Menu

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ

БУУ: Сирия менен Иракты минадан арылтууга ондогон жылдар керек

БУУнун экспертинин пикиринде, Сирия менен Ирактагы миналарды, колго жасалган жардыруучу заттарды жана жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу үчүн 40-50 жыл керектелет. Бул тууралуу БУУнун миналарды зыянсыздандыруу боюнча кызматынын башчысы Агнес Маркайю билдирди.

Маркайюнун билдирүүсү Идлибде 58 кишинин өмүрүн алган ыктымалдуу химиялык чабуул тууралуу маалымат чыккан учурга туш келди.

Маркайюнун айтымында, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочуларынан бошотулган Ирактын райондорун миналардан, жардыруучу заттардан арылтуу үчүн жылына 180 миллион доллар керектелет. Алардын ичинен 50 миллиону эле Мосулду зыянсыздандырууга жумшалат.

Эксперттин пикиринде, Ирактагы иштердин аткарылышын көзөмөлдөөнү соңунда бул өлкөнүн өкмөтүнө берүү керек. Ал Сириядагы коопсуздукту камсыздоо үчүн болуп көрбөгөндөй аракет жана ири каражат зарыл экенин кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамп Путинге көңүл айтты

КШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путинге телефон чалып, Кошмо Штаттар Санкт-Петербургдагы жардырууга күнөөлүлөрдү жоопкерчиликке тартууда Орусияны толук колдой турганын билдирди. Санкт-Петербург метросундагы 3-апрелдеги теракттан 11 адам мерт кетип, дагы 45 киши жаракат алган.

Ак үйдүн 3-апрелдеги билдирүүсүндө күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууда Кошмо Штаттар толук колдоо көрсөтө тургандыгы айтылат.

“Трамп менен Путин терроризмди чечкиндүү түрдө жана тез арада жеңүү керектиги менен макул болушту”, – деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Ал Трамп жардыруудан жабыркагандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтканын кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Экзитпол: Армениядагы шайлоодо башкаруучу партия алдыда

Жекшемби, 2-апрелде Арменияда парламенттик шайлоо болду. Бул өлкө парламенттик башкаруу формасына өткөндөн берки алгачкы добуш берүү жараяны. Башкаруучу республикалык партия башка сегиз партия жана альянс менен ат салышты.

Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 61 пайызы добуш берүүгө катышканын билдирди. Экзитполдорго караганда, президент Серж Саргсяндын башкаруучу Республикалык партиясы добуштардын 46 пайызын топтоо менен алдыда. Өлкөдөгү таасирдүү бизнесмен, оппозициячы Гагик Царукяндын блогун шайлоочулардын 25 пайызы колдоодо. Мындан тышкары парламентке 10 пайыз менен “Елк” блогу, 5 пайыз менен “Дашнакцутюн” партиясы дагы өтүшү ыктымал. Жеңишти камсыздоо үчүн партиялар 5 пайыздык, блоктор 7 пайыздык бөгөттү багындырышы керек.

Бул арада добуш берүү маалында жүздөгөн арыздануулар келип түштү. Бул тууралуу жарандык активисттер кабарлашты. Бирок башкаруучу партия жапырт мыйзам бузуу жок экенин билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Астана, Баку жана Тбилиси Транскаспий коридорун ишке ашырууну талкуулоодо

Грузия, Азербайжан жана Казакстан өкүлдөрү Транскаспий транспорт коридорунун алкагында келишим түзүштү. Бул тууралуу Trend агенттиги билдирүүдө. 1-апрелде Бакуда “Транскаспий транспорт коридору” эл аралык ассоциациясынын юридикалык жактарынын шериктештигинин жыйыны өттү.

Тараптар транспорттук коридорду өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун курамын, 2017-жылы аткарыла турган иштердин планын, Шериктештиктин уставын, эн белгисин бекитишти.

Эл аралык Транскаспий транспорт каттамы (ТМТМ) – Баку- Ахалкалаки- Карс темир жолунун бөлүгү. Ал Евразиянын логистика, экономика жана тышкы саясатына олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келет. ТМТМ Кытай, Казакстан, Азербайжан, Грузия жана андан ары Түркия менен Украина аркылуу Европага өтөт. Долбоор ишке ашса, Азиядан Европага жүктөрдү үч эсе ылдам жеткирүүгө жана жалпы чыгымдарды кыскартууга шарт түзүлөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамп: АКШ Түндүк Корея боюнча өз алдынча аракет көрүүгө даяр

АКШ президенти Дональд Трамп эгер Кытай  позицияны кармана албаса, анда Кошмо Штаттар Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча өз алдынча аракет көрүүгө даяр экенин билдирди. Мындай билдирүүнү Трамп «Файнэншл таймс» басылмасына берген маегинде жасады. 6-7-апрель күндөрү АКШ президенти Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди Флоридада кабыл алат.

“Кытайдын Түндүк Кореяга таасири өтө чоң. Кытай Түндүк Корея маселесинде бизге жардам бериши да, бербеши да мүмкүн. Эгер алар жардам берсе Кытайга жакшы болот, жардам бербесе ал эч кимге пайда алып келбейт”, – деди АКШ президенти.

Трамп Кошмо Штаттар Түрдүк Кореядагы абалга Кытайдын жардамысыз эле реакция жасай ала турганын айтты. Бирок ал бул маселе боюнча кандай аракеттерди көрүшү мүмкүндүгүн тактап айткан жок.

