көтөрүү…

-Кышында карда ат менен жүрүү, аны тартуу канчалык оор болду? Актёрлор ооруп калган жокпу тартып бүткүчө?

-Бийик тоолуу Сыртта жүргөнүбүздө алгачкы күндөрү аба жетишпей көбү кыйналышты, алтургай бир сүрөтчү-декораторубуз эси ооп жыгылып, тырышып жатып калды. Аны тезинен Бишкекке кетирдик. Эртеси экинчи режиссерубуз ооруп калып, аны да тез шаарга жөнөттүк. 2021-жылдын 23-ноябрынан 4-декабрына чейин Арабелде кечинде катуу суук түшүп, аябай эле жүдөтүп жатты. Бирок кино тартуучу топ да, актерлорубуз да тырышып жүрүп, чыдап беришти.

-Семичке саткан эже баарынын көңүлүн бурду окшойт…

-Ооба, ал персонаждын аты биздин картинада – Зарылкан. Ал каарман айылдагы бекер ВайФай орнотулган аялдаманын алдында майда соода кылып, айылдагы аялдарга “жарымы жалган, жарымы чын” маалыматтарды ыкчам жеткирип, ушак таратып турган “маалыматтык борбордун” ролун аткарат. Адистердин айтымында актриса Айнура Эсеналиеванын аткаруусундагы Зарылкан фильмдин олуттуу интонациясына ирониялык сүртүмдөрдү берип, картинанын фактурасын контрастуу нюанстар менен байытып, тасманын өзөгүнө кошумча эмоционалдык таасир берет.

Дегеле фильмдин актердук ансамблине адистер жакшы баа берип жатышат. Айрыкча Шекер тайэненин ролундагы КР Эл артисти Жамила Сыдыкбаеванын, Баялы таятанын ролундагы Асан Амановдун, Алманбеттин ролундагы Руслан Орозакуновдун, Сайранын ролундагы Таазим Үмөталиеванын Гүлнаранын ролундагы Албина Имашеванын, Эркиндин ролундагы Курманбек Мамыровдун жана экинчи пландагы персонаждарды аткарган Марат Ибраевдин, Айсанат Эдигееванын, Алтынай Муканбетованын, Жамила Дыйканбаеванын актердук чеберчиликтерине жогорку бааларды беришүүдө.

-Тасма тартууда кандай оорчулуктарга тушуктуңуз?

-Оорчулук көп деле болгон жок. Болгону мен өзүм режиссер-коюучу катары дебютант болгондуктан фильм кандай чыгып калат деп аябай коркуп, этияттык менен аракеттенип жаттым. Өзүмө-өзүм ишенбей, шектенип, айрым актерлор менен оператор-коюучу Хасан Кыдыралиевге таянып жаттым. Хасан мага мизансценаларды койгонго аябай жардам берди. Ал өмүр бою оператор катары кино тартып, бай тажрыйба топтогон КР Эл артисти эмеспи. Ошондой эле актерлор менен иштөөдө, кино тартуу процессин уюштурууда КР Эл артисти Бусурман Одуракаев досум да жакшы жардамын берди.

-Кино тартууну улантасызбы?

-Албетте, Кудай буюруса. Азыр мурун жазылган экинчи сценарийимди оңдоп-түздөп, тартууга даярдай баштадым. Ал бала менен эненин ортосундагы мамиле тууралу болот. Андан сырткары тарыхый окуялар, тарыхый каармандар боюнча пландарым бар. Жаңы кыргыз тарыхындагы 2005-жыл, 2010-жыл жана 2020-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөр темасы, Кутумчулар темасы кызыктырат. Кубат аке уруксат берсе анын эки-үч чыгармасын экрандаштырууга кызыкдармын. Бусурман Одуракаев досум бир кызыктуу теманы сунуштап жатат. Кыскасы пландар көп, калганын турмуш көрсөтөт.

Төлөбүбү Касымалиева, журналист

“Жетиген журналынын 12-саны.

