Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

Ооганстан: Жалалабад шаарында атышуу уланууда

Ооганстандын чыгышындагы Жалалабад шаарында куралчан адамдар мамлекеттик телеканалдын имаратына кирип барышкан соң атышуулар уланып жатат.

17-майда Ооганстандын РТА каналынын имаратына бир нече адам чабуул койгон.

Жабырлануучулар жок. Нангархан провинциясынын борборундагы кол салуунун артында кайсы уюм турары белгисиз.

Жалалабад шаарына кол салуу – талиптер бүтүндөй Ооганстан боюнча жазгы чабуулдарын жандандырган маалга туш келди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ Сирия бийлигин түрмөдөгү массалык кыргынга жана сөөктөрдү өрттөөгө айыптады

Президент Дональд Трамптын администрациясы Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтүн түрмөдөн миңдеген адамдарды массалык түрдө өлтүрүп, алардын сөөктөрүн борбор Дамасктын сыртындагы чоң крематорийде өрттөгөнү үчүн айыптады.

АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча башкы дипломаттарынын бири Стюарт Жонстун айтымында, Вашингтон ишенимдүү гуманитардык уюмдардан жана өлкөнүн чалгын жамаатынан алган маалыматтар Дамасктан 45 мүнөттүк жолдо жайгашкан Саедная аскерий түрмөсүндө күн сайын 50дөй адам дарга асылып турганын ишара кылууда.

Жонс абакта өмүрү кыйылган сириялыктардын так санын айткан жок, бирок эл аралык Мунапыс уюмунун быйыл февралдагы баяндамасына шилтеме жасады. Анда аталган түрмөдө 2011-2015-жылдардын аралыгында өлтүрүлгөн адамдардын саны 5 миңден 11 000ге чейин жетери көргөзүлгөн.

Департамент түрмө комплексинин крематорийге ылайыкташкан имаратынын жаңы сүрөттөрүн да жарыялады.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Стюарт Жонс белгилегендей, алардын ишениминде “крематорийдин курулушу Саедная түрмөсүндөгү массалык кыргынды жаап-жашыруу аракетинде жасалган”.

Вашингтон Сирия бийлигин адам укуктарын бузууга айыптап келет. АКШнын маалыматтары боюнча Асаддын күчтөрү бир нече жолу куралдуу оппозицияга химиялык чабуул жасаган. Дамаск бул айыптоолорду четке каккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Акүй: Трамп Лавров менен жашыруун маалыматтарды талкуулаган эмес

Акүй АКШ президенти Дональд Трамп Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров жана элчи Сергей Кисляков менен жолугушуу учурунда жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарган деген маалыматты четке какты.

The Washington Post жана The New York Times гезиттери Вашингтондогу көз карандысыз булактарына таянуу менен Дональд Трамп орусиялык дипломаттар менен жолугушуу учурунда “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна тиешелүү маалыматтарга ээ экенин айткан.

Америкалык гезиттердин ырасташынча, АКШ президенти “Ислам мамлекети” террордук тобу тууралуу жашыруун маалыматтары бөлүшүү менен маалымат берген булакты олуттуу коркунучка кептеген.

Бул маалымат эки гезиттин сайтына жарыялангандан кийин Трамптын улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы, генерал Макмастер маалыматты жокко чыгарган билдирүү жасады. Ал жолугушуу учурунда Дональд Трамп маалыматты топтоо ыкмаларын орусиялык дипломаттар менен талкуулабаганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Чехияда шаардык бийлик Сталиндин "ардактуу атуул" наамын жокко чыгарды

Чехиянын Ческе-Будеёвице шаарынын бийлиги Иосиф Сталинге берилген “Шаардын ардактуу атуулу” наамын жокко чыгарды. Бул тууралуу өлкөнүн коомдук телеканалы кабарлады.

Сталинге аталган наам 1945-жылы ыйгарылган. Аны жокко чыгаруу боюнча талкуулар быйыл жазда башталган. Бирок калаа мэри бул демилгеге каршы чыккан эле.

Ческе-Будеёвице шаарынын “ардактуу атуулу” наамы 118 кишиге берилген. Арасында советтик учкуч Валентина Терешкова да бар. Ал тизмеге 1979-жылы киргизилген. Андан кийин “ардактуу атуул” наамы эч кимге берилген эмес.

Сталинге ыйгарылган бул сыяктуу наамдарды Чехиянын башка ири шаарлары да алып салган.

Пхеньян рекатанын жаңы түрүн сыноодон өткөрдү

Түндүк Корея орто жана алыс аралыкка учуучу ракетанын жаңы түрүн ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн билдирип, ал АКШга чейин жете турганын эскертти.

