Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

УКМК: Таласта баңгизат саткандарды коргоп жүргөн милициянын полковниги кармалды

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып, өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча коңшу мамлекеттин аймагына мыйзамсыз түрдө жалпы салмагы 11,51 кг баңгизатын алып өтүү аракети менен мурда кармалган А.М.А. жана К.К.М. карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, бул кылмыш ишине катыштыгы бар үчүнчү адам, мурда кылмыш болгон жерден качып кеткен Кыргыз Республикасынын жараны О.А.Ы. кармалды.

Ошондой эле, алардын колдоочусу катары КР жараны, милициянын отставкадагы полковниги Р.Ю.М. кармалып, анын үйүн тинтүү учурунда баңгизаты табылып алынган. Бул жагдай анын баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар экенин тастыктады.

Азыркы учурда О.А.Ы. жана Р.Ю.М. Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Акылбек Жапаров кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ата мекендик кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана антикризистик чараларды иштеп чыгуу жаатындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун 9 кластер боюнча, анын ичинде эт продукциясы (бодо мал жана кой-эчки, канаттуулар, балык), сүт продукциясы, ун, кант, өсүмдүк майы, жашылча-жемиштер менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

«Биз жеңилдетилген кредиттерди берүү жана каржылоо, лизинг аркылуу кластерлерди өнүктүрүү жолу менен агроөнөр жай комплексине зарыл колдоо көрсөтүүгө умтулуудабыз. Мамлекеттик банктар, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, «Кепилдик фонд» ачык акционердик коому өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана өлкөнүн тамак-аш азыктарынын негизги түрлөрүнө болгон муктаждыктарын камсыздоо максатында тийиштүү каржылоону сунуштайт. Мен жума сайын азык-түлүк коопсуздугу маселелерин чечүү иретинде жумушчу жолугушууларды өткөрүүгө даярмын», – деди Акылбек Жапаров.

Белгиленгендей, Министрлер Кабинетинин чечими менен «Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоору бекитилген, ага ылайык, жеңилдетилген кредиттерди берүү жана каржылоо, анын ичинде каражатты ислам принциптерине ылайык сунуштоо үчүн «Айыл Банк» жана «РСК Банк» ачык акционердик коомдоруна 10 млрд сом бөлүнгөн.

Жолугушуунун жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга агрардык секторго мындан ары мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселелерин иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

ИИМ: Каржы пирамидаларынын Бир баскычтуу Понци схемаларынан, Көп баскычтуу жана Матрица түрлөрүнөн этият болуңуздар

Ички иштер министрлиги жарандарды пирамидалык схемалардын мыйзамсыздыгы тууралуу эскертип, “инвестициялардын” ордуна жеңил жана тез киреше алып келүүчү операцияларга катышпоону сунуштайт.
Каржы пирамидасын өз убагында таанып, акчаңызды “булуттук технологияларга” салбоо үчүн сизде каржы пирамидаларынын негизги түрлөрү кандай экендиги жөнүндө түшүнүк болушу керек:
Бир тепкичтүү (Понци схемалары).
Бул типтеги пирамидаларда бирдиктүү уюштуруучу бар. Ал жогорку киреше алуу үчүн схемага акча салууну сунуштайт. Биринчи инвесторлор кийинки катышуучулардын салымдарынан киреше алышат. Мындай схемалар кадимки
пирамидаларга караганда туруктуу жана узакка созулат.
Пирамиданын катышуучулары кайра инвестициялоону улантууну жана теңтуштарын, тааныштарын тартууга үгүттөшөт.
Схема Карл Понцинин атынан аталган. 1919-жылы ал почта купондоруна инвестициялоону жана валюта курсунун айырмасынан киреше алууну сунуш кылган (Европада купонду бир маркага, ал эми АКШда 6 маркага алмаштырууга болот).
Көп баскычтуу. Бул модель кызматтарды же буюмдарды сатууга ылайыкталып түзүлгөн жана көп баскычтуу пирамиданын ар бир мүчөсү жаңы агенттерди тартуу менен алектенет. Мында буюмдун өзү эч кандай баалуулукка ээ эмес же анын баасы өтө жогору болот.
Пирамиданын катышуучусунун милдети сатып алуучуга буюмдун уникалдуу касиеттери жөнүндө айтып берүү, ошондуктан ал сатып алууну инвестиция катары эсептейт. Бирок, чындыгында, бул пирамидага кирүү акысынын аналогу гана.
Матрица. Бул пирамиданын туруксуз түрү. Мүчө болуу үчүн сиз белгилүү бир сумманы салышыңыз керек. Андан кийин, адам күтүү тизмесинин төмөнкү сабына катталат. Анын артынан канчалык көп адамдар тартылып катталса, тизмедеги статусу ошончолук жогору болот жана керектүү суммага жеткенде ал убада кылынган бонусту алат. Эреже катары, бул баалуу нерсе: электроника, саякаттоо же ал тургай, унаалар. Бул абдан кооптуу схема.
Катышуучулар товарлар үчүн базар баасынан көбүрөөк төлөшөт. Алар уюлдук телефонду, электрондук китепти же программалык компакт-дискти сатып алганда, алар баалуу бонус алууга үмүттөнүшөт. Бирок пирамида кулаганда, алар ашыкча бааланган керексиз буюмдар менен калат.
Ички иштер министрлиги жарандарды мүмкүн болушунча сак болууга, шашылыш чечимдерди кабыл албоого чакырат. Жарандар кырдаалды талдап, туура чечимдерди кабыл алууга тийиш.
Ар кандай маалымат текшерүүнү талап кылат, эң жакшысы ачык булактардан кеңеш жана маалымат алуу туура болот.

Асель Чынбаева Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Чынбаева Асель Рыспековна Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Президент Садыр Жапаровдун Нооруз майрамы менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта,  кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу кыргызстандыктар!Жаратылыштагы жаңылануунун, жакшы тилек-пейилдердин майрамы – Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Нооруз – Жаңы күн – жандануунун башаты!

Бул майрам – миңдеген жылдык тарыхы бар, мааниси-мазмуну терең майрам. Табият уйкудан ойгонгон бул күнү адамзат менен жаратылыштын ортосундагы бир бүтүндүктүн, гармониянын белгиси катары жүрөгүбүздө да аруу ниеттер, жакшы тилектер ойгонот. Эзелтеден эле ата-бабаларыбыз жер жарылып көк чыккан, күн менен түн теңелген ушул күндү жаздын, жаңылануунун майрамы катары белгилеп келишкен. Бири-бирине чын пейили менен куттук айтып, аруу тилектерин тилеген.

Биз дагы ата-бабаларыбыздын жолун улап, күн менен түн теңелип, көктөм башаты саналган бул майрамда бири-бирибизге жакшы сөздөрдү аябай, жаркын маанай тартуулайлы.

Нооруздун келиши менен мамлекетибизди өнүктүрүү үчүн алдыга койгон асыл максаттарыбыздын, конкреттүү иш-пландарынын жүзөгө ашуусуна тилек кылалы. Эл кызматындагылар саясатты экинчи планга коюп, эл-журттун камы, экономиканын өнүгүшү үчүн  ишенимдүү кадамдарды жасап баштады. Бийлик бутактары бир максатты көздөп, бир багытта иш алпарууну колго алды. Ынтымагыбыз артып, элдин үмүт-тилегин аткаруу үчүн ар бирибиз адал эмгек менен Кыргызстандын жаркын келечегин курууга, экономикасын өнүктүрүүгө салым кошолу деген ниетибизден жанбайлы.

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди дагы бир жолу Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Улустун улуу күнүнөн тарта жалаң жакшылык жылоолоп, алдыга койгон ой-максаттарыңыздар ишке ашсын! Жылыбыз ырыс-ынтымактын, береке-куттун, молчулуктун, ийгиликтердин  жылы болсун!Баарыңыздарга бардар турмуш, бакыбат жашоо каалайм!”.

УКМК: Абактагы бажы башчысы Адилет Кубанычбеков айыбын моюнга алып, 51 млн 220 миң сом төлөп, үй камагына чыгарылды

Кыргыз Республикасынын УКМК бийлик органдарында, анын ичинде фискалдык жана контролдук-текшерүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жигердүү иштерди улантып жатат.  Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы А.Кубанычбековго карата козголгон кылмыш ишиндеги тергөөнүн жүрүшүндө, ал тарабынан товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын лоббирлөө максатында, алар үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүп, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен, акча каражатын пара катары системалуу түрдө алып туруу үчүн бажы администрациясынан товарларды көмүскө түрдө көзөмөлдөө схемаларын колдонгон фактылары аныкталды.

Мындан тышкары, А.Кубанычбеков жеке баюу максатында, мамлекеттин кызыкчылыгынына карабай, туунду компаниялар тарабынан тышкы экономикалык иштин субъекттери үчүн бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын негизсиз ашыра көтөргөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө А.Кубанычбеков мамлекетке келтирген 51 миллион 220 миң сом зыянды  кайтарды, ошондой эле кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алды, ага байланыштуу А.Кубанычбековдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                      

 

УКМК: “Манас” аэропортунун чек ара көзөмөл-өткөрүү пунктунун ага адиси, ага лейтенант К.К.К. кармалды

Кечээ, 17-мартта Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында Кытай эл Республикасынын КЭР жаранынан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып, 100 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен чек ара кызматынын кызматкери, ага лейтенант К.К.К. кармалды.

Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК: "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын депутаттыкка 3 талапкери жасалма документтер менен диплом алышкандыгы аныкталды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бардык деӊгээлдеги мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүү ишин улантууда. Анын жыйынтыгында ар бир аныкталган фактылар боюнча мыйзамдарга ылайык тийиштүү процессуалдык чечим кабыл алынат.

Ошондой эле айрым жарандык активисттер менен Жогорку Кеӊештин депутаттарынын, алардын катарында А.Мадумаровдун, улуттук коопсуздук органдарынын бул ишине терс маани берүү аракети байкалууда.

Топтолгон материалдарды алдын ала талдоо көрсөткөндөй, бул маселе боюнча бузуулар төмөнкү топторго бөлүнөт:

  1. Мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын аткарбоого (жогорку окуу жайы менен байланыштын жоктугу, чет өлкөдө жүрүү, зачёт, сынактарга барбоо ж.б.) байланыштуу билим берүү мыйзамдарын бузуп, жогорку билим жөнүндө диплом алган адамдар. Мисал катары “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеӊештин мурунку депутаты О. Нарматованын ал Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги сынак сессиясы учурунда чет өлкөдө узак убакыт жүргөн окуяны келтирсек болот.
  2. Жогорку окуу жайга баштапкы билими жөнүндө жасалма документ (орто билими жөнүндө аттестат, академиялык маалым кат ж.б.) тапшырган адамдар. Мисал катары “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер Кыянбек Сатыбалдиевдин айланасындагы абалды келтирсе болот. Ал жасалма документтердин негизинде Жалал-Абад экономика жана ишкердик университетине тапшыргандыгы текшерүүлүдө.
  3. Ишке орношуу үчүн, ошондой эле тездетилген программа боюнча экинчи жогорку билим алуу максатында жогорку билим жөнүндө жасалма диплом колдонгон адамдар. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер Жолдошбек Осмонбекович Токсобаев жасалма дипломун колдонуу фактысын атаса болот.

Билими жөнүндө жасалма документтерди даярдаганга катыштыгы бар тийиштүү окуу жайлардын кызматкерлерине мыйзамдарга ылайык юридикалык баа берилет.

Ушуга байланыштуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө тандоо ыкмасы жөнүндө айтылган сөздөр чындыкка дал келбейт жана улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттеринин айланасында терс көрүнүч түзүү аракеттерин жана мындай материалдарга саясий коннотация берүү, соттолуучуларды жоопкерчиликтен четтетүү каалоолорун көрсөтөт.

УКМК өлкөдө коомчулук жасалма диплом ээлеринин, жумшак айтканда, «иш-аракетинин кейиштүү кесепеттерине» калыс ой-пикирдеги баа бере алат деп ишенебиз, алардын пикирлери, чыныгы компетентсиздигинен жана алган билиминин жетишсиздигинен улам өлкөнүн коомуна коркунуч туудурат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети дипломдорду текшерүүгө байланыштуу кандайдыр бир комментарий берүүдөн, текшерүү аяктап жыйынтыгын расмий түрдө жарыялаганга чейин карманууну суранат.

Назарбаевдин кудасы Кайрат Боранбаев эки айга камалды

Казакстанда экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы Кайрат Боранбаевдин бөгөт чарасы каралып, ал эки айга камакка алынды.

Расмий маалыматта Боранбаев “мамлекет менен бирге түзүлгөн ишканадан ири суммадагы каражатты уурдоого” айыпталып жатканы жазылган.

Боранбаев кармалганын жергиликтүү басылмалар 15-мартта кабарлашкан. 17-мартта “Целинный” заманбап маданият борбору анын ишин калыс тергөө өтүнүчү менен президент Касым-Жомарт Токаевге кат жолдогон.

Казакстандык бизнесмен Кайрат Боранбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын кудасы. Боранбаевдин кызы Алима 2013-жылы мурдагы президенттин небереси Айсултан Назарбаевге турмушка чыккан. Айсултан 2020-жылы Лондондо каза болгон жана британ басылмалары ал кокаинге ууланып калганын кабарлашкан.

Боранбаев 2016-жылдан бери Казакстандын эң бай адамдарынын катарын толуктайт. Ал McDonald’s брендин казак жергесинде франчайзинг ыкмасында иштетет. Өзү “Алмалы” активдерди башкаруу компаниясына, “Кемикал” мунай-химиялык компаниясы, “Алекс” минералдык суу чыгаруу ишканасына ээлик кылат. Мындан сырткары Phystech II акционердик коому жана “КазТурбоРемонт” холдинг компанияларында үлүштөрү бар.

Бизнесмен башкалар менен чогуу кожоюндук кылган Караганды шаарындагы фармацевтикалык комплекс Орусиянын өндүрүшүндөгү коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасын өз алдынча чыгарат. Аны казак мамлекеттик мекемелери сатып алат.

Боранбаевдин кармалганы тууралуу маалымат сот Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдыны эки айга камакка алуу чечимин чыгаргандан көп өтпөй пайда болду. 13-мартта Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Сатыбалды кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жана “Казактелеком” ишканасынан ири өлчөмдө акча кымырууга шектелип кармалганын кабарлаган.

Акылбек Жапаров Аксыдагы Ак-Терек каналынын курулушунун жүрүшү жана Кербен аэропортунун абалы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы бир катар инфраструктуралык объектилерди кыдырды.

Ал Аксы районундагы Ак-Терек каналындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Объекттин курулушун аяктоо 2026-жылга белгиленген. Акылбек Жапаров долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү тапшырды.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы Кербен шаарындагы 9 чакырымга созулган айланма жолдун курулушу менен таанышты. Бул жолдун курулушу жыйынтыкталса, жарандар  жана оор жүк ташуучу унаалардын каттоосу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Курулуштун жалпы сметалык наркы 178 млн сомду түзөт.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Кербен аэропортунун абалы менен таанышты. Аба майданын көрүп чыгып, Министрлер Кабинетинин башчысы бул объектти үстүбүздөгү жылы ишке киргизүү боюнча иштерди кайрадан жандандырууну тапшырды.

Меню