Menu

Author Archives: Эргешов Бактыбек

Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Бүгүн, 4-октябрда Москва районунун Ак-Суу айылындагы ипподромдо болжол менен 45-50 жаштардагы, европа түспөлүндөгү эркек адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн  сөөгү табылган. Бу тууралу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирет.
Аталган факт Москва РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Чүй ОИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Москва РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталып 1986-жылы туулган К.К. аттуу
жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

ИИМ: Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы 150.000 сом пара алып кармалды

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына түшкөн ыкчам маалыматка ылайык Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы Р.С. кызмат абалынан пайдалануу менен жеке кызыкчылыктарын жогору коюп кол алдында иштеп жаткан бөлүм башчы аркылуу аудитор кызматына жумушка алуу үчүн 150.000 сом талап кылып алып, ал акча каражатын жеке  максаттарына жумшаган.
Аталган факт боюнча, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин “Опузалап пара алуу” фактысы боюнча кылмыш иши козголуп Ички иштер министрлигинин ыкчам  кызматкерлери тарабынан атайын иш чара өткөрүлгөн.
Анын жыйынтыгында, ИИМдин Тергөө кызматы жана Кылмыш иликтөө  башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 24-сентябрында Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы 1966-жылы туулган Р.С. кармалып Бишкек ШИИББнын Убактылуу кармоо жайына киргизилди.
26-сентябрда ага айыбы угузулуп, Р.С. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып Каржы министрлигинин ички аудит кызматынан ар кандай кызмат орундарына жумушка алуу үчүн акча алып жүргөндүгү аныкталган.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-сентябрында Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камакка  алынды.
Ири өлчөмдөгү пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин  ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Акылбек Жапаров Бишкекте №75 мектеп-лицейдин ачылышына катышты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров №75 жалпы билим берүүчү мектеп- лицейдин ачылыш аземине катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, мектептин имараты авариялык абалда болгон, буга байланыштуу 550 окуучуга эсептелген жаңы мектепти куруу чечими кабыл алынган.

«Бүгүн биз жаңы, заманбап мектепти ачып жатабыз, анда өлкө жетекчилигинин, борбордун мэриясынын аракети менен балдардын билим алуусу жана инсандык өнүгүүсү үчүн жакшы шарттар түзүлдү. Билимди алуу жана топтоо гана эмес, алган билимди иш жүзүндө пайдалана билүүнү үйрөнүү керек. Билим берүү тармагында реформаларды баштап, 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатабыз. Балдарыбыздын мамлекеттик, расмий жана англис тилдерин эркин билүүсүнө өзгөчө көңүл бурулат. Биздин жарандар өлкөдө жашап, дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда эмгектенишине кызыкдарбыз», – деди Акылбек Жапаров.

Маалымат үчүн: Эки кабаттуу билим берүү мекемеси 20 окуу классынан турат. Жер участогунун жалпы аянты – 1,8 га, ал эми имараттын аянты 5607 кв. метрди түзөт.

Мектепте бардык зарыл көмөкчү кабинеттер: кийим илигичи менен вестибюль, санитардык кабинеттер, канцелярия, универсалдуу мастерской, кыздар үчүн эмгек классы, дарыгердин, техникалык кызматкерлердин, машыктыруучунун кабинети, инвентарларлар коюулуучу, дарылоо бөлмөлөрү, ашкана, түштөнүү залы. кийим алмаштыруучу жай, лабораториялар, китепкана, окуу залы жана жыйындар залы каралган.

Окуу класстарынан тышкары мектеп имаратында өзүнчө блок менен бөлүнгөн музыка класстары да бар.

Өзбекстандын Конституциясы өзгөрсө Каракалпакстан суверендүү макамынан ажырап калышы мүмкүн

Өзбекстандын Конституциясын өзгөртүү долбоорунда Каракалпакстанды суверендүү макамынан жана республиканын курамынан чыгуу укугунан ажыратуу сунушталууда. Бул тууралуу “Медиазона” басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Баш мыйзамдын “Каракалпакстан Республикасы” деген бөлүмүндөгү алты берененин бешөөнө тиешелүү.

Өзбекстандын азыркы Конституциясында Каракалпакстан суверендүүлүгүн Өзбекстан коргой турган суверендүү республика катары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары Каракалпакстанда жергиликтүү элдин катышуусунда өтө турган референдумдун негизинде Өзбекстандын курамынан чыгуу укугу бар экени жазылган. Баш мыйзамга сунушталып жаткан азыркы өзгөртүүлөрдө бул нормаларды алып салуу каралууда.