Түндүк Кореянын KCNA расмий маалымат агенттиги сыноо ракетанын ири өзөктүк сокку урууга дардыгын текшерүүгө багытталганын жазды. Билдирүүгө ылайык, ракетанын учурулушун Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын жеке өзү көзөмөлдөп, Пхеньяндын аскердик дараметтерин эске албай коюу мүмкүн эмес экенин билдирген.

Пхеньяндын 14-майдагы сыноосу эл аралык резонанс жаратты. ЕБ менен НАТО ракетанын учурулушун «эл аралык тынчтык менен коопсуздукка коркунуч» деп атаса, Орусия менен АКШ Корея жарым аралындагы абалдын чыңалуусуна тынчсызданууларын билдиришти.

KCNA агенттигинин маалыматына караганда, ракета 787 чакырымдан алыс аралыкка учуп, 2112 чакырым бийиктикке көтөрүлгөн. Буга чейин мындай маалыматты Түштүк Корея менен Жапониянын расмий адамдары билдиришкен. Ракета Корея жарым аралы, Жапония жана Орусиянын Ыраакы Чыгышынын ортосуна түшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Microsoft WannaCrypt вирусу үчүн NSA жооптуу экенин билдирди

WannaCrypt вирусунда пайдаланылган программалык коддун фрагменттери Улуттук коопсуздук агенттигинин (NSA) компьютердик программаларынан алынган. Бул тууралуу Microsoft компаниясынын директору Брэд Смиттин билдирүүсүндө айтылат.

Өткөн жума күнү дүйнөнүн 150 өлкөсүндө WannaCrypt деп аталган вирус тараган. Ал компьютердеги файлдардын баарын жашырып, аларды калыбына келтирүү үчүн компьютер ээсинен акча талап кылган. Жалпысынан вирустук чабуулга 200 миңге чукул киши кабылган.

Орусияда вирус Ички иштер министрлигинин, Тергөө комитетинин, мобилдик операторлордун жана «Орусия темир жолдору» ишканасынын компьютердик системаларына кирген. Улуу Британияда вирустан мамлекеттик ооруканалар жана башка медициналык жайлар зыян тарткан. Казакстанда болсо Каспий жээгиндеги Кашаган мунай кенинин операторунун серверлерине чабуул жасалган.

Вирустук кол салуудан кийин Улуу Британия бийлиги киберкоопсуздук үчүн кошумча 64 миллион доллар бөлүү чечимин кабыл алды. Ак үйдө бул көйгөйдү эки жолу талкуулоого жетишишти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Голландиялык студенттер Кыргызстан туурасында

Голландия жана Нидерландия деп аталган өлкөдөн 2016-жылы декабрь айларында мага Голландиядагы ХАС университетинин (HAS University of Applied Sciences) агробизнес факультетинин студенти, теги Бразилиялык Фелипе Виллела Кыргызстан жөнүндө, анын жаратылышы жөнүндө кайрылып кат жазыптыр. Нидерландия деген сөз “төмөнкү жер” дегенди билдирет экен. Себеби бул өлкөнүн аймагы деңиз деңгээлинен төрт метрге чейин төмөн.

Мен андан биздин өлкө тууралуу кимден укканын сурадым. Ал Кыргызстан тууралуу аларга сабак берген мугалими Марникс Волтерстин Кыргызстанга болгон сапары тууралуу, укмуштуу кооз өлкө экендигин айтып бергендиги, ошондон бери студенттердин Кыргызстанга болгон кызыгуусу артып, бир курста окугандар жаз айында келүүгө чечим кабыл алышкандыктары жөнүндө катында мага билдирди. Мен ага Арстанбаптын жаңгак-мөмөлүү токойлору, Ысык-Көл, Нарындын кооз жерлери тууралуу жазып жибердим.

Апрель айында Голландиядан 42 студент жана 2 мугалими биздин кооз өлкөбүзгө келишип, болочок кесип ээлери агробизнес болгондуктан Бишкектин айланасындагы күнөсканалар, бал аарычылык иштери, агробизнес биздин өлкөбүздө кандай жүрүп жаткандыгы жана бул багытта келечек муундар кандай билимдерди алып жаткандыктары тууралуу Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин (КУАУ) жүргүзүп жаткан иштери менен ошондой эле анын тажрыйба чарбасына, асыл-тукум чарбаларына барышып болуп жаткан иштери менен таанышышты.

Бишкектен төрт бус менен чыгып Жалал-Абад тарапты көздөй жөнөдүк. Сосновка айылынан өткөндөн кийин тоолорго эрмешкен ийри-буйру жол, кар баскан бийик аскалар, терезеден кирген муздак аба адамдын каңылжарын жарып, көңүл көтөрүлүп, голландиялык студенттер кол телефондоруна айлананы тынымсыз сүрөткө алып жатышты. Төө-Ашууга жакындай бергенде мен айдоочудан келген жолубуз жакшы көрүнө турган бир жерге токтотууну сурандым. Бустан түшкөн студенттер айлананы жаңырта кыйкырып киришти. Төмөн жакты карашып, ушундай бийиктикке бус менен чыккандарына таң калыша тоолордун ак кар баскан чокуларын сүрөткө тарта башташты. Төө-Ашуудагы тешкен тоодон өткөндөн кийин тыныгууга токтодук. Жол четиндеги кар тизеден өтөт. Карды малтай кечишип, карды тоголоктоп бирин-бири уруп киришти. Жолду катар айлана-чөйрөнүн кооздугуна көздөрү тойбой, тарткан сүрөттөрүн социалдык баракчаларына коюшуп, мен мынча “лайк” алдым дешип бири-бирине сүйүнчүлөп отурушту.

Жолдо Токтогул суу сактагыч көлүнүн жээгине азыркы тилде айтмакчы “пикникке” талаада тамактанууга отурдук. Студенттердин кээ бири тамактанууга карабастан дароо чечинип, сууга киришти. Ары-бери сүзүшүп, ырахаттана кыйкырып коюшат. Биз болсо четте “үшүбөйт бекен?” деп аларды карап тамаша кылып турдук.

Кеч кирип, айлана караңгы кирип калганда Арстанбапка келип жеттик. Жамгыр себелеп баштаган экен. Конок үйлөрүнө бөлүнүп, эртең менен кайрадан чогулуп, Кичи шаркыратмага бардык, жолдун жамгырдан сыйгалак болгонуна карабастан андан ары жаңгак-мөмөлүү токойду аралап кетишти. Шаркыратмадан жогору жакта, Арстанбаптыктар “Панорама” деп атаган Арстанбап өрөөнү тегиз көрүнгөн жерден айлананы суктана карап көпкө турушту. Чарчаса да көңүлдөрү көтөрүлүп, Арстанбаптагы жети жүз жылдык эң карт жаңгактын жанына келишип сүрөткө түшүштү

Жаңгак токою боюнча адис, Биология илимдеринин кандидаты Давлет Мамаджанов менен жолугушуу болуп, жаңгак токою тууралуу маалыматтарды алышып, көптөгөн суроолорду беришти. Кыргыз жаңгагынын эмне үчүн орус тилинде дайыма грек жаңгагы деп аталып калышы тууралуу маалыматты алышты.

Кийинки күндөрү Сузак районундагы айылдарда химиялык жер семирткичтерди колдонбостон, табигый жер семирткичтерди колдонушуп жашылча-жемиштерди өстүрүп жатышкан жергиликтүү фермерлердин иштерин көрүшсө, кийинки күндөрү Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорунда дыйкандардын эрте бышчуу картошка, капуста, бадыраң, сарымсактар эгилген аянттарына барышты.

Кыргызстанга келген чет өлкөлүк студенттерге кандай таасир калтыргандыгы тууралуу алар менен чакан маек уюштурдук.

Марникс Волтерс, ХАС университетинин илимий иштер боюнча окутуучусу, Голландиядан:

“Мен 3 жыл мурда Кыргызстанда болуп кеткем. Мага Кыргызстандын эли, жаратылышы аябай жаккан”

— Биздин студенттердин Кыргызстанга келишинин максаттарынын бири, биздин университетте агробизнес, тамак-аш, багбанчылык, жаратылыш, жашылдандыруу боюнча окуу бөлүмдөрү иштейт. 2-курстун студенттери үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын үйрөнүү жана тажрыйба алмашуу үчүн түрдүү өлкөлөргө студенттерди уюштуруп, саякат-окууларды өткөрөбүз. Быйыл Кыргызстанды тандап алдык. Мен 3 жыл мурда Кыргызстанда болуп кеткем. Мага Кыргызстандын эли, жаратылышы аябай жаккан. Сабак учурунда студенттерге Кыргызстандын эли, жаратылышы тууралуу айтып бергенимде алар аябай кызыгып калышты.

Биздин идеябызды университеттин администрациясы да колдоду. Жол кире, жашообузга университет каражат бөлүп берди. Биз Кыргызстанда кайсы уюмдарга барып жолугуу үчүн аларды интернеттен издеп таап алар менен байланыштык. Кыргызстандагы жергиликтүү фермерлер, Кыргыз Улуттук Агрардык Университети, Германия Эл аралык кызматташуу агентствосу, бал аарычылар ассоциациясы, асыл тукум мал чарбачылыгы, Оштогу TES-борбор, Хельветас уюму, Жалал-Абад жана Ош областтарындагы фермерлер менен байланышып, алардын иш тажрыйбалары менен тааныштык.

Мен мурда Кыргызстанда кеч күздө жана кыш мезгилинде болгом. Ошол кезде кар жаап, айлана аппак болчу. Кыргызстандын жазында көрүүнү кааладым. Кыргызстан-өтө кооз, укмуш өлкө. Кыргызстанды бардыгы жакты. Өкүнгөнүм кыргыз же орус тилдерин билбегендигим болду, эл менен алардын тилинде өзүм пикир алыша албадым. Элдин өзү менен алар сүйлөгөн тилде сүйлөшсөң кандай жакшы жактары, кандай жетишпегендиктери бар экенин билесиң. Жолдор мындан үч жыл мурда жакшы болчу, бирок мага жол маанилүү эмес, Кыргызстандын жаратылышы, элинин мамилеси маанилүү.

Роджер Ваттс, ХАС университетинин эл аралык тамак-аш жана агробизнес боюнча окутуучусу, Канададан:

“Кыргызстан мени өзүнүн кооздугу менен аябай таң калтырды”

— Кыргызстан мени өзүнүн кооздугу менен аябай таң калтырды. Укмуштуудай кооз экен. Айыл чарбасы боюнча КУАУда, анын тажрыйба чарбасында болдук. Фермерлер күнөсканаларды иштетишип, шаардыктарды жыл бою жашылча-жемиштер менен камсыздап турат экен. Малдардын сапаттарын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жакты. Араван жана Кара-Суу райондорунда эрте бышчу картошкаларды эккен аянттарда болдук. Адамдар аябай меймандос, кичи пейил экен, башка жактарда мындай меймандостукту кезиктирбейсиң. Тил билбегендигимден адамдар менен кеңири пикир алыша албадым. Кийинчерээк мүмкүнчүлүгүм болсо дагы келем.

Фелипе Виллела, ХАС университетинин эл аралык тамак-аш жана агробизнес бөлүмүнүн студенти, Бразилиядан:

“Мага Кыргызстанда бардыгы жакты, айрыкча жаратылышы”

— Мага Кыргызстанда бардыгы жакты, айрыкча жаратылышы. Бир күндө эле жазды, кышты, жайды көрдүм. Өзгөчө жакканы жаңгак токойлору болду. Токойдо бир гана жаңгак өспөстөн, жапайы алмалар, алчалар, башка дарактардын өскөнү да мага кызык көрүндү. Токойду коргоо жана сактоо керек. Мындай кооз табийгатты, токойлорду башка жактардан көргөн эмесмин.

— Бразилия менен Кыргызстандын ортосунда кандай айрымачылыктар бар экен?

— Бразилия тропикалык өлкө. Жыл мезгилдеринде айрымачылыктар бар. Бул жердин адамдарынын куулук-шумдуктары жок, сылык, меймандос экендиги жакты. Мага жаңгак боюнча окумуштуу Давлет Мамаджановдун жаңгак токойлору жөнүндө айткан маалыматтары жакты. Окууну бүткөндөн кийин жаңгак токоюна, “жаңгак докторуна” (Д. Мамаджанов) келип, токойду дагы жакшыртып, адамдарга жана токойго пайда алып келе турган пландар менен келем. Жаңгак токою өтө жакты. “Жаңгак доктору” менен байланышта болуп, келечектеги пландарды биргелешип иштеп чыгабыз.

Наоми Бернс, ХАС университетинин эл аралык тамак-аш жана агробизнес бөлүмүнүн студенти, Мозамбиктен:

“Мындай бийик ак карлуу тоолорду өмүрүмдө биринчи жолу көрүшүм”

— Мен Кыргызстанда айыл чарбасы жөнүндө семинарларга катыштым. Жашылчаларды сактоочу кампада, күнөсканаларда болдум. Көп иштер кол менен жасалат экен. Адамдардын мээнеткечтиги, ак көңүлдүүлүгү, меймандостугу жакты. Бишкектен Арстанбапка он эки саат жол жүрүп, бийик тоолорду көрдүм. Мындай бийик ак карлуу тоолорду өмүрүмдө биринчи жолу көрүшүм. Токтогул суу сактагычында сууга түштүк. Арстанбаптын жаңгак токойлору ажайып экен.