Трамп менен Синин АКШдагы жолугушуусунда Кореядагы абалдан сырткары Түштүк-Кытай деңизиндеги соода жана аймактык талаш-тартыштардын талкууланары күтүлүүдө. Шайлоо өнөктүгү маалында Трамп Кытайды абийирсиз соода практикасына айыптап, кытай товарлары үчүн импорттук төлөмдөрдү жогорулата турганын айткан. Андан сырткары Пекинди «валюталык манипулятор» деп да атаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Туск Brexit тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча сунуштарды жарыялады

Улуу Британия 2019-жылы Европа биримдигинен чыккандан кийин уюм Лондон менен жаңы келишим түзүүгө даяр.

Европа биримдигинин башчысы Дональд Туск Лондон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу документтин долбоорун ЕБдин бардык 27 мүчөсүнө жөнөтөт. Кийин ал 29-апрелдеги саммитте каралат.

29-мартта британ премьер-министри Тереза Мэй өлкө биримдиктен чыга тургандыгы жөнүндө Брюсселге расмий билдирүү жөнөткөн.

Германия жана Франция Британия менен алгач анын уюмдан чыгуу шарттарын макулдашып алып, андан кийин гана жаңы келишим түзүү мүмкүндүктөрүн талкуулоо керектигин билдирди. Лондон болсо бул эки маселе боюнча сүйлөшүүлөр бир учурда жүрүшү керектигин билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ Сенатынын угууларында Орусияны шайлоого кийлигишкен деп айыпташты

АКШ Сенатынын чалгындоо комитетинин төрага орун басары Марк Уорнер Орусия бийлигин өткөн жылдагы америкалык шайлоонун жүрүшүнө кийлигишкен деп айыптады.

Бул тууралуу сенатор Орусиянын шайлоого кийлигишүү ыктымалдыгы жана Дональд Трамптын Москва менен болгон ыктымал байланышы боюнча угуулар маалында билдирди.

Чалгындоо комитетинин башчысы Ричард Баррдын айтымында, киберчабуулдар тууралуу миңден ашык документ алынган. Аларды иликтеп чыгуу үчүн дагы бир нече жума керектиги болжолдонууда.

6-январда АКШнын чалгындоо кызматы Орусия президенти Владимир Путин Дональд Трампка жардам берүү жана Америкадагы президенттик шайлоого таасир этүү үчүн хакердик кампания жүргүзүүгө буйрук бергендигин билдирген. Кремль киберчабуулдарга тиешеси бардыгын четке кагып келет.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Түштүк Кореяда коррупция иши боюнча мурдагы президент камалды

Сеул соту Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хени камакка алуу чечимин чыгарды. Мурдагы мамлекет башчы жемкорлукка байланыштуу жаңжалдан улам марттын ортосунда кызматтан кеткен.

Прокуратура Пак Кын Хени пара алуу үчүн кызмат абалын жана президент деген макамын ашкере пайдаланган, ошондой эле мамлекеттик жашыруун маалыматтардын ачыкка чыгуусуна жол берген деп айыпталган. Бул ишке байланыштуу ал марттын ортосунда кызматтан кеткен.

Пак Кын Хеге карата импичмент жарыялоого анын ММКлар тарабынан ири компаниялардын топ-менеджерлерине басым жасап, айрым маселелер боюнча өкмөттүн макулдугу үчүн аларды ондогон миллион долларды берүүгө мажбурлаган деп айыпталышы себеп болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

АКШ эми Сирия президентинин отставкасына кызыкдар эмес

Сирия маселесинде Дональд Трамптын администрациясы үчүн президент Башар Асадды бийликтен кетирүү эмес, өлкөдөгү гуманитардык каатчылыкты жеңилдетүү боюнча Вашингтон менен кызматташууга даяр өнөктөштөрдүү табуу маанилүү. Бул тууралуу АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли билдирди.

Бейшембиде Асад тууралуу суроо Түркияда иш сапары менен жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсонго да узатылган. Жооп катары ал дагы учурдагы администрация Асаддын отставкасын мурдагы президент тушундагыдай талап кылбай турганын билдирди. “Анын саясий тагдырын келечекте сирия эли өзү чечет”, – деди ал.

Администрациянын позициясынан айырмаланган көз карашын Сенаттын Куралдуу күчтөр комитетинин төрагасы, республикачы Жон Маккейн билдирди. Анын айтымында, сириялыктар аёсуз өлтүрүлүп жаткан чакта өз мамлекетинин түзүлүшү маселесин өз алдынча чече албайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Вышеград төртилтиги качкындар маселесинде ЕБ басым жасап жатканын билдирди

Вышеград төртилтигине кирген өлкөлөр — Польша, Венгрия, Чехия жана Словакия качкындарды кабыл алуу маселесинде Европа биримдигинин жетекчилиги аларга басым жасап жатканын билдиришти.

Варшавадагы жолугушууда венгр премьер-министри Виктор Орбан миграция саясатынын шарттарын «таңуулоо» үчүн Брюссель каржы агымдарынын бөлүштүрүлүшүн пайдаланып жатканын билдирди. Ал бозгундар тууралуу Түркия менен макулдашууга азыраак көз каранды болуу үчүн Сербия чек арасында транзисттик аймактарды түзүү керектигин айтты.

Жолугушууга катышкан калган саясатчылар Брюсселдин квоталары боюнча башкалка сурагандарды кабыл алуудан баш тарта тургандыктарын ырасташты. Польшанын премьер-министри Беата Шидло Евробиримдиктин миграциялык саясатынын начардыгы көрүнүп турганын белгилеп, аны өзгөртүү керектигин айтты.

2015-жылы Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн көбү мигранттардын Европага болгон жапырт агымын жөнгө салуу үчүн качкындарды жайгаштырууга квоталарды киргизүү тууралуу макулдашкан. Анда демилгеге Венгрия, Чехия, Словакия, Польша жана Хорватия каршылыгын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню