Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

УКМК: КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Базар-Коргон райондук башкы инспектору кармалды

КР УКМК Жалал-Абад областы боюнча Башкы Башкармалыгы Жалал-Абад облустук прокуратурасы менен биргеликте 2022-жылдын 18-майында 15000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен С.Ч.А. аттуу КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад областык башкармалыгынын Базар-Коргон райондук көзөмөл-текшерүү кызматынын башкы инспектору кармалды.

Аталган С.Ч.А. аттуу Базар-Коргон райондук көзөмөлдөө-текшерүү кызматынын башкы инспектору Базар-Коргон районунун тургунунун жеке менчик аймагындагы жашыл аянтчаларды мыйзамсыз кыюу фактысын жашыргандыгы үчүн, материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүүнү жана андан ары соттук териштирүү болот делген коркутуу жолу менен опузалап 50 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран Базар-Коргон районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мамыржан Рахимов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Рахимов Мамыржан Тойчиевич Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калабына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды.

УКМК: Пара алуу фактысы боюнча Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси кармалды

КР УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 342-берененин 2-бөлүмүнүн 4-пункту (Пара алуу) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмштын алкагында Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси А.Н.Т. кармалды

    Такталгандай, Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси каза болгон адамдын сөөгүн өлүкканага кабыл алуу жана каттоо, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү жана маркумдун сөөгүн ачуудан баш тартуу боюнча атайын коррупциялык схема уюштуруп алганы аныкталды. 

     Тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери тарабынан ар кандай мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн акча каражаттарын системалуу түрдө алып жаткандыгы жөнүндө маалыматтар алынган. Тактап айтканда, аталган мекеменин кызматкерлери тарабынан пара алуу боюнча 10дон ашык фактылар аныкталып документтештирилген 

      Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Иманкадыр Рысалиев: Украина сабактары

Биз Укранинадагы абалга сүңгүп кирип карабай эле коелу, анткени биздин өлкө нейтралитет шартында жашап, иштеп, күнүн көрүп жатат. Биз таасир эте албаган азыркы мындай шарт-жагдайлар менен эсептешип жашашыбыз керек болуп турат. Андан көрө өзүбүздүн көйгөйлөрүбүз тууралуу сүйлөшөлүчү… Украинада болуп жаткан окуялар бүт дүйнө жүзүнө жана өзгөчө бизге армиянын өзгөчө ролун жана маанилүү экенин көрсөтүп койду. Тажикстан менен болгон биздин чек арада болуп жаткан кагылышуулардан улам, биз дайыма аскердик даярдыкта турууга аргасыз болуудабыз.

Мындай кырдаалда биз кандай аракеттенишибиз керек жана  эмне кыла алабыз?

Россия менен Украинанын ортосундагы курчуп бараткан абал жана анын масштабдары күчөгөндөн күчөп, учурда сен жок кылбасаң, сени жок кылат! деген миң жылдык согуш логикасы иштеп баштады. Россия 40 өлкөдөн турган коалиция менен күрөшүп жатат, бул өлкөлөр өздөрүнүн демократиялары, өз жашоо мүнөздөрү үчүн жана эки дүйнөлүк согушту башынан өткөрүү менен жеткен дүйнөлүк тартиби үчүн күрөшүп жаткан, эң бир өнүккөн өлкөлөр болуп саналат. Же ушундай жагдай түзүлүп калдыбы, же эки славян өлкөсүнүн саясатчыларынын амбицияларынанбы, айтор, азыр батыш жамааты Россия менен Украинанын аймагында согушуп жатат, анын жарандары  курмандыкка чалынып жатат. Украинага уламдан улам көптөн берилип жаткан курал-жарак аны Россиянын чектерине улам жакындап бараткан чөкпөс кемеге айландырып койду. Эгерде НАТО Украинадан орустарды сүрүп, аны коргоп кала алса, анда калп эле коргоочу деп аталган альянстын ракеталары Россиянын борбор аймактарына тез арада эле учуп жете турган жакындыкта жайгаштырылып калышы ажеп эмес. Мындай каршылаш жагдайда андай же мындай деш кыйын, анткени согушуп жаткан тараптар кайта турган чектен өтүп кетип, ядердик согуштан баш тарта албай, ал эмес андан ары дүйнөлүк ядердик апокалипсисти да токтото албай калышы мүмкүн болот …

  • Украина учурда 40 өнүккөн өлкөнүн экономикасы колдоп турган регионалдык аскердик державага айланып калды, эми бул жагдайда коррупцияга аралашып калган армия – бул ишенимсиз коргоочу, ишке жарабай турган жоокер болуп калаарын моюнга алыш керек.

Биринчи сабак: биздин кичинекей өлкөбүздө армияда коррупция болсо, анда Кыргызстан мамлекет катары жок болот дей бериңиз! Бул маселе өтө орчундуу орунда туруп, ага жараша армияда коррупциянын болбошу үчүн эң катаал чаралар көрүлүшү кажет. Азыр геосаясаттык дүйнө тез арада эле өзгөрүлүп, жаңы дүйнөлүк тартип орноп жатканын эске алсак, айрым мамлекеттерди башкалары жутуп алып, алардын жок болуп кетиши – бул эзелтен келе жаткан тарыхый практика болуп эсептелет. Биринчи кезекте бийлик институттарын жана күч түзүмдөрүн коррупция баскан мамлекеттер урап, жок болот.

  • Анализдер көрсөткөндөй, азыркы учурда биз да, үй-бүлөлүк клан башкарган Тажикстан да Афганистан менен болгон чектерибизде россия дивизиясына ишенбешибиз керек, алар кубаттуулуктарын каалаган маалда Украинага жөнөтүп жиберсе, Американын аскери жыйырма жыл күрөшүп жеңе албаган афган Талибандары менен өзүбүз жекеме – жеке калып кетебиз. Учурдагы абалда афган Талибанынын идеологиясы жана мамлекеттик түзүлүшү эч бир кыйынчылыксыз эле Тажикстанга кирип келет. Мунун себептери эң жөнөкөй, үй-бүлө кланынын башкаруусу кандай болбосун мамлекеттин пайдубалын бошоңдотуп коет. Бул тенденция бизге да түздөн-түз тиешелүү…

Талибандын күчү эмнеде?

Коррупциянын жоктугунда, адилеттүүлүккө болгон ишенимдин күчтүүлүгүндө жана катаал аскердик тартипте. Биз буга каршы эмнебизди кое алабыз? Талибанга бир гана нерсе каршылык көрсөтө алат, ал: армия менен элдин биримдиги. Эгерде тажик Талибаны кол сала турган болсо, биз аз убакыттын ичинде окутулуп, даярдалган элибизди мобилизациялоого жана куралдандырууга жетише алгыдай чараларды мамлекет иштеп чыгып берүүгө милдеттүү. Демек, бизде аскердик окууларды гана өткөрбөстөн, резервисттер менен тынымсыз иш алып баруу кажет.

Армия бул мамлекеттин кузгүсү, жүзү, өзүндүн армиянды камкордукка алып, бага албасан, бирөөнүкүн багууга туура келет. Бул элдик накыл кылымдар бою тастыкталып келген, а бүгүн болсо болуп көрбөгөндөй актуалдуу болуп турган чагы.

Бишкекте 4-5-майда «Мурас» футбол боюнча достук мелдеши өтөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Мурас» футбол боюнча достук мелдешине катышат.

Спорттук иш-чарага 12 команда катышат. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча алар төрт топко бөлүнөт:

• А тайпасы: Президенттин Администрациясы, «Ден соолук», Жогорку Кеңеш;

• В тайпасы: «Өнөр», «Билим», «Ыйман»;

•С тайпасы: «Бизнес», «Элчилер», «Спорттук федерациялар»;

•D тайпасы: «Алга», «Аймактар», «Журналисттер».

4-майда тайпалык жана чейрек финалдык оюндар, 5-майда жарым финал, үчүнчү орун үчүн беттеш жана финалдык мелдеш болот.

Турнир Кыргызстандын футбол союзунун жана Президенттин Администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.

Оюндарды Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана «КТРК Спорт» телеканалы түз алып көрсөтөт.

Түз алып берүү убактысы:
– 4-май саат 10.00;
– 5-май саат 12.00.

Кыргызстанга кирүүдө ПЧР-тест талап кылуу жокко чыгарылды

1-майдан тарта өлкө аймагына кирүүдө коронавируска ПЧР-тест, эмдөө жөнүндө сертифкат талап кылуу жокко чыкты.

Мындай чечим Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов өткөргөн Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта 2020-жылы 22-мартта өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал режиминин алуу маселеси каралат.

Мындан эки күн мурда Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларда коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптар жок экенин билдирген. Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жуктуруп алгандар кескин азайып, айрым күндөрү катталбай жатат. Өлкөдө COVID-19га кабылгандардын жалпы саны 200 990 адам, 2991 бейтап көз жумду.

Жалпысынан коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллиондон ашык адам алды, толук эмделгендер 1,3 миллионго чукулдады. Бустердик (үчүнчү) доза 161 миңден ашуун кишиге сайылды.

Апрелдин башында Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 20% жете электигин билдирген. Мындай төмөн көрсөткүчкө медиктер арасында өздөрү эмдөөнү толук түшүнбөй, калкка жеткиликтүү маалымат бербей жатканы себеп экени айтылган.

УКМК: Тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алган эмес

Тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан маалыматтын алкагында, алынган ишенимдүү маалыматтарга караганда, тажик тарап “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарды чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы менен, ошондой эле башка түркиялык ушуга окшогон өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзбөгөндүгүн маалымдайбыз.

Буга байланыштуу тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы тууралуу маалымат такталбаган маалымат.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасы Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшап, тынчтык жана жакшы коңшулук саясатын жүргүзүп жатканын маалымдайбыз. Кыргыз тарап сатып алган түрк учкучсуз учуучу учактары Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунучтун жогору болуп жаткандыгына байланыштуу коргонуу максатында гана алынган. Кыргыз тарап коңшу мамлекеттерге карата агрессивдүү саясатты эч качан карманган эмес жана карманбайт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кошумча көзөмөл-өткөрмө бекеттерди ачуу пландалууда

2022-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кошумча 3-4 көзөмөл-өткөрмө бекетин ачуу пландалууда. Бул тууралуу тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев билдирди.

Депутат Эльдар Сулайманов Жогорку Кеңештин 27-апрелиндеги жыйынында Чек-Абад айлында (Ош облусунун Араван району менен Анжиян облусунун Мархамат районунун ортосунда) пост болгонун жана жабылып калганын маалымдады.

«Менин маалыматым боюнча Кыргызстанга чек араны ачуу үчүн Өзбекстандан 40 кишиден турган делегация келет. Көмөк көрсөтүшүңүздү сурайм», — деди депутат.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлеринин жолугушуусунда бул маселе көтөрүлгөнүн айтты.

«Кайсы ишти алар, кайсы ишти биз аткара турганыбызды карап чыгышыбыз керек. Көп убакыттан бери бул маселени талкуулап келебиз, быйыл болсо 3-4 көзөмөл-өткөрмө бекет ачууга шарт түзөбүз», — деп кошумчалады ал.

Мурда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшан Сабиров Кыргызстан менен Өзбекстан Жалал-Абад облусунун чек ара аймагында (Ханабад менен чектеш жеринде) кошумча көзөмөл-өткөрмө бекет ачуу маселеси талкууланып жатканын айткан.

Медербек Шерметалиев “Кабар” КУМА директору болуп дайындалды

Бүгүн, 26-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Шерметалиев Медербек Асанбекович Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору болуп дайындалды.

Кубанычбек Таабалдиев “Кабар” КУМА директору кызматынан бошотулду

Бүгүн, 26-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Таабалдиев Кубанычбек Абдименович ээлеген кызматынан бошотулду.

Меню