“Газета.уз” басылмасы Өзбекстандын Конституциясын реформалоо боюнча комиссияга шилтеме кылып, сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү Каракалпакстандын парламент (Жогорку Кеңеш) депутаттары иштеп чыкканын жана ал “бир добуштан” жактырылганын жазды. Басылманын маалыматына караганда, аймактын жашоочуларынан Жогорку Кеңешке “Каракалпакстанды Өзбекстандын ажырагыс бөлүгү деп аныктоо тууралуу көптөгөн сунуштар келип түшкөн”.

“Медиазона” кабарлагандай, конституциялык комиссия сунушталып жаткан өзгөртүүлөр “каракалпакстан жана өзбек элдеринин биримдигин чыңдоого”, ошондой эле “Бир өлкө – жалпы келечек” идеясын бекемдөөгө багытталганын билдирүүдө.

25-июнда Өзбекстандын Конституциясын өзгөртүү долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев демилгелеген өзгөртүүлөрдө башка сунуштар менен катар президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узартуу сунушу да бар. Мындан тышкары азыркы мамлекет башчынын буга чейинки президенттик мөөнөттөрү “жокко чыгарылып”, ал кайрадан өз талапкерлигин коюу мүмкүндүгүнө ээ болот.

Каракалпакстан Өзбекстандын жалпы аймагынын үчтөн бир бөлүгүн ээлеп турат. 1930-жылы Каракалпак автоном облусу Казак АССРинин курамынан чыгарылып, түздөн-түз РСФСРдин баш ийүүсүнө өткөн. 1936-1990-жылдары Каракалпакстан АССР катары Өзбек ССРинин курамында болгон.

1990-жылы декабрда Каракалпакстан автоном республикасынын парламенти өлкөнүн толук эгемендигин камсыздай турган “Мамлекеттик суверендүүлүк тууралуу” декларация кабыл алган. Бирок 1993-жылы өзбек өкмөтү Каракалпакстан бийлиги менен “Каракалпакстан Республикасынын Өзбекстандын курамына кирүүсү тууралуу” 20 жылдык мөөнөткө мамлекеттер аралык келишимге кол коюшкан. Ал макулдашууда автоном республиканын референдум аркылуу Өзбекстандын курамынан чыгууга укугу бар экени жазылган. Бирок 2013-жылы келишим мөөнөтү аяктагандан кийин андагы убадалар унутулуп, бул маселени көтөргөн “Алга, Каракалпакстан” кыймылынын мүчөлөрү кысымга кабылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

Садыр Жапаров: "Атамбаев да Кудайдын бир макулугу, пендеси. Өзү айткандай, бир жерин кысып тынч олтуруп турсун. Айтып койгула"

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маек куруп, коомчулуктун курч суроолоруна жооп берди.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич! Биздин суроолорго жооп берүүгө макулдугуңузду бергениңиз үчүн алдын ала ыраазычылык билдиребиз. Алгачкы эле суроом коомчулукта катуу талкуу жаратып жаткан казино маселеси боюнча болмокчу.

Казинолорду иштетүүгө уруксат берген мыйзамды депутаттар колдоп беришти. Айрым депутаттар добуш берүү мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып чыгышты. Маселен, депутат Адахан Мадумаров бул мыйзамды күчкө салып өткөрүп жатканын, мыйзам бузууларга жол берилгенин айтты. Соцтармакта деле казинолорду иштетүүгө каршы экенин анча-мынча блогерлер жазып жатышат. Бул мыйзам долбооруна сиздин пикириңиз? Кол коёсузбу, жокпу?

— Саламатсызбы. Ооба, депутаттар колдоп беришти. Колдоп берген депутаттарга алкыш гана айтышыбыз керек. Эми казинонун мамлекетке тийгизген таасири жөнүндө өзүмдүн ой-пикиримди билдирейин.

Биринчиден, 2012-жылы казинолор жабылгандан тартып бүгүнкү күнгө чейин көмүскө казинолор иштеп келе жатканы баарыбызга маалым. Ошол эле убакта укук коргоо органдарынын чара көргөндүгүнө карабастан, мүлктөрүн конфискациялап, өздөрүн мыйзам чегинде камап жаткандыгына карабастан, дагы деле көмүскө казинолор иштеп жатат. Демек, бул процессти мамлекет өз көзөмөлүнө алып, көмүскө каржы булактарын мамлекеттин казынасына түшө турган кылып, ошол эле мезгилде бүгүнкү күндө көмүскө казинолорго барып жаткан биздин жарандарыбызды ал казинолордон куткарып алуу милдети турат. Эртең мамлекет казинолорду мыйзам чегинде, ачык эле ачып койсок, көмүскө казинолор дароо жок болот. Албетте, бүгүн көмүскө казинолорго барып жаткан биздин жарандардын барчу жери калбайт. Ал эми бүгүнкү кабыл алынган мыйзамдын негизинде кыргыз жарандары казиного киргенге катуу тыюу салынат. Буга биз мамлекет тараптан толук кепилдик бере алабыз. Биздин бир дагы жаран казиного кире албайт, чет өлкөлүктөр гана киришет. Бул боюнча көзөмөл кылуунун механизмдери толук иштелип чыкты.

Андан сырткары, казино ээси лицензияны мамлекеттен ири суммадагы акчага сатып алат. Эгер кыргыз жаранын казиносуна киргизген болсо, анда ал казино ээси лицензиясынан ажырайт. Ошондуктан казино ээси кыргыздын 5-10 миң доллар акчасына кызыгып, өзүнүн миллиондогон долларга сатып алган лицензиясынан ажырап калгысы келбейт. Анан дагы казиного карапайым адамдар кирбейт. Аларга кызыгы да жок. Акчасы бар, акчасы асмандан түшкөндөр кирет. Ошого карабастан укук коргоо органдары казиного кирген биздин жарандарыбыз болсо, мейли ким болбосун, мыйзам бузганы үчүн камап коюшат. Айрым каршы чыккандар “биздин жарандар банкрот болушат, үй-бүлөсү менен ажырашат” деп, элдин аң-сезимине ойноп жатышат. Эч качан андай болбойт. Көзөмөл катуу болот. Биздин жарандардын киришине жол бербейбиз. Ага толук күчүбүз жетет.

Экинчиден, казиного чет өлкөдөн келген миллионерлер менен миллиардерлер киришет. Казынага миллиарддаган салык түшөт. “Байдыкын байкуш аяйт” болбогула. Ошол каражаттар менен айылдарыбыздын жолдоруна чейин оңдойлу, тышкы карызыбыздан кутулалы. Элибиздин жашоо-шартын оңдоп алалы. Мына, мисалы, мурдагыдай салык менен бажыдан түшкөн каражаттын эле көзүн карап олтурбастан, “Кумтөрдү” алып, кошумча киреше булагыбыз пайда болуп, социалдык тармактагы кызматкерлерибиздин айлык акыларын үч эсеге чейин көтөрүп бердик. Эми казинодон түшкөн акча каражаттары менен калган баардык министрликтердин эмгек акыларын дагы жогорку деңгээлге көтөрөбүз. Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын бир айдан экинчи айга үй-бүлөлөрүн бакканга кенен жеткидей деңгээлге чыгарышыбыз керек. Ошондо гана коррупция токтойт. Ошондо гана мамлекеттик кызматтарга жогорку деңгээлдеги адистер келет, ошондо гана элибизди бийик деңгээлде тейлей башташат, сапаттуу кызмат көрсөтүшөт. Дасыккан адистер бүгүнкү 5-10 миң сомдук айлыкка келбей жатышат.

Үчүнчүдөн, мен көп жагынан таланып-тонолгон, сазга баткан Кыргызстанды колго алдым. Өзгөчө сырткы карызды төлөө убактысы менин учурума туш келди. Быйыл 23 миллиард сом сырткы карызды жабууга беришибиз керек. Эмдиги жылы 25 миллиард сом карыз жабабыз. Ушинтип алдыдагы 10 жыл бою 30 жылдан бери алган сырткы карыздарыбызды төлөйбүз. Төлөй албасак, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготобуз. Тилекке каршы, карыздарды жабуу менин маңдайыма туш келиптир. Ушул карыздардын баары 30 жылда алынып, толугу менен экономикабызга колдонбостон, жарымы уурдалып кеткен. Анысы аз келгенсип, үстөк пайызы жогору.

2020-жылы эле эмгек акыларды көтөргөндү, жолдорду жасаганды, ири долбоорлорду ишке ашырганды бул жакка коелу, “сырткы карызыбыздан кантип кутулабыз, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алабызбы эми?” деп сарсанаа болуп олтурбадык беле. Тез эле унутуп калдыңарбы?

Алакан жайып коркуп олтурбастан, бир нече ири долбоорлордун бири “Камбар-Ата-1” ГЭСин кура баштадык. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун Кудай буюрса, эмдиги жылы баштайбыз. Мунун баары өзүнөн-өзү ишке ашпайт, көп каражатты талап кылат. Бирок бул ири долбоорлор бүтүп кетсе, “Кумтөр” менен казино сыяктуу эле мамлекетибиздин ири киреше булактары болот. Мында айылдардын жыртык жолдоруна чейин оңдоп, айлыктарды, пенсияны, жөлөк пулду көбөйтүп, энергетикалык көз карандысыздыкты бекемдеп, кубаттуу экономиканы түптөп, армиябызды күчтөндүрүү милдети менин мойнумда турат. Мени беш жылга шайлап, өзүңөрдүн жана мамлекеттин тагдырын ишенип бердиңерби? Эми ошол ишенимиңерди актаганга мага мүмкүнчүлүк бергиле да. Казино менин жеке кызыкчылыгым эмес, бүткүл мамлекеттин кызыкчылыгы. Каршы чыккандардын арасында кээ бирөөлөрдүн жеке акчалай кызыкчылыктары бар. Кээ бирөөлөрү динге таянып каршы чыгышууда. Мен аларды туура түшүнөм. Бирок мамлекет динден тышкары. Дин менен мамлекеттин ишин аралаштырбагыла. Каршы чыккандар менин ордумда болуп, мамлекеттин бүгүнкү экономикалык акыбалын ичинен көрүп турган болсо, эч качан каршы чыгышмак эмес. Тескерисинче, колдоп турушмак. Бүгүн дүйнөдө кайсы гана мамлекет болбосун, арам менен адалды ылгабайт. Эртең менин ордума президент болуп молдо келип калса дагы, элин багышты, мамлекетин кризистен чыгарып, жаштардын жаркын келечегин куруп кетишти ойлонот. Бүгүн бир нече мусулман мамлекеттеринде дагы казинолор иштеп жатат. Ортобузда экономика үчүн күрөш жүрүп жатат. Бул күрөштө каршы чыккандын ордуна ар бир кыргызстандык бийликке жардам бериши керек. Арканды алыс таштап, ар бир маселеде терең ой жүгүртө билиш керек.

2012-жылы мен “Кумтөрдү” алып, мамлекетибиздин кызыкчылыгына иштетели” деп чыкканымда, мени эл душманы кылышкан. Мына он жылдан кийин алкыш айтып олтурасыңар. Казинодон түшкөн киреше дагы көп күттүрбөйт. Бир-эки жылдан кийин ыракмат айтасыңар. Чыдап тургула. Ар бир ишке өзүнүн баасын берчү убакыт келет. Биздин саясатты колдогондор дагы ар кимди ээрчип, жөн эле дүрбөлөңгө түшө бербегиле.

Ушул мыйзам долбоорунан саясий упай топтоп, жарандарыбыздын диний ишенимдерине ойноп, өздөрү эптеп бийликке келүүнү эңсеген күчтөргө кайрылат элем, силерге саясий упай маанилүү болсо, мага азыр элдин бакубат турмушу маанилүү. Силерге саясий рейтинг зарыл болсо, мага кубаттуу экономика зарыл. Жогорку Кеңеш ишке кирген жети айда эл турмушун оңдой турган бир да мыйзам же сунуш айтпай, саясий шоу менен гана алек болгон айрым популист депутаттарды элибиз өзү талдап, өз баасын берет. Ага убакыт келет.

Биздин ар бир аракетибиз – эл турмушун жакшыртуу, өлкөнү өнүктүрүү.

Мыйзамды колдоп берген, мамлекеттин кызыкчылыгын саясий популизмден жогору койгон эл өкүлдөрүнө дагы бир жолу ыраазычылык билдирем. Мен “суф” деп эле экономиканы көтөрүп койчу сыйкырчы эмесмин. Экономиканы көтөрүүгө тиешелүү ар кандай мыйзамдарды колдоп берип тургула. Элдин жашоосун тездик менен оңдоп алалы. Анча-мынча популисттерди ээрчип кетпегиле.

Кедей жашаган элдерибизди кедейликтен чыгарып алалы. Чет өлкөгө тентип кеткен кыздар-балдарыбызды бир аз да болсо кайтарып алалы. Жогорку эмгек акы менен 15 миңден ашык жумушчу орундары пайда болот.

Эми Мадумаров жөнүндө жооп берсем. Анын сөздөрүнө көңүл бурбай эле койсоңуздар болот. Ал жарыктык киши 30 жылдан бери саясатта жүрөт. Эл үчүн көзгө көрүнөрлүк бир дагы алгылыктуу иши жок. Кудай тилди бериптир, көрөгөчтүктү, даанышмандыкты, уюштуруучулук касиетти бербей коюптур.

Чындыгын айтсам, өзү 2005-жылдан кийин биринчи вице-премьер болду, спикер болду, андан кийин өлкөнүн эң негизги идеологу болгон мамлекеттик катчы болду. Дал ошол мезгилде казинолор жөнүндө мыйзамдарды кабыл алып берип, казинолор иштей баштаган. Дал ошол мезгилде ажырашуулар, банкрот болгон жарандарыбыз көп болгон. Биз азыр андайга жол бербейбиз. Баарын ойлонуштуруп койдук. Ошон үчүн биздин жарандарга мыйзам чегинде кирүүгө тыюу салдык. Күчүбүз жетет. Анан эле ошол мезгилде өзү өткөрүп берген казиного ошол кезде каршы болбостон, бүгүн эле ыймандуу, өтө ынсаптуу “таза” адам болуп, акыл үйрөтүп чыга келгени таң калтырат. Бир үй-бүлөнү тыңгылыктуу бага албагандар мага акыл үйрөтпөй эле койсун.

Мадумаровго мамлекеттин экономикасы кыйрап калса дагы баары бир. Ал киши бүгүнкү каршы чыгып жаткан электоратты жеке өзүнүн саясий кызыкчылыктарына тартуу максатында иштеп жатат. Мен анын мындай кылыктарына көңүл бурбай калгам.

Сөзүм куру болбос үчүн бир-эки мисал келтире кетейин. Адахан Кимсанбаевич мындан бир нече жылдар мурда “Өлкөгө президенттик башкаруу керек. Какканда кийиз казык жерге кириш керек” деп келген. Кайсы бир журналисттин “Садыр Жапаров бийлик башына татыктуубу?” деген суроосуна “азыркы белгилүү саясатчылардын бешөөнү бириктирсең, Садыр Жапаровго тең келе алышпайт. “Татыктуу” деп жооп берген учурлары болгон. Ал учурда мен камакта жаткам. Бул баары бир чыкпайт, электоратын өзүмө бура берейин деп ойлосо керек?

Кудайдын буйругу менен чыгып келип, кийин президенттик башкаруу орнотсок, “президенттик башкаруу мамлекетти талкалайт, болбойт” деп кокуйлап чыкты. Мен бийлик башына келсем, “сабатсыз, жарабайт” деп чыкты. Кыскасы, өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт. Сакайып кетсе жакшы болмок. Өзүнө да, элге да пайдасы тиймек.

Ал мурда бийлик бутактарында турганда кетирген каталарын азыр биз оңдоп келе жатабыз. Бул жөнүндө кийинчерээк айтам.

 Жер казынасын иштетүүгө байланышкан мыйзамга кол койдуңуз. Ага ылайык, өндүрүлгөн продукциянын отуз пайыз үлүшү мамлекеттики болот. Бул баардык кен жайларга тиешелүү болобу же жаңы ачылгандарга тиешелүүбү?

— Кен казынасы деген түшүнүккө баардык кен байлыктардын түрлөрү кирип кетет. Бул мыйзам алтын менен күмүшкө гана тиешелүү. Алтын менен күмүш казып жаткандарга гана тиешелүү. Мындан ары алтын казгандар таза кирешенин 30 пайызын мамлекетке ташташы керек. Алтын – биздин элдин Кудай берген байлыгы, энчиси. Ошол үчүн ушундай мыйзам кабыл алдык. Ал эми башка кен байлыктардын түрлөрү дагы – биздин байлык, бирок алардын баасы арзан. Эгер башка кендердин түрлөрүн дагы алтындай кыла турган болсок, анда көмүр, темир казганга инвесторлор келбей коёт.

— Жакында коомчулукта кызуу талкуу жараткан кийинки тема – УКМК имаратынан эки сөөктүн чыгышы. Буга байланыштуу коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев иштен четтетилиши керектигин айткандар болду. Сиз атайын комиссия түздүңүз. Анын объективдүүлүгүнөн күмөн санабай эле койсо болобу?

— Эч күмөн санабай эле койсоңуздар болот. Биздин коомчулуктан жашыра турган эч нерсебиз жок. Ошон үчүн комиссияга маркум болуп кеткендердин жакын туугандарын, акыйкатчыны, бейөкмөт уюмдарын киргиздик. Иликтеп чыгып, элге ачык жарыялашсын. Бул – кырсык. Албетте, менин жеке баамымда СИЗОнун жетекчисин “Эмне үчүн узарткыч колдонгонго уруксат бердиң?” деп күнөөлөсөк болот. Шнуру узун узарткыч, жип, бычак, устара сыяктуу буюмдарды камерада колдонууга мыйзам тыюу салат. Бирок мен УКМКнын СИЗОсун эки жолу, Бишкектин СИЗОсун бир жолу көргөн адам катары айта алам. Узарткычсыз жашоо өтө кыйын. Тефаль, тамак жасаган плитка, телевизор, радио, муздаткыч жана башка буюмдарды бир точка менен колдонуш мүмкүн эмес. Камакта олтурган адамдар өздөрү эле кыйналышат. Өздөрү эле киргизип бергиле деп суранышат. Киргизип бербей койсо, ар кандай жолдор менен өздөрү киргизип алышат. Мисалы, телефон колдонгонго дагы болбойт. Бирок телефонду дагы нандын ортосуна, тамак-аштын арасына катып кире беришет. Тинтүү иштери жүрүп, алар алынып турат. Кайра эле киргизе беришет. Жашоо ошентип айланып турат. Ал эми “УКМК өлтүрүп койду” деген акылга сыйбаган күмөн. УКМКга миңдеген адамдар камалып чыгып жатышат. Кимдер гана камалып чыкпады. Баары эле аман-эсен чыгып жатышат го. “УКМК өлтүрүп койду” дегидей, булар же бир коомчулукка таанымал чоң фигуралар болсочу. Жөн гана кылмыш иштери менен камалган адамдар экен. Экинчи маркум банкта иштеген жаш бала болсо, “Айыл банктан” берилген 3,5 миллион доллар кредит кайра кайтпай жаткандыгы боюнча камалган экен. 3,5 миллион доллар оюнчук акча эмес да, бул – элдин акчасы.

— Саламаттыкты сактоо министри үй камагына чыкты, ошол эле учурда башкы прокурор кызматын кайра уланта баштады. Коомчулук болсо бул жерде “соодалашуу жүргөн окшойт” деген күмөн ойлорду билдирүүдө. Анткени алгач бул иште комиссия түзүп, башкы прокурор Курманкул Зулушевди Алымкадыр Бейшеналиев экөөнүн жеке мамилеси бар деген мааниде кызматтан убактылуу четтеттиңиз эле. Иш болсо тергелип бүтө элек да?

— Соодалашуу жүргүдөй мен кимиси менен соодалашам? Эмне деп соодалашам жана эмне үчүн соодалашам? Бир гана максат менен экөөнү тең кызматтан четтеттим. Өзүм үчүн так билип алайын деп, адилеттүүлүк үчүн комиссия түзүп, иликтөө иштерин жүргүздүрдүм. Илгери бала кезибизде бир туугандар бири-бирибиз менен уруша кетсек, атабыз экөөбүздү тең сабап, тынчытып коёр эле. Энем байкуш мага болушуп, “ай Садырда күнөө жок болчу, күнөө тигиде, биринчи ошол баштады” десе атам: “Керкисинде да бар, кемтигинде да бар” деп коёр эле. Анын сыңарындай экөөндө тең күнөө бар. Өтө эле жогорку деңгээлде күнөөгө тартып жиберчү кылмыш эмес болуп чыкты. Бирок экөө тең – эл үчүн, мамлекет үчүн деп күйгөн саясатчылар. Ошон үчүн баш прокурор кайра кызматына кайтты. Ал эми саламаттыкты сактоо министринин иши тергөө иштеринин жыйынтыгына жараша болот.

 “Көчмөндөр мурасы” холдингинин жаңы кеңсеге көчүшү дагы коомчулуктун нааразылыгын туудурду. Кийин басма сөз катчыңыз Эрбол Султанбаев Теңгиз Бөлтүрүк бул чечимин макулдашпаганын билдирди. Негизи эле “Кумтөрдүн” айланасындагы акыркы маалыматтар менен бөлүшө аласызбы?

— Ооба, чындыгында, башка кеңсеге көчүп жаткандыгын биз менен макулдашкан эмес. Кийин териштире келгенде “Көчмөндөр мурасы” холдинги түзүлүп, 70тен ашык кызматкерлер жумушка алынгандыгына байланыштуу эски кеңсеге батпай калгандары менен түшүндүрүштү. Бирок биз дароо жер тилкесин бөлүп берип, жаңы кеңсе салып алгыла дедик. Кудай буюрса, эмдиги жылдары жаңы, өздөрүнө караштуу кеңсеге көчүшөт. Мурда гаражын дагы ижарага колдонуп келишкен экен. Биз Жогорку Кеңештин мурдагы гаражын берип, ижара акысы жеке чөнтөккө эмес, мамлекетке түшсүн дедик.

 Жакында эле мурунку президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге түрмөдөн маек берди. Айтымында, анын жаткан жеринде бардык шарттар түзүлгөн экен: жакындары, тарапташтары ээн-эркин кирип-чыга алышат экен, жаткан жеринде ыңгайлуу шарттар түзүлүптүр. Ушуга карата сиздин оюңуз кандай? Мыйзамга туура келеби? Негизи сиз жаткан убакта сизге ушундай шарттар түзүлдү беле?

— Туура. Мен бийликке келерим менен Алмазбек Шаршеновичке бардык шарттарды түздүрүп бергем. Мага чейин УКМКнын кичинекей ар камерасында жаткан. Мен 47-колонияга котортуп, ээн-эркин басып турсун дегем. Бүгүнкү күнгө чейин каалагандай жашап келе жатат. Үй-бүлөсү, тааныш-билиштери, керек болсо журналисттер кенен-кесири кирип-чыгып жүрүшөт. Муну менен мен “таш менен урганды аш менен ур” деген бабалардын насаатын аткардым. Мен камакта жатканда мунун бири жок болчу. Колониянын башчылары “сиз катуу көзөмөлдө турасыз” деп так секирип качышар эле.

Жакындарым менен бир айда эки жолу гана жолукчумун. Мыйзам чегинде. Жаткан жеримди күн сайын тинтүү жүргүздүрүп турчу. Телефонумду күндүз катып, түнкүсүн колдончумун.

Менин табиятымда өч алуу же кек сактоо деген сапатым жок. Кудайга койдум деп ичимден эле айтып коюп, баарын ошол замат унутуп коём. Болбосо өч алып, ата-энем менен баламдын кунун куусам болот эле. Менин жакындарымды жоготконума Атамбаев күнөөлүү деп айтпайм. Бирок себепчи болгон ушул киши да. 13 бир тууганды небере-чөбөрөлөрү менен бирдей камап, карыган атамдын өзүн таштап коюшуна себепчи болду. Атам өлгөндө топурак салып келүүгө жибербей койду. Кийин энем кетти. Дагы жакшы ал убакта Сооронбай Жээнбеков топурак салып, акыркы сапарга узатып келүүгө мүмкүнчүлүк берди. Андан кийин балам кетти. Албетте, мунун баары Кудайдан. Биз пенделер мындай болсо, андай болбой калат эле же тигиндей болсо, мындай болбой калат эле деп кейий беребиз. Баары Кудайдын буйругу менен болорун сезбейбиз. Себепчилерди күнөөлөй беребиз. Мен чындыгында себепчини дагы күнөөлөбөйм. Баары Кудайдан болорун билем. Бир мисал айтайын. Кудай таалам эмне үчүн тубаса мунжу же сокур-дүлөйлөрдү жаратат? Баарын эле бирдей жаратса эмне болмок деп ойлойсуң. Хадистерде айтып атат: “дени сак адамдарга үлгү болсун деп жараттым” дейт. Буларды көрүп, “Оо Кудай, менин алты санымды аман кылып жаратканыңа шүгүр” десин деп. Пенделер көпчүлүк учурда аны сезбейбиз. Тубаса майыптарды экинчи сорттогу адам сыяктуу карайбыз. Андай кылбашыбыз керек. Ошондуктан мен бийликке келгенде биринчи эле жетимдерге, майыптарга көңүл буруп, тамагын жакшыртып, жөлөк пулдарын көбөйттүм. Дагы да көбөйтөм.

Ошондуктан Атамбаев тобоо деш керек. Баардык сот процесстери бүтсүн, анан чечим кабыл алабыз. Ал да Кудайдын бир макулугу, пендеси. Жаманбы-жакшыбы алты жыл эл башкарды. Өзү айткандай, бир жерин кысып тынч олтуруп турсун. Айтып койгула. Дагы адашып кетип үстөккө-босток кылмыш иштерин башына үйүп албасын.

— Чоң рахмат Садыр Нургожоевич, бизге убакыт бөлүп, суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн. Иштериңизге ийгилик каалайбыз!

— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.

Булак: Кабар

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл болгон видеокамералардын саны эки эсе көбөйтүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде болуп, анда жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо боюнча Ыкчам башкаруу борборунун иши менен таанышты.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл болгон камералардын санын көбөйтүү боюнча мурда берилген тапшырма аткарылгандыгын билдирди.

«Камералардын саны эки эсеге көбөйдү. Эми бардык райондук ички иштер бөлүмдөрү күнү-түнү 24/7 режиминде иштеген көзөмөл камералары менен жабдылып, камералардын санын дагы көбөйтүү пландалууда», – деди ал.

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы «Ураган» фото/видео жазуу аппараттык-программалык комплексинин иштөө принциби менен таанышты. Бул комплекстер автотранспорт каражаттарынын мамлекеттик катталган белгилерин автоматтык түрдө таануу жана эреже бузууларды фиксациялоо аркылуу жол кыймылынын эрежелерин бузууга бөгөт коюунун жана жолдордогу кырсыктардын санын азайтуунун натыйжалуу каражаттарынын бири болуп саналат.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысына Бишкек шаарында жана республиканын аймактарында милициянын участкалык кызматкерлери жабдылган кызматтык планшеттер жана жеке камералар кызматтык максатта кандай колдонулуп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Акылбек Жапаров Ички иштер министрлиги тарабынан борбор шаарды жана аймактарды видеокөзөмөл камералары менен жабдуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттерге оң баасын берип, ал ошондой эле контрабандалык жана эсепке алынбаган товарларды алып кирүүгө жана ташып чыгууга жол бербөө максатында иштелип чыккан программалык камсыздоо интерфейсин жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Асылбек Алтымышбаевдин 110 жылдыгына карата академиктин бюстунун ачылышы жана Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү

24-июнда Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, академик Асылбек Алтымышбаевдин 110 жылдыгына карата академиктин бюстунун ачылышы жана Эл аралык илимий-практикалык конференция менен бирге окумуштуунун илимий мурасына арналган бир катар иш-чаралар болуп өттү.

Конференцияга белгилүү окумуштуулар, саясатчылар, көрүнүктүү коомдук ишмерлер, окумуштуунун шакирттери жана жолун жолдоочулары, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары катышты. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Садырбекович Жуматаев конференцияны ачып берди. КР УИАнын ардактуу академиги Жумагул Сааданбекович Сааданбеков,окумуштуунун кызы, философия илимдеринин кандидаты Жаңыл Асылбековна Алтмышбаева, коомдук ишмер Салават Турдуходжаевич Исхаков академик А.Алтмышбаевдин коомдук ишмер зор илимий жана уюштуруучулук салымы тууралуу эскерүүлөрү жана ой-пикирлери менен бөлүшүштү. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун директору, философия илимдеринин доктору,профессор Саралаев Нур Керимкулович, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору , академик Чолпонкул Исаевич Арабаев, философия илимдеринин доктору Сариева Калбүбү Сариевна, тарых илимдеринин доктору Сулайман Турдуевич Кайыпов, И.Арабаев атындагы КМУнун илимий иштер боюнча проректору, философия илимдеринин кандидаты Эмил Жангорозович Каниметов жана башка көптөгөн окумуштуулар баяндама жасашты.

Асылбек Алтмышбаев – белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргызстандын тунгуч профессионал философу, улуттук интеллигенциянын ичинен биринчилерден болуп 1948-жылы философия боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. 1954-жылы декабрда Кыргыз ССРинин Илимдер академиясы түзүлүп, уюштуруучулардын бири катары Асылбек Алтмышбаев Илимдер академиясынын академиги (күбөлүк № 2) жана Кыргыз ССРи Илимдер академиясынын вице-президенти болуп шайланган. (Кыргыз ССР Илимдер академиясынын президенти, профессор Ахунбаев И. К. кол койгон № 1 буйруктан көчүрмө). Анын демилгеси боюнча 1958-жылдын ноябрь айында Кыргыз ССР илимдер Академиясында философия жана укук бөлүмү уюштурулуп, ал өз кезегинде (өз демилгеси менен) 1964-жылы Философия жана укук институтуна айландырылган, ал эми 1964-жылы май айында анын директору болуп дайындалган. Ал Кыргыз ССР илимдер Академиясын уюштуруучулардын бири катары анын дээрлик бардык мекемелерин уюштурууга, кадрларды тандоого катышкан.

Таласта 30 тонна шекерди селитранын арасына катып Казакстанга алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Таластагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекетинде Казакстанга 30 тонна шекерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 25-июнда казакстандык айдоочунун машинасын текшергенде ал селитра салынган мүшөктөрдүн арасына катып шекер ташып баратканы аныкталган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин айдоочу жана жүк компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилгени маалымдалды.

Кыргызстанда 1-июндан тартып шекерди сыртка алып чыгууга жарым жылга тыюу салынган. Өкмөт бул чечимин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана шекердин баасын туруктуу кармап туруу аракети менен түшүндүргөн.

Май айынын соңунда Кыргызстанда шекер коңшу өлкөгө ташылып жатканы, себеби ал жакта бул азык жетишсиз экени тууралуу сөздөрдөн кийин анын баасы жогорулаган.

Кыргызстанда бизнестин айрым түрлөрүн салыктан бошотуу каралууда

Үй-бүлө мүчөлөрү чогуу жүргүзгөн чакан жана орто бизнестин жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпеген өкүлдөрүн салык төлөөдөн бошотуу каралууда.

Мындай чечим көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) системасын киргизүү маселесин талкуулоо үчүн түзүлгөн жумуш тобунун Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы 26-июнда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, анда ККМ боюнча талап коюу менен катар ишкерлер үчүн эң ийкемдүү шарттар түзүлөрү, алардын арасында маалымдап түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги, себеби көпчүлүгү аппараттарды кантип иштетүүнү түшүнбөй жатышканы айтылды.

Акылбек Жапаров алкоголдук ичимдиктерди, курамында алтыны бар продукцияларды, мунай азыктарын сатуу менен алектенген ишкерлер ККМ аппаратын сөзсүз колдонушу жана эсеп-фактура менен иштөөсү керек болорун баса белгиледи.

Өкмөт ККМ системасын милдеттүү түрдө киргизүү аракетин көрүүдө. Бирок буга каршы ишкерлер бир топтон бери түрдүү нааразылык акцияларын өткөрүп келе жатышат. Алардын талаптарын талкуулоо үчүн курамына Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын жана ККМди милдеттүү түрдө киргизүүгө каршы чыккан ишкерлердин өкүлдөрү кирген жумуш тобу түзүлгөн. Топтун кезектеги жыйыны бир жумадан кийин өтөрү кабарланды.

Муратбек Азымбакиев Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Бүгүн, 19-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Азымбакиев Муратбек Абакирович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Меню