Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Венгрия быйыл Кыргызстандын 2000ден ашуун жаранын жумушка чакырат

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Венгрияга расмий сапарынын (2023-жылдын 13-14-февралы) жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилиги Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлиги менен биргеликте 2023-жылдын 18-апрелинде Будапешт шаарында эмгек рыногу жана иш менен камсыз кылуу боюнча биринчи кыргыз-венгр форуму уюштурулду. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын 25тен ашык жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин жана Венгриядагы 30 рекрутингдик компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасын Венгрияда ишке орноштуруунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби бар өлкөлөрдүн тизмесине киргизүүнү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жарандарын Венгрияда ишке орноштуруунун шарттары жана тартиби кеңири түшүндүрүлдү.
Иш-чаранын алкагында кыргызстандык жана венгриялык иш берүүчүлөрдүн ортосунда B2B жолугушуулары уюштурулду. Форумдун жыйынтыгында эки өлкөнүн жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ортосунда кызматташуу боюнча 25тен ашык келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду. Үстүбүздөгү жылы Венгрияда Кыргыз Республикасынын 2 миңден ашуун жараны жумуш менен камсыз болот деп күтүлүүдө.

УКМК: Кадамжайдагы “Анкурсай” сел жүрүп кетчү кооптуу жерге 16 соода объектилерин өзүм билемдик менен кургандарга кылмыш иши козголду

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кадамжай райондук прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн тиешелүү текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 16 ишмердик жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жер мыйзамдарын одоно бузуу менен Кадамжайдагы “Анкурсай” сел жүрүп кетчү кооптуу жерге соода объектилерин өзүм билемдик менен курган фактылары аныкталды. 

Бул факты боюнча 2023-жылдын 14-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренесинин 1-бөлүмү (Өзүм билемдик) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тажикстанда келинин өз жанын кыюуга чейин жеткирген кайнене беш жылга соттолду

Тажикстанда Рудаки райондук соту 54 жаштагы Бибинос Исмоилованы келинин өз жанын кыюуга чейин жеткиргени үчүн беш жылга эркинен ажыратты.

Сот өкүмүндө Исмоилова 2022-жылы май айында келини Гулнисо Абдуназарованы акча уурдоого айыптап, айылдаштарынын көзүнчө кемсинткени жазылган. Кайненесинин мындай мамилесине чыдабаган келин ашканага барып асынып алган.

Сотто Бибинос Исмоилова тагылган айыптарды четке кагып, келининин өлүмүнө тиешеси жок экенин билдирди. Бирок күбөлөр ал Гулнисо Абдуназарованы дайыма кемсинткенден тышкары, аны сабап да жүргөнүн айтып беришти.

Тажикстанда 2018-жылдан бери келиндерин өз жанын кыюуга жеткирген бир нече кайнене соттолгон.

Сот Семетей Талас уулун эктремисттик материалдарды жайылтууга күнөөлүү деп тапты

Бишкектин Биринчи май райондук соту 18-апрелде журналист Семетей Талас уулун экстремисттик материалдарды жайылтууга күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, судья журналистти жазаны аткаруудан бошотуп, бир жылдык мөөнөттө пробациялык жаза өтөсүн деген чечим чыгарды.

Семетей Талас уулу өзү чечимге байланыштуу жогорку инстанцияга даттанар-даттанбасын адвокаттар менен кеңешкенден кийин чечерин маалымдады. Ал буга чейин сотто 2021-жылы Фейсбуктагы баракчасынан Ооганстан тууралуу материалды байкабай бөлүшүп койгону үчүн күнөөлөп жатышканын айтып, бул үчүн кечирим сураган.

Семетей Талас уулун милиция 1-ноябрда кармап кеткен жана сурактан кийин аны 48 саатка камаган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгонун жана бул факт Улуттук коопсуздук комитетинде катталганын билдирген. Милиция комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза ал “Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган материалды бөлүшкөн” деген корутунду чыгарганын айткан.

41 жаштагы Семетей Талас уулу эркин журналист катары белгилүү. Көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазган. Соңку жылдарда эркин журналист катары социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү жазып келет. Буга чейин Кемпир-Абад маселеси, камалгандар тууралуу пикирин байма-бай билдирип жүргөн.

Кыргызстанда 2019-жылы күчүнө кирген “Пробация жөнүндө” мыйзамга ылайык, кылмыштардын айрым жеңил түрлөрүнө абактан сырткары жаза каралат. Ага ылайык, жазага тартылган кишилер коомдук иштерге тартылат, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылат, түзөтүү иштерине чегерилет, эркиндиги чектелет.

УКМК: Сокулук райондук милициянын тергөөчүсү $5000 пара талап кылып, анын 100.000 сомун алып жатканда кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Сокулук РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Чүй облусунун Сокулук РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Д.К.Д. КР М.Д.О. аттуу жаранынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталды.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ноокат райондук милициясынын тергөөчүсү опузалап, 50.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ноокат РИИБдин тергөөчүсү А.у.Т. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган кызматкер кылмыш жазасы менен коркутуп, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын токтотуп берүү үчүн арыз ээсинен 100 000 сом талап кылгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголду.

Кармалган кызматкер козголгон иштин алкагында соттун чечими менен үстүбүздөгү жылдын 12-июнуна чейин камакка алынып, Ош шаарынын №5-тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев пара алып жүргөндүгү үчүн кармалды

КР УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшүүнүн алкагында Токмок шаарынын мэри У.Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталды.  

Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган.

2023-жылдын 17-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Токмок шаарынын мэри кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Болат Назарбаевдин "Барыс" унаа базары мамлекеттин менчигине өттү

17-апрелде Алматы облусунун Карасай райондук соту жалпы көлөмү 37,6 гектар жердин сатуу-сатып алуу келишимин жокко чыгарды. Бул жер мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаевге таандык болгон.

Жергиликтүү басылмалар кеп Алматы облусундагы “Барыс” авторыногу жөнүндө болуп жатканын жазышты.

Казак өкмөтү Болат Назарбаевге тиешелүү дагы бир жарым миң гектар жерди мамлекеттин менчигине өткөрүүгө аракет жасоодо.

Маалыматка караганда, сот өз чечимин чыгарды, бирок жоокер 28-апрелге чейин апелляциялык арыз жазууга укуктуу.

Өткөн аптада казак басылмалары Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Алия Назарбаева менен Болат Назарбаевге тиешелүү эки миң гектар жер тилкеси мамлекетке өткөнүн кабарлашкан.

Казакстан менен Кытай өз жарандарына визасыз режим киргизүү келишимине май айында кол коюу күтүлүүдө

Казакстан менен Кытайдын ортосундагы пландалган визасыз режим шинжандык этникалык казактарды камоо же мүмкүн болгон башка куунутуктан коргой албайт.

Бул тууралуу 17-апрелде Казакстандын Тышкы иштер министрнинин атайын өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

Кабарчылар суроо узатып, Казакстан жарандыгын алган “кандастар” Кытайга барганда Бээжин аларга иш ачып, камакка алган учурлар болгонун эске салды. Кабарчы эки өлкө ортосунда визасыз режимди киргизүүдө бул жагдай эске алынабы жана бул өлкөгө барганда Кытайда төрөлгөн Казакстан жарандарынын коопсуздугуна кепилдик берилеби деп сурады.

” Кеп Казакстандын жараны жөнүндө болсо да, бул логикага туура келбейт. Ал Кытайга келгенде “Мен Казакстан жаранымын, мага тийбегиле” деп айта албайт. Кылмыш жасаган болсо, албетте, ал үчүн жооп бериши керек”, – деди Айбек Смадияров.

2017-жылдан тартып Кытайдын Шинжаң аймагында мусулман этникалык азчылык өкүлдөрү жабык жайларда кармалган учурлар көбөйгөн. Дүйнө коомчулугу бул жагдайды сынга алып келет. Бээжин ал жайларды “тарбиялоо лагерлери” деп атайт.

Өткөн аптада Казакстан менен Кытай өз ара визасыз режим киргизүүнү пландап жатканы кабарланган. Келишимге ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан кирген күндөн тартып, отуз күнгө чейин, 180 күндүк аралыкта жалпы 90 күн визасы жок жүрө алат.

Келишимге 18-19-майда, казак президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайга мамлекеттик визит менен барганда кол коюлары күтүлүүдө.

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо жай жүрүп жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров 17-апрелде “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жагдайга токтолду. Анда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө жылыштар бар экенин айтканы менен, иш жай жүрүп жатканын белгиледи.

“Өтө жай жүрүп жатат. Эгер эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен эки тарап тең чек ара сызыктарын сызууга макул болсо, тилкелерде бир эле айлык жумуш калды. Бирок тилекке каршы, кошуналар жакшы келе жатып эле айрым тилкелерге келгенде, “бул жерди 1924-жылкы карта менен чечели” деген сунуштарын киргизип жатышат. Ошон үчүн маселе токтоп калууда. Чындыгында, 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуш юридикалык жана моралдык жактан да туура келбейт. Анткени 1924-жылы алар да, биз да өзүнчө мамлекет эмес элек”, – дейт Жапаров.
Ал эгер эки тарап тең макул болуп, 1924-жылкы карта менен чечсе, анда чек ара тилкелеринин баарын кайрадан карап чыгуу керектигин билдирди.
“Ошол мезгилде эки тарап тең макул болуп, иштер тез кетип жаткандыктан, майга чейин чечип бүтөбүз деп болжогом. Тилекке каршы, бүтө элекпиз”, – деген президент.
Бишкекте 1-7-апрель күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болгон.
Жумушчу топтор 10-16-марттын аралыгында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында жолугушкан.
Садыр Жапаров өткөн жылдын соңунда Баткендеги иш сапары учурунда май айына чейин чек араны тактоону аяктоого ниеттенип жатканын билдирген.
Эки өлкө ортосундагы чек ара тактала электигинен ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып турат. Эң ириси былтыр сентябрда болуп, Кыргызстан анда 63 жаранынан айрылды.
Анын айынан Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартты. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун жарыялаган.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда.

Меню