Бишкек-Анкара-Бишкек багыты боюнча биринчи жолу жаңы авиакаттам ачылууда

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК AnadoluJet авиакомпаниясы менен биргеликте биринчи жолу  Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттам ачууну максат кылууда.
 AnadoluJet авиакомпаниясы (лоукостер, Turkish Airlines компаниясына туунду) биринчи жолу Бишкек Анкара боюнча жумасына 4 жолу авиакаттам ачууну көздөөдө. Каттамдар дүйшөмбү, шаршемби, ишемби, жекшемби күндөрү аткарылат. Ал эми 2023-жылдын август айынан баштап каттамдар күнүнө аткарылмакчы.
 Аталган авиакаттам Boeing 737 учагы менен ишке ашырылмакчы.

ИИМ: “АЮ” компаниясынын заводун тинтүү учурунда 260 тонна мыйзамсыз спирт, арак табылып, эки кызматкери кармалды

Үстүбүздөгү жылдын жаз айларында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Токмок шаарынын аймагындагы өндүрүш ишканаларынын биринде белгисиз адамдар спиртти  жана спирт кошулган ичимдиктерди  мыйзамсыз түрдө өндүрүүнү уюштурушкандыгы тууралуу ыкчам маалымат алышкан.
Топтолгон материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган иш чара этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.
Кылмыш ишинин алкагында спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүүгө мүмкүн болгон даректер аныкталган. Бир нече даректерде, анын ичинде Сокулук айылында жана Токмок шаарында кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында даяр продукциялар жайгаштырылган кампалардан (“Токмок Буллс” ЖЧК) мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 260 тоннадан ашык этил спирти, “АЮ” компаниясынын бухгалтердик документтери, акциздик маркалары жок  12000 бөтөлкөдөгү спирт кошулган
ичимдиктер табылып, алынган.
Бул фактылар аныкталгандан кийин бардык кампалар жабылып, кайтарууга алынды. Кошумчалай кетсек, козголгон кылмыш ишинин алкагында 118 даректе тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, чогултулган далилдердин негизинде жакында Токмок шаарындагы спирт заводунун күзөт бөлүмүнүн башчысы 1982-жылы туулган М.Т., ошол эле ишкананын башкы технологу 1988-жылы туулган И.А. кармалды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, бул фактыга тиешеси бар башка адамдар такталууда.

Ала-Арча улуттук паркына туристтик борбор салынат

Туризм департаментинин жана Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын жетекчилиги туристтик тейлөө борбору салына турган жерди инвесторлорго көрсөттү. Бул тууралуу Туризм департаменти маалымдады.

Мекеменин маалыматына ылайык, туристтик тейлөө борбору – кафе, намазкана, даараткана, туристтер үчүн маалыматтык борборду камтыйт.  Туризм департаменти туристтик борбор курулуучу жер кайсы инвесторлорго кандай шартта берилерин кабарлаган жок.

2022-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын макамын өзгөртүп, капчыгайга бизнес объектилерди ачууну сунуштаган. Коомчулукта аймактын экологиялык жактан маанилүү экенин, жердин бизнес үчүн берилишин сындагандар болгон.

Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы 1976-жылы негизделген. Ал жалпысынан төрт аймакка бөлүнүп, эс алуу, спорттук альпинизм зоналары баарына ачык. Жапайы жаныбарларды көбөйтүү, байкоо жана азыктандыруу аймагы корукка алынган.

Ош облусунда бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду

Ош облусунда бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду
Өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Ош облусунун бир катар жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча тиешелүү комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында алардын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталган.
Буга байланыштуу бир катар жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотуу сунушу киргизилди.
Мамлекет башчысынын чечими менен:
– Жамалдинов Зиядин Исламович Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ээлеген кызматынан бошотулду;
– Жаныкулов Данияр Төрөгазиевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары ээлеген кызматынан бошотулду;
– Ногоев Турусбек Молдобекович Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматынан бошотулду.

Элчибек Жантаев Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Бүгүн, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жантаев Элчибек Нуржадыевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Меню