Мозамбик да жаңы өнүгүп келе жаткан өлкө. Кыргызстан менен экономикалык жана инфраструктурасы жагынан окшоштуктары бар экен. Жаратылышынын кооздугу, бир жеринде кыш болсо, өрөөндөрдө жапжашыл чөптөр өсүп, жайнаган гүлдүү талааларды көрдүк. Бул көргөндөрүбүздү досторубузга, тааныштарыбызга, ата-энелерибизге айтып беребиз.

Сандра Кайза, ХАС университетинин эл аралык тамак-аш жана агробизнес бөлүмүнүн студенти, Германиядан:

“Швейцариянын тоолору да бийик, бирок Кыргызстандын тоолору андан да бийик экен”

— Менин биринчи көргөнүм Кыргызстандын жаратылышы болду. Бус менен жол жүрүп Төө-Ашуу ашуусун аштык. Тоонун чокусуна чыкканда суук экен, үшүдүк, бирок аябай жагымдуу сезилди. Бишкекте жүргөндө күн ысык болуп күнгө күйдүк. Кыргыз элинин меймандостугу, ачык-айрымдуулугу жакты. Бардыгы биз менен сүйлөшүүнү каалашты, бирок тил жагынан кыйналдык. Жардам берүүгө дайым даяр экендиктери жүздөрүнөн көрүнүп турду. Тамак-аштары аябай даамдуу экен. Мейманканада бут кийимиңди кире бериш бөлмөдө чечип кирген адаты жакты, бөлмө таза бойдон турат экен. Мен мындай бийик тоолорду көргөн эмесмин. Кыш мезгилинде миң чакырым жол басып Швейцарияга лыжа тепкени барабыз. Швейцариянын тоолору да бийик, бирок Кыргызстандын тоолору андан да бийик экен.

Булак: “Жаңы Ордо”

Атамбаев Кытайда жолго байланыштуу долбоорлорду талкуулады

Президент Алмазбек Атамбаев Бээжинге жасаган иш сапарынын алкагында Кытайдын Жол жана көпүрөлөрдү куруу боюнча мамлекеттик корпорациянын төрагасы Лу Шан менен жолукту.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясаты бөлүмүнөн кабарлагандай, тараптар “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолун, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорлорду, андан тышкары Бишкектеги автожолдорду жаңылоо маселелерин талкуулады.

Президент Алмазбек Атамбаев башында турган кыргызстандык делегация Кытайга 13-майда барды. Алар учурда Бээжиндеги “Бир алкак – бир жол” форумуна катышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кытай кызматташуунун жаңы моделин түзүүгө чакырды

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Азия менен Европада террорчулукка каршы күрөшүүдөн тарта каржы саясатына чейинки түрдүү тармактар боюнча тыгыз кызматташуунун жаңы моделин түзүүгө чакырды.

Ал мындай билдирүүсүн 14-майда, «Бир алкак — бир жол» форумунун алкагында сүйлөп жатып билдирди. Улуу Жибек жолун жандандырууга багытталган ал иш-чарага 29 өлкөнүн лидери чогулган.

Кытай темир жолдор, порттор жана индустриалдык парктар аркылуу Пекинди Африка жана Европа менен байланыштырууга багытталган бул демилгеге 124 миллиард доллар бөлүүнү убада кылды.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган катышкан жыйында сүйлөп жатып Си Цзинпин бул долбоордун максаты Кытайдын дүйнөдөгү таасирин күчөтүү эместигине ишендирди.

Эки күндүк форумга катышкандар арасында Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш, Эл аралык валюта корунун башчысы Кристин Лагард жана Дүйнөлүк банктын президенти Жим Ен Ким да бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

"Манчестер Юнайтед" менен "Аякс" Европа Лигасынын финалына чыкты

Европа футбол Лигасынын жооптук жарым финалы өттү. Анын жыйынтыктары УЕФА сайтына жарыяланды.

“Манчестер Юнайтед” өз талаасында “Сельта” менен ойноп 1:1 эсебинде теңме-тең аяктады. Алгачкы оюнда “Юнайтед” 1:0 эсеби менен утуп чыккан, эки оюндун жыйынтыгы аркылуу ал финалга чыкты.

“Аякс” жарым финалда “Лион” менен ойноп,1:3 эсебинде утулуп калган. Биринчи оюнда “Аякс” 4:1 эсебинде уткандыктан, 2:0 менен турнирдин финалына жолдомо алды.

Европа Лигасынын финалдык беттеши 24-майда Стокгольмдо өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню