Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Жаңы мыйзамга ылайык Касым-Жоомарт Токаевдин Болгариядагы элчи күйөө баласы кызматынан бошотулат

Казакстанда президенттин жакын туугандарына саясий кызматтарда иштөөгө тыюу салынган конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизилсе, Касым-Жомарт Токаевдин Болгариядагы элчи күйөө баласы Темиртай Избастин кызматын бошотуп бериши мүмкүн.

– Конституцияга президенттин туугандарынын саясий кызматта иштөөсүнө тыюу салган өзгөртүү киргизилүүдө. Саясий кызматтардын тизмеси кеңири. Президенттин жарлыгына ылайык, андай кызматка министрлер менен алардын орун басарлары, акимдер жана дипломаттар да кирет, – деди адилет министри Канат Мусин.

Журналисттердин Токаевдин Болгариядагы тууганы да кызматтан алынабы деген суроосуна министр: “Мыйзам кабыл алынар замат ал кызматын бошотуп берет, себеби мыйзам боюнча ал кызматты ээлей албайт”, – деп жооп берди.

Ачык булактардагы маалыматтар боюнча Темиртай Избастин Касым-Жомарт Токаевдин карындашы Карлыганын күйөөсү. Токаев Исбастинди Казакстандын Болгариядагы элчилигине 2019-жылы ноябрда дайындаган.

64 жаштагы Темиртай Избастин Тышкы иштер министрлиги системасында 1994-жылдан бери иштейт. Бул убакыт аралыгында ал Венгрия, Кытай, Австрия элчиликтеринде эмгектенген.

Январдын ортосунда Темиртай Избастиндин уулу Каныш Избастин “Байтерек” холдингинин башкармалыгынын төрага орун басарлыгынан кеткен. Ал бул кызматта 11 ай иштеген. Кийинчерээк ал “КазАгроФинанстын” директорлор кеңешинен да чыгарылган.

18-апрелде өткөн брифингде адилет министри Канат Мусин президенттин жакындары “Самурук Казына”, “Байтерек” сыяктуу улуттук компанияларда да жетектөөчү кызматтарда иштей албай турганын белгиледи. Мыйзамда президенттин жакын туугандарына ата-энеси, балдары, уялаш, аталаш же энелеш туугандары, чоң ата- чоң энеси, неберелери кирет. Министрдин айтымында, коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзамда жубайынын жакын туугандарына да чектөө киргизилген.

"Ак-Тилектеги" тыгындан улам айрым машиналар "Кең-Булуңга" жөнөтүлүүдө

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 18-апрелдин эртең мененки саат 10уна карата 300дөй оор жүк ташуучу машина топтолуп турганын бекеттин жетекчилеринин бири Элдос Абдыманапов билдирди.

Анын айтымында, тыгындан улам айрым бош машиналар жүргүнчүлөр өтүүчү “Кең-Булуң” бекетине жөнөтүлүүдө:

“Биз тараптан эч кандай чектөө жок. Штаттык режимде өткөрүп жатабыз. Казакстан тарап эмне үчүн мындай болуп жатканына комментарий берген жок. Оор жүк ташыган машиналардын санын азайтуу үчүн ичи бош машиналардын баарын Токмоктогу “Кең-Булуң” бекетине жөнөтүп жатабыз”.

Абдыманапов машиналар бир жума мурда көбөйө баштаганын, алардын саны 400гө чейин жеткен учурлар болгонун, азыр суткасына орточо 120-130 машина өтүп жатканын кошумчалады.

Чек арадагы тыгын маселеси өткөн аптада Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат Айбек Осмонов эгер мындай мамиле болсо Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) чыгуу керектигин айткан.

Кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр негизинен айыл чарба продукциясын Казакстандын өзүнө жана Орусияга ташыйт.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган.

Аламүдүн районунда бирөөнү "отвертка менен сайып кетебиз" деп коркутуп, тоноп кетишкен эки каракчы кармалды

14-апрелде Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмчөсүнө 1973-жылы туулган Д.А., арыз менен кайрылган. Ал Ак-Жар конушундагы көчөлөрдүн биринде кимдир бирөөлөр күч колдонуп, отвертка менен коркутууга алып жанындагы 6000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын жана айдоочулук күбөлүгүн тартып алганын айтып чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан 1986-жылы туулган Д.А., жана 1984-жылы туулган О.Ж. бул кылмышты жасаган деген шек менен кармалышкан.
Учурда кылмышка шектүүлөр Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

“Манас” бажысы 13 миллион сомго декларацияланбаган 2 учакты аныкташты

ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражатарды мыйзамсыз өткөрүү фактыларына бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан товарларды жана транспорт каражаттарын, тактап айтканда аба кемесин декларациялабоо фактысын аныкташкан. 

2021-жылдын 26 жана 30-июлунда Кыргыз Республикасынын аймагына Пакистан-Бишкек маршруту боюнча рейстери менен “А.М.Э” ЖЧКсынын дарегине “AVRO 146 –RJ85” эки аба кемеси келгендиги анкыталган. Борттогу товарлардын наркы 12 971 063,27 сомду түзгөн. 

ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык, товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү каралган. Аталган аба кемелерине карата келген учурдан баштап кандайдыр бир бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес. 

Бул факт КБР АМС МЭЖге катталган, материалдар ведомстволугуна караштуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына берилген.

Ысык-Көл биосфералык аймагында экологиялык пост орнотулбайт

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Ысык-Көлдүн биосфералык аймагында экологиялык пост орнотуу пландалып жаткандыгы тууралуу бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарды жокко чыгарат.

Министрликте бул багытта эч кандай иштер жүргүзүлгѳн эмес.

УКМК: Адам уурдоо, өлтүрөм деп коркутуу, акча талап кылуу боюнча кримавторитет "Дөө Чынгыздын" УКТ мүчөлөрү кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту (Баңги каражаттарын психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде адам уурдоо, опузалап талап кылуу жана өлтүрөм деп коркутуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын алкагында, 2022-жылдын 2-апрелинде КР жарандары Э.Б., С.С. жана А.М. кармалды.

Буга чейин УКМКга жазуу түрүндө О.Ю. аттуу жаран М.у.А. аттуу анын тууганын уурдап, физикалык күч колдонуп, белгисиз даректеги ижарага алынган батиринде кармап тургандыгы, уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалгандар («Дөө» каймана аты менен белгилүү) Ч.Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобуна катышы бар экендиги такталган.  

Учурда кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, алардын бири КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК: Ош шаарында 894 грамм баңгизат сатып жүрүшкөн милициянын подполковниги менен старшинасы кармалышты

Кыргыз Республикасынын УКМК Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңги заттарын жүгүртүүнү аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштин алкагында милициянын полковнини А.У.К. жана милициянын старшинасы Т.у.А. кармалды.

КР УКМК кызматкерлери, аталган А.У.К. 2022-жылдын 1 нен 2 сине караган күнү түнкү саат 03:15 чамасында 894 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар баңги затын белгиленген жерге бекитип таркатып жүргөн жеринен Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнун (УККБ) башчысы, милициянын подполковниги,1982-жылы туулган А.У.К. жана Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн (МККБ) 4-взводунун кенже инспектору 1998-ж.т. Т.у.А. кармады.

Жыйынтыгында Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңги затын ташыган каналдардын биринин ишине бөгөт коюлду.

Нурил Алымбаев Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине байланыштуу Алымбаев Нурил Жайылбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Эркин Тентишев Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тентишев Эркин Саткынбаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Садыр Жапаров социалдык жана маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек акыларынын массалык жогорулоосу тууралуу билдирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык жыйынында бир нече министрликтерде эмгек акыны жогорулатуу боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу билдирди.

«Берген убадабыз боюнча сөзүбүзгө туруп, бүгүндөн тартып сиздердин айлыктарды көтөрдүк.

Өткөн жылы, өзүңүздөр билгендей, медиктердин айлыктарын көтөргөнбүз.   Мен маданият тармагынын кызматкерлеринин айлыктарынан баштагым келип турат.

Менин Жарлыгыма ылайык, биз айлык акыларды дээрлик 100 пайызга көтөрдүк.

Бир-эки мисал айтайын.

Эгерде Аламүдүн райондук борбордук китепкананын жетектөөчү китепканачысынын айлык акысы  мурда 10 875 сом болсо, эми 1-апрелден баштап анын айлык акысы 21 845 сомго, 2 эсеге көбөйдү.

Нарындагы мамлекеттик областтык тарыхый-этнографиялык музейдин жетектөөчү илимий кызматкери мурда 17 550 сом алса, эми 33 222 сом алат.

Айлык менен кошо бийик тоолуу жерлер боюнча кошумча үстөк  толук сакталды.

Ош академиялык Бабур атындагы театрдын актёру мурда 17 700 сом алса, эми  28 239 сом айлык алат.

Республикалык Баялинов атындагы балдар китепканасынын жетектөөчү китепканачысы мурда 9000 сом айлык акы алып келсе, эми 1-апрелден баштап 20 444 сом алат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент белгилегендей, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кызматкерлеринин эмгек акылары да орточо эки эсе жогорулады.

«Ошондой эле ушул жерде отурган Ат-Башы райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Тилек Султангазы уулуна да токтоло кетейин. Шайлоо өнөктүгү маалында сиз мага „социалдык кызматкерлердин айлыгын көтөрүп берсеңиз“ деп кайрылган элеңиз.

Бүгүн сиздин өтүнүчтү толук канааттандырдык.

Билесиздер, дал ушул адамдар жалгыз бой кары-картаңдарыбызды ак ниеттен мамиле кылып карап-багып келишет, ошондой эле турмушунда оор кырдаалга туш болгон балдарга да мээримин төгүп, камкордук көрөт.

Алардын айлыгы бийик тоо шартында 7,5 эле миң сом болчу, эми бул айдан баштап 14 миң сомго чейин, стажы көп болсо — андан да көп алышат.

Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акы фондусу орто эсеп менен 50 пайызга жогорулады.

Бул жерде — „айлык акылар категориялар үчүн төлөнчү төлөмдөрдү алып салуунун эсебинен жогорулатылат“ деген кептердин баары чындыкка коошпостугун дароо эле айтып кетейин.

Биз категориялар үчүн төлөмдөрдү сактап, калтырабыз!

Маселен, Сузак районунун № 15 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы 32 жылдык стажы бар үй-бүлөлүк дарыгер мурда 17 500 сом алып келген болсо, мындан ары ал 25 718 сом ала баштайт.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын 14 жылдык стажы бар медайымы  — медсестра 1-апрелге чейин 11 миң сом алса, ушул айдан тарта 17 миң 248 сом ала баштайт.

Албетте, медицина кызматкерлеринин айлык акысын талаптагыдай деңгээлге көтөрө электигибиз өкүнүчтүү. Келечекте дарыгерлер бир нече эсе көп айлык акы алышы керек  деп ойлойм.

Бул жерде суроо туулат — мындай кирешени эмненин эсебинен камсыздоо керек: мамлекеттин эсебиненби, медициналык камсыздандыруунун эсебиненби же жеке практиканын эсебиненби, же болбосо жогоруда айтылгандарды кандайдыр бир айкалыштыруу жолу мененби?

Учурда бүтүндөй бир чоң команда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун системасын реформалоонун үстүндө иштеп жатат.

Биз бул иштин натыйжасында медицина кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча ачык-айкын жана татыктуу системаны калыптандыруу үчүн чечкиндүү чаралар көрүлөт деп турабыз.

Эми билим берүү министрлигине токтололу.

Министрликке быйыл кошумча 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүп бердик.

Муну менен Билим берүү министрлиги — эң көп каржыланган министрлик болуп калды.

Мында бардык категориядагы кызматкерлердин айлык акысы 50  пайыздан жогору көтөрүлдү. Эмгек акы системасы калыбына келтирилди. Оклад системасына өткөздүк, категорияларды да киргиздик.

Бул жерде орто мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 80 пайызга өстү дегенибиз менен, чындыгында — айрым учурларда айлык акы үч эседен ашык көтөрүлдү.

Маселен, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалимин алалы: педучилищаны бүтүргөн, эмгек стажы жок мугалимге мурда 8 846 сом чегерилип, колуна 7200 сом алып келсе, 1-апрелден баштап ага 23 933 сом чегерилип, колуна 21 800 сом ала баштайт.

Көрүп турганыныздай, үч эсеге көбөйүп атат.

Дагы бир мисал, Ысык-Ата мектебинин педагогикалык иш стажы жок, бакалавр даражасына ээ математика мугалими 1-апрелге чейин 10 миң 450 сом алса, (чегерилгени 12 миң 907 сом) эми 25 миң 300 сом ала баштайт. (чегерилгени 31 миң 333 сом).

Ушул жерден биз баса белгилеп коюшубуз керек.  Мугалимдердин айлыгына акчабызды мындан ары да аябайбыз. Мүмкүнчүлүк болоор замат, дагы да жогорулатып беребиз. Бирок аларга коюлган талабыбызды да мындан ары катуу коебуз!

Ушул айдан баштап, бардык мектептерде аттестиациялоо иштери жүргүзүлөт.  Балдарыбызга, келечек муундарга сабакты эң татыктуу, эң акылдуу, эң дасыккандарыбыз окутсун.

Педагог диплому болбосо дагы, атайын курстан өткөн агай эжекейлерди даярдап, биз быйыл жайында ар бир мектепке жок дегенде 10-15тен жаңы мугалимдерди алышыбыз керек!

Өзгөчө математика, так илимдер, компьютер жана чет тил сабактарынан эң жогорку квалификациядагы мугалимдерге муктажбыз.

Мен азыркы жаштарга да кайрыламын. Мектеп мугалими болуп иштеңиздер!

Мындан жогору ардак да, аброй да башка кесиптерде өтө аз.

Биздин улутубуздун эртеңки ийгилиги, азыркы мектептерде гана жарала турганын эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Мектепке чейинки билим берүү  мекемелеринин (бала бакчалардын) тарбиячыларынын эмгек акысы дагы 80%га өстү.

Эми бардык министрликтердин кенже жана техникалык кызматкерлерине өзүнчө токтоло кетейин.

Биз аларды да унуткан жокпуз.

Бул кызматкерлердин эмгегин адилеттүү баалоого өзгөчө көңүл бөлдүк, алардын айлык акыларын дээрлик бардык жерде эки эсеге жогорулаттык.

Ошентип, 1-апрелден тарта 309 миңге жакын социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 2022-жылдын 9 айына кошумча 26 млрд сомду бөлдүк.

Бул төлөмдөрдөн тышкары, 1-июндан баштап балдарга жөлөкпулдарды, аларга жеке кам көргөндөргө жана башка категориядагыларга төлөмдөрдү көбөйтүүнү пландап жатабыз.

Пенсияны, адаттагыдай эле, ушул жылдын октябрь айында көтөрүү планыбызда.

Эмгек акыларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү көтөрүү жөн эле номиналдуу эмес, олуттуу түрдө сезилерлик болушу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз!», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Меню